Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!

 16-БӨЛҮМ

Сыйынуу үчүн чогулуу

Сыйынуу үчүн чогулуу

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Жолугушуулардын тарыхы жана маанилүүлүгү

1. Шакирттер качан чогулушкан? Аларга эмне берилген жана ага эмне үчүн муктаж болушкан?

ИСА пайгамбар тирилгенден көп өтпөй шакирттер бири-бирин кубатташ үчүн чогулушкан. Бирок душмандардан коркуп, эшикти бекитип алышкан эле. Бир маалда Иса Машаяк пайда болуп: «Ыйык рухту кабыл алгыла»,— дегенде, алардын коркунучу буудай тарап кеткен. (Оку: Жакан 20:19—22.) Алар кийинчерээк дагы бир жолу чогулушканда, Жахаба ыйык рухун төккөн. Бул аларга алдыдагы кабар айтуу ишин аткарууга дем-күч бергени шексиз (Элч. 2:1—7).

2. а) Жахаба бизди кантип бекемдейт жана буга эмне үчүн муктажбыз? б) Үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүү эмне үчүн маанилүү? (Шилтемени жана « Үй-бүлө менен сыйынуу кечи» деген кутучаны карагыла.)

2 Биз да 1-кылымдагы шакирттердикиндей кыйынчылыктарга туш болобуз (1 Пет. 5:9). Биздин деле элден корккон учурларыбыз болот. Андыктан кабар айтуу ишин туруктуулук менен аткарыш үчүн Жахабанын колдоосуна муктажбыз (Эф. 6:10). Ал бизди көбүнчө жыйналыштар аркылуу бекемдейт. Учурда биз жума сайын 2 жолугушууга — жалпыга арналган жолугушууга, «Күзөт мунарасын» изилдөөгө жана иш күндөрү өткөрүлгөн Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусуна — катыша алабыз *. Бул жолугушуулардан биз пайдалуу нерселерди үйрөнөбүз. Ошондой эле жыл сайын региондук жыйынга, 2 райондук жыйынга жана Эскерүү кечесине барабыз. Ушул жолугушууларга катышуу эмне үчүн маанилүү? Жолугушууларыбыздын тарыхы кандай болгон? Аларды баалаганыбыз эмнени далилдеп турат?

Эмне үчүн чогулуп турабыз?

3, 4. Жахаба элинен эмнени талап кылган? Мисалдарды келтиргиле.

3 Жахаба байыртадан эле элинен сыйынуу үчүн чогулуп турууну талап кылып келген. Алсак, ал б.з.ч. 1513-жылы ысрайыл элине Мыйзамын берген. Алардын бирине ылайык, ар бир үй-бүлө Кудайдын мыйзамдарын үйрөнүү, чогуу сыйынуу үчүн жума сайын ишемби күндү белгилеп турууга тийиш болчу (Мыйз. 5:12; 6:4—9). Анын аркасында үй-бүлөлөр бекем болгон. Жалпы эл болсо Кудайдын алдында өзүн таза сактап, аны менен ынак мамиледе болгон. Ал  эми ал мыйзамды аткарбай калышканда Кудайдын ырайымынан айрылып калышчу (Леб. 10:11; 26:31—35; 2 Жылн. 36:20, 21).

4 Иса Машаяк бул жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал ишемби сайын синагогага бара турган (Лк. 4:16). Ал эми анын шакирттери, ишембиге байланыштуу мыйзам күчүн жоготсо да, сыйынуу үчүн дайыма чогулуп турушкан (Элч. 1:6, 12—14; 2:1—4; Рим. 14:5; Кол. 2:13, 14). Андай жолугушууларда алар билим алып, ишенимин бекемдегенден тышкары, тиленип, жооп берип, ырдап, Кудайга мактоо курмандыгын алып келишчү (Кол. 3:16; Евр. 13:15).

