Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдан келген жакшы кабар

 13-БӨЛҮМ

Ыйык Китепте дин жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте дин жөнүндө эмне делет?

1. Диндердин баары эле туурабы?

Бардык эле диндерде ниети таза, жакшы адамдар бар. Кудай ошондой адамдарды билет жана аларга кам көрөт. Тилекке каршы, динди жамынып алып төбө чачты тик тургузган жаман иштерди кылгандар да аз эмес (2 Корунттуктар 4:3, 4; 11:13—15). Жаңылыктарда ар кандай динди туткан динчил адамдардын террордук чабуулдарга, кайсы бир улутту тукум курут кылуу үчүн жүргүзүлгөн согуштарга катышканы жана балдарды уруп-сабашканы, зордукташканы айтылат. Ушундай жаман иштердин болуп жатканы Кудайга ишенген, жүрөгү таза адамдарды кайгыртпай койбойт. (Матай 24:3—5, 11, 12-аяттарды окугула.)

Чыныгы динди туткандар Кудайды даңкташса, жалган диндегилер жаман иштерди кылып, Кудайга акарат кылышат. Алардын айткандары Ыйык Китепке дал келбейт. Алар Кудай жөнүндө, өлгөн адамдар жөнүндө чындыкты айтпай, туура эмес нерселерди окутушат. Ал эми Жахаба Кудай адамдардын ал жөнүндө чындыкты билишин каалайт. (Жезекиел 18:4; 1 Тиметей 2:3—5-аяттарды окугула.)

2. Ыйык Китепте дин жөнүндө эмне делет?

Кудайды сүйөбүз деп коюп, Шайтандын дүйнөсүн сүйгөн адамдар Кудайды эч качан алдай алышпайт (Жакып 4:4). Ыйык Китепте жалган диндердин баары «Улуу Бабыл» деп аталат. Анткени жалган дин Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суудан кийин Бабыл деген шаардан тарай баштаган. Адамдарды алдап, эзип келген жалган диндерди Кудай жакында биротоло жок кылат. (Аян 17:1, 2, 5, 16, 17; 18:8-аяттарды окугула.)

Бирок Жахаба Кудай жалган динди тутуп жүргөн ниети таза адамдарды калтырбайт. Ал аларга өзү жөнүндөгү чындыкты билүүгө жардам берип, өз элине кошуп жатат. Бул чынында эле эң сонун кабар! (Микей 4:2, 5-аяттарды окугула.)

 3. Ниети таза адамдар эмне кылышы керек?

Чыныгы дин адамдарды бириктирет

Жахаба Кудай Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүп, жакшы иштерди кылгысы келген адамдарга кам көрөт. Ал аларга жалган динден чыгышы керектигин эскертип жатат. Кудайды сүйгөндөр анын ырайымына ээ болуш үчүн жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүүгө даяр. (Аян 18:4-аятты окугула.)

1-кылымда жашаган адамдар Кудай жөнүндө чындыкты билгенде аябай кубанышкан. Алар Кудай жолуна түшкөндүктөн жашоосу маңыздуу болуп, жаркын келечекке үмүт артып, бактылуу жашашкан. Ошондой эле алар Кудайдын ишин жашоосунда биринчи орунга коюшкан. Биз алардан көп нерсени үйрөнө алабыз. (1 Тесалоникалыктар 1:8, 9; 2:13-аяттарды окугула.)

Жахаба Кудай жалган динден чыгып, анын жолуна түшкүсү келгендердин баарын өз элине кошот. Эгер Кудай айткандай кылып, жалган динден чыксаңар, Кудай менен жакшы мамиледе боло аласыңар. Анын бир үй-бүлөдөй болгон элине кошулуп, келечекте түбөлүк өмүр сүрөсүңөр! (Марк 10:29, 30; 2 Корунттуктар 6:17, 18-аяттарды окугула.)

4. Жакында жер жүзүндө кандай жашоо болот?

Кудайдын жалган диндерди жок кыла турган күнүнө аз калганына кубансак болот! Адамдарды адаштырып, бөлүп жарган жалган диндер жок кылынганда, диндин айынан эзилип, кыйналып келген адамдар эркиндикке чыгышат. Ошондон кийин бардык адамдар бир Кудайга кызмат кылып, биримдикте жашашат. (Аян 18:20, 21; 21:3, 4-аяттарды окугула.)

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кайсы дин Кудайга жагат?

Кайсы алты белги чыныгы динди туткандарды айырмалоого жардам берерин окуп көргүлө

Чындык жолуна түш

Башкаларга ишенимиң тууралуу айтууда кандай кыйынчылыктарга кабылышың мүмкүн? Көз карашыңды алардын көңүлүн оорутпагыдай кылып кантип түшүндүрүп берсең болот?