Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 3-БӨЛҮМ

Жакшы кабар чын эле Кудайданбы?

Жакшы кабар чын эле Кудайданбы?

1. Ыйык Китепти ким жаздырган?

Адамдардын жерде түбөлүк жашай турганы жөнүндөгү жакшы кабар Ыйык Китепте жазылган (Забур 37:29). Ыйык Китеп 66 майда китептен турат. Аны 40ка жакын пайгамбар жазган. Алгачкы беш китепти 3500 жылдай мурун Муса пайгамбар жазган. Ал эми акыркы китепти 1900 жылдан ашуун убакыт мурун Жакан пайгамбар жазган. Пайгамбарлар кимдин сөзүн жазышкан? Кудай пайгамбарларга ыйык руху аркылуу оюн билдирип турган (2 Шемуел 23:2). Алар өздөрүнүн оюн эмес, Кудайдын айткандарын жазышкан. Демек, Ыйык Китептин автору — Кудай. (2 Тиметей 3:16; 2 Петир 1:20, 21-аяттарды окугула.)

2. Ыйык Китепти Кудай жаздырганын кайдан билебиз?

Ыйык Китепте келечекте эмне болору майда-чүйдөсүнө чейин так жазылгандыктан, аны Кудай жаздырганына шектенбейбиз. Бир да адам келечекти так айта албайт (Жашыя 23:14). Адамзаттын келечеги кандай болорун бир гана Кудуреттүү Кудай билет. (Ышая 42:9; 46:10-аяттарды окугула.)

Ыйык Китеп — өзгөчө китеп. Ал жүздөгөн тилге которулуп, миллиарддаган нускада чыгарылат. Ыйык Китеп байыркы учурда жазылса да, илимге шайкеш келет. Аны жазган пайгамбардын сөздөрү да бири-бирине карама-каршы келбейт *. Ыйык Китептен Кудайдын адамдарды абдан сүйөрүн билебиз. Ал китеп адамдын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртө алат. Ушулардан улам миллиондогон адамдар Ыйык Китепти Кудай жаздырганына ишенишет. (1 Тесалоникалыктар 2:13-аятты окугула.)

 3. Ыйык Китепте эмнелер жөнүндө жазылган?

Ыйык Китепте Кудайдын адамдарга карата кандай ой-ниети бар экени баса белгиленет. Андан Адам ата менен Обо эненин Бейиштен эмне үчүн куулуп чыгарылганын жана жер кандайча кайрадан бейишке айланарын билүүгө болот. (Аян 21:4, 5-аяттарды окугула.)

Ыйык Китепте Кудайдын мыйзамдары жана акыл-насааттары жазылган. Мындан тышкары, анда баяндалган окуялардан Кудайдын адамдарга кандай мамиле кыларын, анын кандай касиет-сапаттарга ээ экенин билүүгө болот. Ооба, Ыйык Китептен Кудай жөнүндө көп нерсени билесиңер. Мунун аркасында Кудай менен ынак мамиле түзүп, анын досу боло аласыңар. (Забур 19:7, 11; Жакып 2:23; 4:8-аяттарды окугула.)

4. Ыйык Китепти кантип түшүнө алабыз?

Иса пайгамбар элге Ыйык Китептеги аяттардын маанисин «түшүндүрүп берчү». Ушул китепчеде да келтирилген аяттардын мааниси чечмеленип берилет. Бул силерге Ыйык Китепти жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет. (Лука 24:27, 45-аяттарды окугула.)

Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниети жөнүндөгү жакшы кабарды эң сонун кабар деп айтууга болот. Айрымдар бул жакшы кабарга көңүл бурбашы, атүгүл уккусу келбеши мүмкүн. Бирок ушундан улам Ыйык Китепти изилдегениңерди токтотуп койбогула. Түбөлүк өмүр сүрөрүңөр Кудай жөнүндө билим алышыңардан көз каранды. (Жакан 17:3-аятты окугула.)

 

^ 3-абз. «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепчени карагыла.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?

Эгер Ыйык Китепти Кудай жаздырса, ал бардык китептерден айырмаланып турушу керек.

Ыйык Китепти Кудай жаздырган

Ыйык Китеп турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кандайча жардам берет? Андагы пайгамбарлыктарга эмне үчүн ишенсеңер болот?

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай силерге кам көрөбү? Анын сапаттары жана ага канткенде жакындай аларыңар жөнүндө окуп көргүлө.