Шакирттер бири-бирин кубаттап, бекемдеш үчүн чогулуп турушкан

5. Жолугушууларга жана жыйындарга эмне үчүн барабыз? (« Кудайдын элин бириктирген жыйындар» деген кутучаны да карагыла.)

5 Биз да жума сайын жыйналышка, ал эми жыл сайын жыйындарга барганда Падышалыкты колдоорубузду көрсөтөбүз, ыйык рух алып, күчкө толобуз жана жоопторубуз менен бир туугандарды бекемдейбиз. Баарынан маанилүүсү, андай жолугушууларда тиленип, жооп берип, ырдап, Жахабага сыйынабыз. Жолугушууларыбыздын кандай тартипте өткөнү ысрайылдыктардыкынан жана 1-кылымдагы шакирттердикинен айырмаланса да, ошол учурлардагыдай эле маанилүү болуп эсептелет. Анда жолугушуулардын тарыхына кыскача токтололу.

«Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөгөн» жолугушуулар

6, 7. а) Жолугушууларыбыз кандай максатта өткөрүлөт? б) Мурун жолугушуулар бирдей тартипте өткөрүлчү беле?

6 Рассел бир тууган Кудайдын Сөзүн терең изилдей баштаганда Кудайга сыйынгысы келгендердин чогулуп турушу керектигин түшүнгөн. Ал 1879-жылы: «Биз — Питсбургда  жашаган, чындыкты билгиси келген кишилер — Ыйык Китепти изилдөө үчүн чакан топ уюштуруп, ар жекшембиде чогулуп жатабыз»,— деп жазган. «Сион күзөт мунарасынын» окурмандары да ошондой кылууга чакырылышкан. Ошентип, 1881-жылга чейин жолугушуулар Питсбургда (Пенсильвания) шаршемби, жекшемби күндөрү өткөрүлө баштаган. «Күзөт мунарасынын» 1895-жылдын ноябрындагы санында жолугушуулардын «бир туугандардын ортосундагы мамилени, сүйүүнү, биримдикти чыңдоо» жана бири-бирин кубаттоого шарт түзүү максатында өткөрүлөрү жазылган. (Оку: Еврейлер 10:24, 25.)

7 Көп жыл бою Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн топторунда жолугушуулардын кандай тартипте, канча жолу өткөрүлгөнү бири-бириникинен айырмаланып келген. Маселен, АКШдагы бир топтун 1911-жылы басылып чыгарылган катында: «Биз жумасына, бери дегенде эле, беш жолу чогулабыз»,— деп жазылган. Алар дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү бир жолу, жекшемби күнү эки жолу чогулуп турушчу. Ал эми Африкадан келген, 1914-жылы журналга чыккан бир катта: «Биз жолугушууларды айына эки жолу өткөрөбүз. Алар жума күнү башталып, жекшемби күнү бүтөт»,— делген. Бара-бара жолугушууларды өткөрүү тартиби өзгөрүп, азыркыдай өткөрүлө баштаган. Келгиле, ар бир жолугушуунун таржымалына токтололу.

8. Жалпыга арналган алгачкы баяндамалардын темалары кандай болгон?

8 Жалпыга арналган жолугушуу. «Сион күзөт мунарасы» чыга баштагандан бир жыл өткөндөн кийин, 1880-жылы, Рассел бир тууган Иса Машаяктын үлгүсү боюнча, жер-жерлерди кыдырып, кабар айта баштаган (Лк. 4:43). Ошентип, ал жалпыга арналган жолугушууларга чыйыр салган. «Күзөт мунарасына» анын шаарларды кыдырып, «„Кудайдын Падышалыгына тиешелүү нерселер“ деген баяндама айтары» кулактандырылган. 1911-жылы бир нече өлкөдө жыйналыштар уюшулгандан кийин ар бир жыйналыш ылайыктуу баяндамачыны коңшу жыйналыштарга жиберүүгө чакырылган. Алар сот күнү жана кун жөнүндөгү 6 баяндаманын бирин айтып беришчү. Баяндамачылар кийинки жумада кайсы бир тууган, кайсы баяндаманы айтарын кулактандырып турушчу.

