Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 6-БӨЛҮМ

Өлгөн жакындарыбызды кайрадан көрөбүзбү?

Өлгөн жакындарыбызды кайрадан көрөбүзбү?

1. Өлгөндөр тирилеби?

Иса пайгамбар Иерусалимдин жанындагы Бетания шаарына келгенде, досу Лазардын каза болгонуна 4 күн болуп калган. Ал Лазардын мүрзөсүнө анын бир туугандары Марта, Мариямдар менен барган. Көп өтпөй ал жакка бир топ эл чогулуп калган. Иса пайгамбар Лазарды тирилткенде, Марта менен Мариямдын канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер! (Жакан 11:21—24, 38—44-аяттарды окугула.)

Марта өлгөн адамдардын тирилерине мурун эле ишенчү. Ал Жахаба Кудайдын өлгөндөрдү кайрадан тирилтерин билген. (Аюп 14:14, 15-аяттарды окугула.)

2. Адам өлгөндө эмне болот?

Кудай Адам атага: «Сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деген (БАШТАЛЫШ 3:19).

Кудай адамды топурактан жараткан (Башталыш 2:7; 3:19). Адам өлгөндө анын денесинен жаны бөлүнүп чыгып, учуп кетпейт, анткени анын өлбөс жаны жок. Ошондой эле адам өлгөндө мээсинин функциясы токтоп, ой жүгүртпөй калат. Ошондуктан Лазар тирилгенден кийин өлгөндөн кийинки абалы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Анткени өлгөн адам эч нерсени билбейт жана сезбейт. (Забур 146:4; Насаатчы 9:5, 6, 10-аяттарды окугула.)

Кудай өлгөн адамдарды тозокто кыйнайбы? Ыйык Китепте өлгөн адамдар эч нерсе билбей турганы айтылат. Ал эми көптөр Кудай адамдарды тозокто кыйнайт деп ырасташат. Бирок бул — жалган. Мындай ырастоо Кудайды жаманатты кылат. Адамдарды тозокто кыйноо деген ойдун өзү эле Кудай үчүн жийиркеничтүү. (Жеремия 7:31-аятты окугула.)

 3. Өлгөндөр тирүүлөр менен сүйлөшө алышабы?

Өлгөн адамдар уга да, сүйлөй да албайт (Забур 115:17). Бирок Кудайга каршы чыккан периштелер өлгөн адамдай болуп сүйлөп же көрүнүшү мүмкүн (2 Петир 2:4). Жахаба Кудай өлгөн адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салат. (Мыйзам 18:10, 11-аяттарды окугула.)

4. Кимдер тирилет?

Бейиш заманда миллиондогон адамдар тирилет. Атүгүл Кудайды билбеген жана билбегендиктен жаман иш кылган адамдар да тирилет. (Лука 23:43; Элчилер 24:15-аяттарды окугула.)

Тирилгендерде Кудай жөнүндө билим алганга жана Иса Машаякка баш ийип, ага ишенерин көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болот (Аян 20:11—13). Тирилгенден кийин жакшы иштерди кылган адамдар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт. (Жакан 5:28, 29-аяттарды окугула.)

5. Өлгөндөрдү тирилткенинен Кудай жөнүндө эмнени билүүгө болот?

Кудай Иса Машаякты жерге жиберип, өлгөн адамдардын тирилишине жол ачкан. Бул Жахаба Кудайдын пендесин сүйгөн, ырайымдуу экенин көрсөтүп турат. Өлгөн жакындарыңардан, өзгөчө, кимдин тирилишин каалайт элеңер? (Жакан 3:16; Римдиктер 6:23-аяттарды окугула.)

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Өлгөндө адам каякка барат?

Адамдардын эмне үчүн өлөрү жана өлгөндөрдүн каякка барары жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин окуп көргүлө.

Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?

Жакын адамыңан айрылган учуруң болду беле? Аларды кайрадан көрүүгө үмүт барбы? Тирилүү тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылары жөнүндө окуп көргүлө.

Рухий жаратуулар. Алардын бизге тийгизген таасири

Ыйык Китепте периштелер менен жин-перилер жөнүндө айтылат. Ал рухий жаратуулар чынында эле барбы? Алар сенин жашооңо таасир эте алышабы?