Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 15-БӨЛҮМ

Билим алууну эмне үчүн уланта беришиңер керек?

Билим алууну эмне үчүн уланта беришиңер керек?

1. Ыйык Китепти изилдей берсеңер, кандай бата аласыңар?

Ыйык Китепке негизделген ушул китепчени карап чыгуу Кудайга ыраазычылыгыңарды арттырганы шексиз. Кудайга болгон ыраазычылыгыбызды, сүйүүбүздү дайыма өрчүтө беришибиз керек (1 Петир 2:2). Түбөлүк жашаарыбыз Ыйык Китепти изилдеп, Кудай менен ынак мамиле өрчүткөнүбүздөн көз каранды. (Жакан 17:3; Жүйүт 21-аяттарды окугула.)

Кудай жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага бекем ишене баштайсыңар. Бул ага жаккан иштерди кылганга жардам берет (Еврейлер 11:1, 6). Мурунку кылган күнөөңөр үчүн өкүнүп, жашооңорду өзгөрткөнгө түрткү берет. (Элчилер 3:19-аятты окугула.)

2. Башкаларга кантип жардам бере аласыңар?

Кудай менен ынак мамиледе боло аласыңар

Кудай жөнүндө жакшы кабар айтуу баарыбызга жагат. Силердин да окуп-билгениңер жөнүндө башкаларга айткыңар келери шексиз. Ыйык Китепти изилдей берсеңер, андагы жакшы кабарды, Кудайга эмне үчүн ишенериңерди башкаларга айтып бере аласыңар. (Римдиктер 10:13—15-аяттарды окугула.)

Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын көбү жакшы кабарды досторуна же туугандарына айта башташат. Бирок сылыктык менен айтуу маанилүү. Аларга «силердин дин туура эмес» дегендин ордуна, Кудайдын эң сонун убадалары жөнүндө айтып бергиле. Адамдарга сөздөрүңөр эмес, жакшы мамилеңер көбүрөөк таасир этет. (2 Тиметей 2:24, 25-аяттарды окугула.)

3. Кудай менен кандай мамиледе боло аласыңар?

Ыйык Китепти изилдөө Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берет. Мунун аркасында Кудай менен жакын мамиледе болуп, анын бир үй-бүлөдөй болгон элине кошуласыңар. (2 Корунттуктар 6:18-аятты окугула.)

 4. Дагы эмне кылуу маанилүү?

Ыйык Китепти изилдей берсеңер, Кудайдын мыйзамдарын тереңирээк түшүнүп, аны менен ынак мамиледе болосуңар (Еврейлер 5:13, 14). «Ыйык Китепте эмне делет?» деген китеп Ыйык Китепти изилдөө үчүн караштырылган. Эгер кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрүнө ошол китептин жардамы менен Ыйык Китепти изилдегиңер келерин айтсаңар болот. Ыйык Китепти терең изилдесеңер, жашооңор маңыздуу болуп, кыйынчылыктарды оңой чече аласыңар. (Забур 1:1—3; 73:27, 28-аяттарды окугула.)

Ыйык Китептеги жакшы кабарды Кудай жаздырган. Анын эли менен дос болсоңор, Кудай менен да ынак мамиледе болосуңар (Еврейлер 10:24, 25). Жахаба Кудайга жаккандай жашаганга умтула берсеңер, түбөлүк жашайсыңар. Ооба, Кудай жөнүндө көбүрөөк билип, аны менен ынак мамиледе болуудан артык эч нерсе жок! (1 Тиметей 1:11; 6:19-аяттарды окугула.)

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?

Жолугушуулардын кантип өткөрүлөрүн көрүңүз.

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?

Тиленүү аркылуу Кудайга жакында

Тиленгениңде Кудай угабы? Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китепте тиленүү жөнүндө эмне айтыларын билип алышың зарыл.