9. Жалпыга арналган жолугушуу кандайча өзгөрүп келген? Сен ал жолугушуунун өтүшүнө кандай салым кошо аласың?

9 1945-жылы «Күзөт мунарасында» жер-жерлерде жалпыга арналган жолугушуулар өткөрүлүп, «учурдагы олуттуу көйгөйлөр» жөнүндө 8 баяндама айтылары кулактандырылган. Дайындалган баяндамачылар ишенимдүү кул даярдаган баяндамалардан тышкары, өздөрү түзгөндөрдү да бир топ жыл бою айтып келишкен. Бирок 1981-жылы жыйналыштарга жиберилген баяндамалардын пландары гана колдонулушу  керектиги айтылган *. 1990-жылга чейин жалпыга арналган баяндамалар демонстрациялар менен коштолуп, угуучулар да катышчу. Бирок ошол жылы жаңы көрсөтмө берилип, жалпыга арналган баяндамалар сөз катары айтыла баштаган. Ал эми 2008-жылы январдан баштап алардын убактысы 45тен 30 мүнөткө кыскарган. Жалпыга арналган жолугушуунун тартиби өзгөрүп келсе да, жакшы даярдалган баяндамалар Кудайдын Сөзүнө болгон ишенимибизди бекемдеп, Падышалыкка байланыштуу көп нерселерди ачып берип келет (1 Тим. 4:13, 16). Кабарга кызыккандарды жана башкаларды Ыйык Китепке негизделген баяндамага чакырууга дилгирсиңби?

10—12. а) «Күзөт мунарасын» изилдөөдө кандай өзгөрүүлөр болгон? б) Кайсы суроолор жөнүндө ойлонгонуң дурус?

10 «Күзөт мунарасын» изилдөө. 1922-жылы кыдыруучулар, атап айтканда, жыйналыштарга баяндама айтып, кабар айтуу ишин жетектөө үчүн жиберилген бир туугандар «Күзөт мунарасын» өзүнчө жолугушууда изилдөөнү сунушташкан. Ал сунуш кабыл алынып, «Күзөт мунарасын» изилдөө жуманын ортосунда же жекшемби күнү өткөрүлө баштаган.

«Күзөт мунарасын» изилдөө, Гана, 1931-жыл

11 «Күзөт мунарасынын» 1932-жылдын 15-июнундагы санына бул жолугушууну кандайча өткөрүү керектиги жазылган. Макалада жолугушууну, Бейтелдеги тартип боюнча, бир бир тууган алпарары, үч бир тууган алдыга отуруп, абзацтарды кезектешип окуп берери айтылган. Ал кезде макалаларда суроолор жок болгондуктан, алпарган бир тууган угуучуларга окулган абзацка байланыштуу суроо берсе болорун айтчу. Анан жооп бергиси келгендерди сурап, эгер ойду айкыныраак ачып берүү керек болсо, өзү кыскача түшүндүрүп берчү.

 12 Башында ар бир жыйналыш көпчүлүк изилдегиси келген макаланы тандай турган. Бирок «Күзөт мунарасынын» 1933-жылдын 15-апрелиндеги санына бардык жыйналыштарга жаңы чыккан журналды изилдөө керектиги айтылган. 1937-жылы болсо бул жолугушуу жекшемби күнү өткөрүлсүн деген жетекчилик берилген. «Күзөт мунарасынын» 1942-жылдын 1-октябрындагы санында жазылган тартипке биз бүгүнкү күнгө чейин карманып келебиз. Журналда ар бир изилдөө макаласынын ылдый жагына чыга турган суроолорду колдонуу керектиги жана жолугушуунун бир саатка созулары кулактандырылган. Ал эми угуучулар абзацты жөн эле окуп берип койбой, «өз сөзү менен» жооп берүүгө чакырылышкан. «Күзөт мунарасындагы» изилдөө макалалары ишенимдүү кул өз убагында берген билимдин негизги булагы болуп келет (Мт. 24:45). Андыктан ар бирибиздин: «„Күзөт мунарасына“ жума сайын даярданамбы? Жооп берүүгө аракет кыламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

13, 14. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү кандайча өткөрүлүп келген жана ал сага эмнеси менен жагат?

