Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

22 киши чиркөөдөн кеткен

22 киши чиркөөдөн кеткен

КЕРМАН ГОМЕРА үй-бүлөдө 11 баланын онунчусу болчу. Атасы, эжеси жана карындашы кайтыш болуп калгандан кийин, апасы Луиза үй-бүлөсүн шаарга көчүрүп кеткен. Алар ал жактан менониттердин чиркөөсүнө бара баштаган. Луизанын агалары үй-бүлөлөрү менен бирге ошол чиркөөнүн мүчөлөрү болчу.

Керман мындай дейт: «1962-жылы биздин шаарга атайын пионер болуп кызмат кылган жубайлар келген. Шаардын тургундары аларды элди бузуп „Шайтандын окууларын“ таратып жүрөт деп жаман көрүшчү. Бирок ал пионерлер Пиниалардыкына барганда, алар ал жубайларды үйүнө киргизген. Пиниалар чоң үй-бүлө болчу. Жубайлардын жылуу-жумшак сүйлөп, сылык-сыпаа болгону ушунчалык таасир эткендиктен, ал үй-бүлө алардын кабарын кунт коюп уккан. Ошондон кийин алар жана менин үч эжем Ыйык Китепти изилдей баштаган».

«Бир жолу пионерлер Пиниалардын үйүнө барганда апамды да чакырышкан,— деп сөзүн улайт Керман.— Алар Ыйык Китептен жер бетинде боло турган түбөлүк жашоо тууралуу окуп беришкенде, апам: „Анда эмне үчүн менин чиркөөмдө асманга кетебиз деп айтышат?“ — деп сураптыр. Бир тууган апамдын суроосуна Ыйык Китептин негизинде  жооп берип, жер бетинде боло турган тирилүү жөнүндө түшүндүрүп бериптир. Апам ал бир туугандын айткандарын жүйөлүү деп эсептегендиктен билгендерин башкаларга айта баштаган.

Пасторлор чиркөөнүн айрым мүчөлөрүнүн Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатканын билгенде катуу каарданып, аларды токтотуш үчүн коркутуп-үркүтүшкөн. Ошондо Пиниалардын апасы Максимина: „Мен кичинекей бала эмесмин, кайсы динди тандашты өзүм чечем!“ — деген.

Ошентип, 22 киши менониттердин чиркөөсүн таштап, ижарага алынган үйдө өткөрүлгөн жыйналышка бара башташкан. Апам 1965-жылы чөмүлгөн. Мен болсо төрт жыл өткөндөн кийин, 1969-жылы, 13 жашымда чөмүлгөм».

Керман эжелери менен. Баары Жахабанын — ишенимдүү кызматчылары