Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 14-БӨЛҮМ

Кудайдын эли кандай максатта уюшулган?

Кудайдын эли кандай максатта уюшулган?

1. Кудай эмне үчүн ысрайылдыктарды тандап алган?

Кудай Ыбрайым пайгамбардан тараган элди тандап алып, мыйзамдарды берген. Ал аларды «Ысрайыл» деп атап, таза сыйынууну жактаган жана Анын мыйзамдарына ылайык жашаган эл кылган (Забур 147:19, 20). Кудай ысрайыл эли аркылуу бардык элдерге батасын бермек. (Башталыш 22:18-аятты окугула.)

Ал ысрайыл элин өзүнүн күбөсү кылыш үчүн, тактап айтканда, өзүнүн иштери жөнүндө башкаларга күбөлөндүрүш үчүн тандап алган. Ысрайылдыктардын тарыхынан көрүнүп тургандай, Кудайдын мыйзамдарына баш ийип жашагандар анын батасын алышат (Мыйзам 4:6). Ысрайыл эли аркылуу башка элдер чыныгы Кудай жөнүндө биле алышмак. (Ышая 43:10, 12-аяттарды окугула.)

2. Кудайдын бүгүнкү күндөгү эли кандай максатта уюшулган?

Убакыттын өтүшү менен ысрайыл эли Кудайдын ырайымынан айрылып калган. Кудай алардын ордуна Иса пайгамбардын жолдоочуларын тандап алган (Матай 21:43; 23:37, 38). Азыр ысрайылдыктардын ордуна Иса пайгамбардын жолдоочулары Кудайдын эли болуп эсептелет. (Элчилер 15:14, 17-аяттарды окугула.)

Иса пайгамбар жолдоочуларын Жахаба Кудай жөнүндө кабар айтып, бардык элдерден шакирт даярдоо үчүн уюштурган (Матай 10:7, 11; 24:14; 28:19, 20). Алардын иши дүйнөнүн акырына жакын калган азыркы маалда болуп көрбөгөндөй кулач жаюуда. Жахаба Кудай адамзат тарыхында биринчи жолу ар кайсы элден болгон миллиондогон адамдарды ага туура сыйынышы үчүн бириктирүүдө (Аян 7:9, 10). Иса пайгамбардын жолдоочулары бир үй-бүлөдөй болуп, бири-бирине жардам беришет. Алар төгөрөктүн төрт бурчунда жашашса да, жыйналыштарында Ыйык Китепке негизделген бирдей эле билим алышат. (Еврейлер 10:24, 25-аяттарды окугула.)

 3. Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы кандайча башталган?

1870-жылдары чакан топтон турган адамдар Ыйык Китепти терең изилдеп, көп маани берилбей калган окууларды ачып бере башташкан. Алар Иса пайгамбардын жолдоочуларына Кудай жөнүндө кабар айтууну буйруганын түшүнүшкөн. Ошондуктан Ыйык Китептеги жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүнө тарата башташкан. 1931-жылдан тартып алар Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калышкан. (Элчилер 1:8; 2:1, 4; 5:42-аяттарды окугула.)

4. Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин кандайча жүргүзүшөт?

Иса пайгамбардын ар кайсы жерде жашаган 1-кылымдагы жолдоочулары аны жыйналыштын Башчысы катары кабыл алган элчилер менен аксакалдардын жетегине баш ийишкен (Элчилер 16:4, 5). Бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрү да тажрыйбалуу аксакалдардан турган Жетектөөчү Кеңешке баш ийишет. Учурда Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 600дөн ашык тилге которуп, басып чыгарып, таратып жатышат. Жетектөөчү Кеңеш ошол адабияттар которулган филиалдарды көзөмөлдөп, 100 000ден ашуун жыйналыштарга Ыйык Китептин негизинде жетекчилик берип турат. Ал эми ар бир жыйналышта Кудайдын элине кам көргөн, тажрыйбалуу эркектер кызмат кылышат. Аларды аксакалдар же көзөмөлчүлөр деп аташат. (1 Петир 5:2, 3-аяттарды окугула.)

Жахабанын Күбөлөрү жакшы кабар таратуу, шакирт даярдоо ишин аткаруу үчүн уюшулган. Алар, Иса пайгамбардын элчилериндей болуп, үймө-үй кабар айтышат (Элчилер 20:20). Кудай жөнүндө билгиси келгендердин баарына Ыйык Китепти изилдегенге жардам беришет. Бирок Жахабанын Күбөлөрү тек гана уюм эмес. Аларды ынтымакта жашаган, бири-бирине бир туугандардай кам көргөн үй-бүлөгө салыштырса болот (2 Тесалоникалыктар 1:3). Жахаба Кудайдын эли ага жагууга жана адамдарга жардам берүүгө бүт күчүн жумшагандыктан, аларды бактылуу эл деп айта алабыз. (Забур 33:12; Элчилер 20:35-аяттарды окугула.)

 

Көбүрөөк билиңиз

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтул

Кудайдын биз үчүн кылган бардык жакшы иштерине ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрүн тааныйсыңарбы? Аларды канчалык жакшы билесиңер?