Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 10-БӨЛҮМ

Чыныгы динди кантип аныктоого болот?

Чыныгы динди кантип аныктоого болот?

1. Бир эле чыныгы дин барбы?

«Жалган пайгамбарлардан сак болгула» (МАТАЙ 7:15).

Иса пайгамбар шакирттерине бир эле чыныгы дин бар экенин айткан. Чыныгы динди түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго салыштырууга болот. Бирок Иса пайгамбар: «Ал жолду тапкандар аз»,— деген (Матай 7:14). Чыныгы динди туткандар Кудайга Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык сыйынышат. Алар бир Кудайга ишенип, бир динди тутушат. (Жакан 4:23, 24; 14:6; Эфестиктер 4:4, 5-аяттарды окугула.)

2. Иса пайгамбар шакирттерине эмне деп эскерткен?

«Алар башкаларга Кудайды тааныйбыз дешкени менен, кылган иштеринен Андан баш тартканы көрүнүп турат» (ТИТ 1:16).

Иса пайгамбар анын жолдоочуларын туура жолдон адаштыра турган адамдардын чыгарын айткан. Алар чыныгы динди туткан адамдардай болуп көрүнүшөт. Ошондой эле өздөрүн Иса пайгамбардын жолдоочуларыбыз деп аташат. Бирок кылган ишинен алардын чынында ким экени көрүнөт. Ал эми чыныгы динди туткандарды жакшы сапаттарынан жана жакшы иштерди кылганынан айырмалап билүүгө болот. (Матай 7:13—23-аяттарды окугула.)

3. Чыныгы динди туткандарды кантип аныктоого болот?

Төмөндөгү беш белгини карап көрөлү:

  • Чыныгы динди туткандар Ыйык Китепти Кудай жаздырганына ишенип, жогору баалашат. Алар Ыйык Китепте жазылган принциптер боюнча жашаганга аракет кылышат. Чыныгы дин адамдардын ой толгоосуна негизделген жалган диндерден айырмаланат (Матай 15:7—9). Чыныгы динди туткандардын сүйлөгөн сөзү кылган ишине карама-каршы келбейт. (Жакан 17:17; 2 Тиметей 3:16, 17-аяттарды окугула.)

  •   Кудайдын ысмын ыйык тутушат. Иса пайгамбар Кудайдын ысмын ыйык туткан. Ал башкаларга Кудай жөнүндө, анын ысмы жөнүндө айтып, аларды Кудайдын ысмы ыйыкталсын деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9). Силер жашаган жерде Кудайдын ысмы Жахаба экенин кимдер айтып жүрүшөт? (Жакан 17:26; Римдиктер 10:13, 14-аяттарды окугула.)

  • Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышат. Кудай Иса пайгамбарды Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялашы үчүн жиберген. Адамзаттын көйгөйлөрүн бир гана Кудайдын Падышалыгы чечет. Иса пайгамбар өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин ошол Падышалык тууралуу кабар айткан (Лука 4:43; 8:1; 23:42, 43). Анын жолдоочулары да Падышалык жөнүндө кабар таратышмак. Эгер кимдир бирөө силерге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтса, ал кайсы динди тутат деп жыйынтык чыгарсаңар болот? (Матай 24:14-аятты окугула.)

  • Бул дүйнөнүн иштерине кийлигишишпейт. Чыныгы динди туткандарды саясатка аралашпаганынан, коомдук жаңжалдарга катышпаганынан айырмалап билүүгө болот (Жакан 17:16; Жакан 18:36). Ошондой эле алардын көз карашы бул дүйнөдөгү адамдардыкынан айырмаланат жана алар кылган жаман иштерди кылышпайт. (Жакып 4:4-аятты окугула.)

  • Бири-бирин чындап сүйүшөт. Чыныгы динди туткандар Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында бардык улуттагы адамдарды урматтап-сыйлаганга үйрөнүп жатышат. Жалган диндегилер улут арасындагы согуштарды колдошот. Ал эми чыныгы динди туткандар эч качан андай кылышпайт (Микей 4:1—3). Алар башкаларга жардам берүү үчүн убактысын, каражатын аяшпайт. (Жакан 13:34, 35; 1 Жакан 4:20-аяттарды окугула.)

4. Чыныгы динди аныктай аласыңарбы?

Кандай деп ойлойсуңар, кайсы динди туткандар айткандарын толугу менен Ыйык Китепке негиздешет? Кудайдын ысмын ыйык тутушат? Адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечип бере аларын жарыялашат? Кимдер бири-бирин сүйүшөт жана согуштарга катышышпайт? (1 Жакан 3:10—12-аяттарды окугула.)

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кайсы дин Кудайга жагат?

Кайсы алты белги чыныгы динди туткандарды айырмалоого жардам берерин окуп көргүлө