Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 2-БӨЛҮМ

Кудай деген ким?

Кудай деген ким?

1. Кудайга эмне үчүн сыйынышыбыз керек?

Кудай бардык нерсени жараткан. Анын башталышы да болгон эмес, аягы да болбойт (Забур 90:2). Ыйык Китептеги жакшы кабарды Кудай жаздырган (1 Тиметей 1:11). Ал бизге өмүр бергендиктен ага гана сыйынышыбыз керек. (Аян 4:11-аятты окугула.)

2. Кудайдын кандай сапаттары бар?

Кудайды эч ким көргөн эмес, анткени ал — асманда жашайт. Бул анын табияты жердеги жаратуулардан жогору турарын билдирет (Забур 11:4; Жакан 1:18). Кудайдын колунан бүткөн нерселерден анын касиет-сапаттары айкын көрүнүп турат. Мисалы, түркүн-дүйүм жер-жемиштерден, гүлдөрдөн Кудайдын сүйүүсүн жана акылмандыгын көрө алабыз. Ааламдын сөз менен айтып жеткире алгыс кеңдиги Кудайдын кудуреттүүлүгүнөн кабар берип турат. (Римдиктер 1:20-аятты окугула.)

Ыйык Китептен да Кудайдын сапаттары жөнүндө көбүрөөк билүүгө болот. Алсак, анда Кудайга эмне жагары, эмне жакпай турганы, анын адамдарга кандай мамиле кылары жана ар кандай жагдайда кандай иш-аракет кылары айтылат. (Забур 103:7—10-аяттарды окугула.)

3. Кудайдын ысымы барбы?

Жараткан Кудайдын наамы көп, бирок бир эле ысымы бар. Ал өзүнүн ысмын ачып берип, бир пайгамбар аркылуу: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп айткан (Ышая 42:8). Анын ысымы ар кайсы тилде ар кандай айтылат. Кыргыз тилинде «Жахаба» деп айтылат. (Забур 83:18-аятты окугула.)

Кудайдын ысымы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан алынып салынып, «Теңир» же «Кудай» деген наамдарга алмаштырылган. Бирок Ыйык Китептин түп нускасында Кудайдын ысмы 7 000дей жолу кездешкен. Иса пайгамбар адамдарга Кудай жөнүндө айтып жатканда Анын ысмы ким экенин да айткан. (Жакан 17:26-аятты окугула.)

 4. Жараткан Кудай бизге кам көрөбү?

Кудай, мээримдүү атадай болуп, дайыма бизге кам көрүүгө даяр

Жашоодо азап-кайгынын көп болгону Кудайдын бизге кам көрбөй турганын билдиреби? Айрымдар Кудай адамдарды сынаш үчүн азапка салат деп ырасташат, бирок чынында андай эмес. (Жакып 1:13-аятты окугула.)

Кудай адамдарга өз алдынча чечим чыгаруу укугун берип, аларды урматтаарын көрсөткөн. Ага кызмат кылар-кылбасыбызды өзүбүз чечүүгө мүмкүнчүлүк бергенине Кудайга ыраазы эмеспизби? (Жашыя 24:15). Көптөр чечим чыгаруу укугун кыянат пайдаланып, башкаларга жамандык кылгандыктан, азап-кайгы көп болууда. Жер жүзүндө болуп жаткан адилетсиздик Кудайдын жүрөгүн оорутпай койбойт. (Башталыш 6:5, 6-аяттарды окугула.)

Жахаба Кудай бизге кам көрөт. Ал бактылуу болуп жашашыбызды каалайт. Жакында ал азап-кайгыны жана ага себепкер болгондорду жок кылат. Жахаба Кудайдын азап-кайгыга убактылуу жол берип жатканына орчундуу себептер бар. Ушул китепченин 8-бөлүмүндө буга кененирээк токтолобуз. (2 Петир 2:9; 3:7, 13-аяттарды окугула.)

5. Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло алабыз?

Жахаба Кудай өзү менен ынак мамиледе болушубузду каалайт. Андыктан бизди ага тиленип, аны менен сүйлөшкөнгө чакырат. Ал жеке ар бирибизге көңүл бурат (Забур 65:2; 145:18). Жахаба — кечиримдүү Кудай. Кээде ката кетирип алсак да, ал ага жаккыдай иш кылгыбыз келерин көрүп турат. Андыктан күнөөлүү пенде болсок да, аны менен ынак мамиледе боло алабыз. (Забур 103:12—14; Жакып 4:8-аяттарды окугула.)

Жахаба бизге өмүр бергендиктен, баарынан мурда аны жакшы көрүшүбүз керек (Марк 12:30). Кудай жөнүндө изилдеп, анын осуяттарын аткарсак, аны менен ынак мамиледе болобуз. (1 Тиметей 2:4; 1 Жакан 5:3-аяттарды окугула.)