Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Ырайымсыз куугунтук

Ырайымсыз куугунтук

«Буларды жок кылабыз»

Борбонио Айбар 1955-жылдын 19-январында, кабар айтуу ишине тыюу салынган маалда, чөмүлгөн. Ошондон кийин Монте Адентродо жана Сантьягодо көп адамдар менен Ыйык Китепти изилдеген. 1956-жылы кабар айтуу ишине салынган тыюу жоюлганда, алардын айрымдары, анын ичинде аялы да чөмүлгөн.

1957-жылдын июль айынын орто ченинде өкмөт башчылары Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чара көрүүнү көздөп, Салседо шаарына чогулушкан. Ошол жолугушуу жөнүндө Айбар бир тууган мындай деген: «Башкы баяндоочу болуп Франсиско Пратс-Рамирез чыгыптыр, ал: „Бир нече күндөн кийин буларды жок кылабыз“,— дептир». Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин эле, 1957-жылдын 19-июлунда, полиция кызматкерлери Бланко-Аррибадагы, Эль-Хободогу, Лос Какаостогу жана Монте Адентродогу Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын кармашкан.

«Алардын арасында мен да бар болчумун,— деген Айбар бир тууган.— Бизди Салседодогу аскердик башкармалыкка алып барышты. Ал жакка барарыбыз менен, Саладин деген полковник мени сабап кирди. Бизди коркутуп, кыйкырган сайын көзүнөн заар чачырап жатты. Анан бизди эки катарга: бир жагына эркектерди, бир жагына аялдарды тизишти. Түрмө сакчылары эркектерди тээп, уруп, аялдарды болсо таяк менен сабашты. Алар урган сайын каары кайнап: „Мен католикмин, мен силерди өлтүрөм!“ — деп жатты».

«Мен Ыйык Китепти окуйм, Жахабанын Кудай экенин да билем»

Айбар бир тууганга айып пул салынып, 3 айга түрмөгө камалган. Ал мындай деген: «Биз абакта отурганда Сантос Мелидо Марте деген бир генерал келип, бизге: „Мен Ыйык Китепти окуйм, Жахабанын Кудай экенин  да билем. Силер түрмөгө камалгыдай эч жаман иш кылган жоксуңар, бирок силерге жардам бере албайм, анткени силерди католик епископтору каматышкан. Силерди ошолор гана же хеве („башчы“, Трухильо) гана бошото алат“,— деген».

«Булардын чоңу сенсиңби?»

Түрмөгө Фиделия Жименездин кызы, аталаш туугандары да камалган. Алар аны менен Ыйык Китепти изилдеген болчу. Фиделия камакка алынган эмес, бирок алардын ишенимин бекемдеш үчүн ал өзү барып бийликтегилердин колуна түшүп берген. Бир жолу ал отурган түрмөгө расмий сапар менен Людовино Фернандез деген командир келген. Көптөр аны текебер, зөөкүр киши деп билишчү. Ал Фиделияны чакыртып алып: «Булардын чоңу сенсиңби?» — деп сураган.

Фиделия: «Чоңдор деген силерсиңер да»,— деп жооп берген.

«Анда, эмне, пасторсуңбу?» — деп сураган.

«Жок, биздин пасторубуз — Иса Машаяк»,— деген Фиделия.

Ошондо Фернандез: «Анда булар кимдин айынан түрмөдө отурат? Буларды сен окуткан турбайсыңбы!» — деген.

Фиделия: «Булар менин айымдан эмес, Ыйык Китепти изилдеп, анда жазылгандарды аткарганы үчүн бул жакта отурушат»,— деп айткан.

Дал ошол маалда камакка алынган Педро Керман менен Фиделиянын аталаш бир тууганы Негро Жименез далистен өтүп бараткан. Аларды бир кишилик камерадан көп кишилик камерага алып баратышкан. Экөөнүн тең көрүнүшү зээнди кейитерлик эле: Негронун көйнөгү канга боёлуп, кургап катып калган экен, Педронун болсо көзү шишигенинен көрүнбөй калыптыр. Аларды мыкаачылык менен сабашканын көрүп Фиделия командирге:  «Ушундай жакшы, чынчыл, Кудайдан корккон адамдарга кылган мамилеңер ушулбу?» — деген. Фиделияны коркута албасын көрүп, Фернандез сакчыларга аны камерасына алып барышын буйруган.

Ооба, Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынан ошондой кыйын кезеңде эр жүрөктүк талап кылынган жана алар так ошондой болушкан. Атүгүл аны бийлик башындагылар да моюнга алышкан. Алсак, 1957-жылдын 31-июлунда президенттин кол алдында иштеген Люис Арзено Колон деген инспектор мамлекеттик катчыга мындай деп жазган: «Жакында эле улуттук конгрессте Жахабанын Күбөлөрү деп аталган сектанын жүргүзгөн ишине тыюу салган мыйзам чыгарылса да, алардын көбү дагы деле багынбай жатышат».