13 Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү. 1890-жылдардын орто ченинде, «Миң жылдыктын таңкы жарыгынын» бир нече тому чыккандан кийин, Балтимордо (Мэриленд штаты) жашаган Ран бир тууган Ыйык Китепти изилдөө үчүн «Таңкы жарык» ийримдерин уюштурууну сунуш кылган. Мунун кандай натыйжа берерин билиш үчүн бир туугандар аны адегенде үйлөрдө өткөрө башташкан. 1895-жылдын сентябрына чейин «Таңкы жарык» ийримдери АКШнын көптөгөн шаарларында өткөрүлүп, жакшы натыйжа берген. Андыктан «Күзөт мунарасынын» ошол айдагы санында бардык бир туугандар аны өткөрө баштоого чакырылышкан. Ийримди жетектегендер сабаттуу окуган бир туугандардан тандалышы керек болчу. Алар бир сүйлөм окуп, угуучулардын оюн угушчу. Ар бир сүйлөм окулуп, талкуулангандан кийин, ийримди жетектеген бир тууган аяттарды окуп бере турган. Бөлүмдүн аягында угуучулардын ар бири өз оюн кыскача айтчу.

14 Бул жолугушуунун аталышы бир нече жолу өзгөргөн. Мисалы, ал бир учурда, Ыйык Жазманы кылдат изилдеген бероялыктардын үлгүсүнө ылайык, Ыйык Китепти изилдөө боюнча бероялыктар ийрими дегенге өзгөргөн (Элч. 17:11). Кийин жыйналыштын китеп изилдөөсү деп аталып калган. Азыр жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү деп аталып, үйлөрдө эмес, Падышалык залында өткөрүлөт. Бул жолугушууда ондогон жылдар бою ар кандай китептер, китепчелер, атүгүл «Күзөт мунарасындагы» макалалар изилденип келген. Жыйналышка келгендердин баары башынан баштап эле  талкууга жигердүү катышууга чакырылып келишет. Бул жолугушуу Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Ага дайыма даярданып, мүмкүн болушунча көбүрөөк жооп берүүгө умтуласыңбы?

15. Теократиялык кызмат мектеби кандай максатта уюшулган?

15 Теократиялык кызмат мектеби. «1942-жылы 16-февралда, дүйшөмбү күнү кечинде, Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылган ага-инилердин баары кийинчерээк Теократиялык кызмат мектеби деп аталган мектепке жазылууга чакырылышкан»,— деп эскерет ошол маалда башкы башкармалыкта кызмат кылган Кэри Барбер бир тууган. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгондон кийин Кэри бир тууган ал мектепти «Жахабанын учурда кылып жаткан иштеринин эң мыктысы» деп сыпаттаган. Мектеп ага-инилерге окутуу, кабар айтуу чеберчилигин арттырууга жакшы жардам бергендиктен, 1943-жылдан баштап «Теократиялык кызмат курсу» (англ.)  деген китепче дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарга жибериле баштаган. «Күзөт мунарасынын» 1943-жылдын 1-июнундагы санында Теократиялык кызмат мектебинин Кудайдын кызматчыларын «Падышалыктын мыкты жарчылары болууга үйрөтүү максатында уюшулганы» жазылган (2 Тим. 2:15).

16, 17. Теократиялык кызмат мектеби окутуу чеберчилигин арттырыш үчүн эле уюшулганбы? Түшүндүргүлө.

