Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 8-БӨЛҮМ

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

1. Жамандык качан башталган?

Кудай адамдардын көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмсүз экени далилденишине жетиштүү убакыт берген

Жамандык Шайтан биринчи жолу калп айтканда башталган. Ал башында Кудайга кызмат кылган жакшы периште болгон, бирок кийин Кудайга каршы чыккан (Жакан 8:44). Шайтан Кудайга таандык нерсеге ээ болгусу келип, баарынын өзүнө сыйынышын каалаган. Ал Обо энени Кудайга каршы чыгууга түрткөн. Анан Адам ата да Кудайга эмес, Шайтанга баш ийгиси келерин көрсөткөн. Адам атанын айынан урпактары азап-кайгыга малынып, өлүмгө моюн сунушкан. (Башталыш 3:1—6, 19-аяттарды окугула.)

Шайтан Обо энени азгыргандан тартып Кудайдын эгедерлигин, башкача айтканда, бир гана ал Эң Жогорку Кудай экенин талашка салып, бийлигине каршы чыгып келет. Өкүнүчтүүсү, көптөр Шайтандын тарабына өтүп, Кудайдын бийлигин четке кагып жатышат. Бүт дүйнө азыр «Шайтандын бийлиги астында» жатат. (Жакан 14:30; 1 Жакан 5:19-аяттарды окугула.)

2. Кудай периштелер менен адамдарды кандайдыр бир кемчилик менен жаратканбы?

Кудай баарын кемчиликсиз кылып жараткан. Адамдар менен периштелер Кудайга ал талап кылгандай баш ие алышмак (Мыйзам 32:4, 5). Кудай бизди чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткандыктан, жаман жолго түшөбүзбү же жакшы жолгобу, өзүбүз чече алабыз. Ал эркиндик Кудайды сүйөрүбүздү далилдегенге мүмкүнчүлүк берет. (Жакып 1:13—15; 1 Жакан 5:3-аяттарды окугула.)

3. Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Эйден багында болгон окуядан бери Кудай анын бийлигине каршы чыккандарга өздөрү каалагандай кылышына жол берип келет. Анткени адамдардын өз алдынча бийлик жүргүзгөнү ийгиликсиз болуп, зыян гана алып келери далилдениши  керек болчу (Насаатчы 7:29; 8:9). Адамдардын бийлик жүргүзгөнүнүн натыйжасы 6 000 жылдын ичинде айкын болду. Бийлик башындагылар согуштарды, кылмыштуулукту, адилетсиздикти, ооруларды жок кыла алышкан жок. (Жеремия 10:23; Римдиктер 9:17-аяттарды окугула.)

Адамдар эңсеп келген нерселерди бир гана Кудай ишке ашырат (Ышая 48:17, 18). Жакында Жахаба Кудай бардык өкмөттөрдү талкалайт. Анын бийлигине баш ийип жашагысы келгендер гана түбөлүк өмүр сүрүшөт (Ышая 11:9). (Даниел 2:44-аятты окугула.)

4. Бизде эмнени далилдегенге мүмкүнчүлүк бар?

Шайтан адамдардын баары Кудайга андан бир нерсе алыш үчүн эле кызмат кылат деп ырастаган. Бирок силер анын жалганчы экенин далилдей аласыңар! Кудайдын чыдамдуулугунун аркасында адамдардын бийлигине баш ийип жашагыбыз келеби же Кудайдын бийлигине баш ийип жашагыбыз келеби, далилдей алабыз. Ар бирибиз ким тарапты ээлээрибизди көрсөтүшүбүз керек. (Аюп 1:8—12; Накыл сөздөр 27:11-аяттарды окугула.)

5. Кимге баш ийгибиз келерин кантип көрсөтөбүз?

Кудайга баш ийгибиз келер-келбеси чыгарган чечимибизден көрүнөт

Кудайга Ыйык Китепте жазылгандай сыйынсак, ага баш ийгибиз келерин көрсөтөбүз (Жакан 4:23). Ал эми саясатка кийлигишпесек, согуштарга катышпасак, Шайтандын бийлигине баш ийгибиз келбей турганын далилдейбиз. (Жакан 17:14-аятты окугула.)

Шайтан бизди жаман иштерди кылганга азгыруу үчүн бүт күчүн жумшайт. Андай иштерди кылбаганыбыз үчүн досторубуздун, туугандарыбыздын айрымдары бизди шылдыңдашы же каршы болушу мүмкүн (1 Петир 4:3, 4). Бирок Кудайды сүйгөн адамдардын арасында болуп, анын мыйзамдарын аткарар-аткарбасыбызды, чечип алышыбыз керек. Шайтан бир да адам башына кыйынчылык түшкөндө Кудайдын мыйзамдарын аткарбайт деген. Эгер туура чечим чыгарсак, анын жалганчы экенин далилдейбиз. (1 Корунттуктар 6:9, 10; 15:33-аяттарды окугула.)

Кудайдын адамдарды сүйөрү жамандык менен азап-кайгыны жакында жок кыларына кепилдик берет. Кудайга баш ийип жашагысы келгендердин баары жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт. (Жакан 3:16-аятты окугула.)

 

Көбүрөөк билиңиз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Көптөр дүйнөдө болуп жаткан азап-кайгы үчүн Кудайды күнөөлөшөт. Сенчи? Адамдардын эмне үчүн азап тартары жөнүндө Кудайдын Сөзүндө эмне деп айтыларын окуп көр.