16 Башында көптөр үчүн эл алдына чыгып сүйлөө кыйынга турган. Атасы 1918-жылы Рутерфорд бир тууган менен камакка алынган Клейтон Вудвортс бир тууган (кичүүсү) 1943-жылы мектептен биринчи жолу чыкканын эскерип: «Баяндама айта албай аябай кыйналгам. Тилим булдуруктап, тамагым кургап, бирде корулдасам, бирде чыйылдап, араң сүйлөгөм»,— деген. Убакыттын өтүшү менен анын сүйлөө чеберчилиги жакшырып, эл алдында далай баяндамаларды айткан. Мектеп тек гана анын чеберчилигин арттырбастан,  момун болуп, Жахабага таянуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө да жардам берген. «Баяндамачынын жөндөмдүү болгону маанилүү эмес экенин түшүнгөм. Эгер ал жакшы даярданып, Жахабага толук таянса, эл аны кунт коюп угуп, көп жакшы нерселерге үйрөнө алат»,— деген Клейтон бир тууган.

17 1959-жылы мектепке жазылууга эже-карындаштар да чакырылышкан. Эдна Бауэр бир тууган ошол кулактандырууну жыйындан укканын эскерип: «Окутуу чеберчилигин арттырууга мүмкүнчүлүк берилгенине эже-сиңдилердин баары төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн»,— деген. Көптөгөн жылдар бою бир туугандар Теократиялык кызмат мектебине жазылып, Жахабадан билим алып келишкен. Бүгүн андай билим иш күндөрү өткөрүлгөн жолугушуу аркылуу берилет. (Оку: Ышая 54:13.)

18, 19. а) Кызмат жолугушуусу кимдин үлгүсүнө ылайык өткөрүлөт? б) Жолугушууларда эмне үчүн ырдайбыз? (« Чындык жөнүндө ырдоо» деген кутучаны карагыла.)

18 Кызмат жолугушуусу. Кабар айтуу ишин аткарууга жардам берген жолугушуулар 1919-жылдан тартып эле өткөрүлчү. Бирок ага адабият тараткан бир туугандар эле катышчу. 1923-жылы кызмат жолугушуусу айына бир жолу өткөрүлүп, бир туугандардын баары келе баштаган. 1928-жылы жыйналыштар кызмат жолугушуусун жумасына бир жолу өткөрүүгө чакырылышкан. Ал эми 1935-жылы «Күзөт мунарасы» бардык жыйналыштарды кызмат жолугушуусун «Жетекчиликке» (кийин «Маалымдагыч», кийинчерээк «Падышалык кызматыбыз») чыккан маалыматтын негизинде өткөрүүгө үндөгөн. Ошентип, ал жолугушуу жыйналыштын ажырагыс бөлүгү болуп калган.

19 Бүгүнкү күндө кызматыбызга байланыштуу көрсөтмө иш күндөрү өткөрүлгөн жолугушуу аркылуу берилет (Мт. 10:5—13). Жолугушуунун окуу куралындагы кеңештерди колдонуп жатасыңбы?

Жылдын эң маанилүү жолугушуусу

Б.з. 1-кылымынан тартып Машаяктын жолдоочулары Эскерүү кечесин белгилөө үчүн чогулуп турушат (20-абзацты карагыла)

20—22. а) Машаяктын өлүмүн эмне үчүн эскеребиз? б) Эскерүү кечесине катышкандар андан кандай пайда алышат?

20 Иса Машаяк жолдоочуларына өлгөн күнүн, ал кайтып келгенге чейин, эскерип турууну буйруган. Пасах сыяктуу эле, Эскерүү кечеси жылына бир жолу өткөрүлөт (1 Кор. 11:23—26). Ага жыл сайын миллиондогондор келет. Эскерүү кечеси майланган бир туугандарга Падышалыкты мураска аларын эстетип турат (Рим. 8:17). Ал эми башка койлорго Падышабызды урматтоого, ага берилгендигин сактоого түрткү берет (Жкн. 10:16).

21 Рассел бир тууган менен анын шериктери Эскерүү кечесин жылына бир жолу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшкөн. «Күзөт мунарасынын» 1880-жылдын апрелиндеги санында: «Биз, Питсбургдагылар, Пасахты [Эскерүү кечесин] бир нече жылдан бери белгилеп,.. Мырзабыздын денеси  менен канын билдирген символдордон ооз тийип келатабыз»,— делген. Көп өтпөй Эскерүү кечеси менен бирге жыйындар өткөрүлө баштаган. Алсак, 1889-жылы ага 225 киши катышып, 22си чөмүлгөн.

22 Бүгүн Эскерүү кечеси жыйын менен чогуу өткөрүлбөсө да, ага көптөрдү чакырабыз. 2013-жылы Машаяктын өлүмүн эскерүүгө 19 миллиондон көп киши келген. Биз, кайсы жерде жашабайлы, Эскерүүгө катышууну эле эмес, башкаларды чакырууну да сыймык катары көрөбүз. Жыл сайын ал кечеге мүмкүн болушунча көбүрөөк киши чакырууга аракет кыласыңбы?

Жолугушууларыбызды жогору баалайбыз

23. Жолугушууларыбыз сага эмнеси менен жагат?

23 Жахабанын берилген кызматчылары жолугушууларды эч качан жүк катары көрүшкөн эмес (Евр. 10:24, 25; 1 Жкн. 5:3). Мисалы, Дөөтү падыша Жахабанын үйүнө барып сыйынганды жакшы көрчү (Заб. 27:4). Ага, өзгөчө, Кудайды сүйгөн башка кишилер менен чогулуу жага турган (Заб. 35:18). Ал эми Иса пайгамбар кичинекей кезинен тартып эле Атасынын үйүнө барганды жакшы көрчү (Лк. 2:41—49).

Чогулуп турууну чын жүрөктөн каалаарыбыз Кудайдын Падышалыгынын чынында эле башкарып жатканына ишенерибизди далилдеп турат

24. Жыйналышка барганыбыз эмнени көрсөтөт?

24 Биз жыйналышка барганда Жахабаны жакшы көрөрүбүздү, бир туугандарыбызды бекемдегибиз келерин көрсөтөбүз. Падышалыкка баш ийип жашоого үйрөнгүбүз келерин да айгинелейбиз. Андай билимди, негизинен, жолугушуулардан, жыйындардан алабыз. Ошондой эле жолугушуулар Падышалыктын маанилүү ишин — шакирт даярдоо ишин — аткарууда чебер окутуучу болууга үйрөтүп, күч-кубат берет. (Оку: Матай 28:19, 20.) Ооба, чогулуп турууну чын жүрөктөн каалаарыбыз Кудайдын Падышалыгынын чынында эле башкарып жатканына ишенерибизди далилдеп турат. Келгиле анда, жолугушууларыбызды мындан ары да жогору баалайлы!

^ 2-абз. Жолугушууларыбыздан тышкары, үй-бүлөлөр жана жыйналыштын ар бир мүчөсү өздүк же үй-бүлөлүк изилдөөгө атайын убакыт бөлүүгө чакырылат.

^ 9-абз. 2013-жылга чейин жалпыга арналган 180ден ашык баяндама жыйналыштарга жиберилген.

Көбүрөөк билиңиз

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Жахабанын элинин кубанычтуу жыйындары

Ыйык Китепте айтылган майрамдар менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындары эмнеси менен окшош? Жыйындарга катышканыбыз эмне үчүн жакшы?

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи. Кантип кызыктуу өткөрсө болот?

Ар кайсы өлкөдөгү бир туугандардын сыйынуу кечинде колдонгон ыкмалары тууралуу окуп көргүлө.