Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Чындыкты биринчилерден болуп тааныган кулагы укпаган киши

Хосе Перез

Чындыкты биринчилерден болуп тааныган кулагы укпаган киши
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1960

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1982

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Чындыкты бала кезинде тааныган. Жыйналышта жаңдоо тилин билген бир да киши жок болсо да, бир туугандардын сүйүүсүнөн улам чындыкка тартылган.

КИЧИНЕКЕЙ кезимде кулагым укпай калгандыктан ошондой балдарды окуткан мектептен жаңдоо тилин үйрөнгөм. Жахабанын Күбөлөрү менен биринчи жолу 11 жашымда таанышкам. Алар менин кошунам болчу. Бир жолу алар мени жыйналышка чакырышты. Мен ал жактан эч нерсе түшүнгөн эмесмин, бирок бир туугандар жылуу тосуп алгандыктан, жыйналышка дайыма барып турууну чечтим. Алардын көбү мени чайга жана кайсы бир иштерди чогуу кылууга чакырып турушчу.

1982-жылы жарчы болуп, ошол эле жылы чөмүлдүм. 1984-жылы Ева деген кулагы укпаган кыз менен баш коштум. Биз Ыйык Китептеги айрым чындыктарды терең түшүнбөсөк да, Жахабанын элинин сүйүүсү менен айырмаланарын көрчүбүз. Экөөбүзгө тең жыйналышка барган аябай жакчу (Жкн. 13:35).

 1992-жылы айрым эже-карындаштар менен ага-инилерге америка жаңдоо тилин үйрөтүү боюнча курстар уюштурулган. Көп өтпөй ал жарчылар кулагы укпаган адамдарды таап, жакшы кабарды айта баштаган. 1994-жылы Пуэрто-Рикодон Доминикан Республикасындагы филиалга 25 бир тууганга жаңдоо тилин үйрөтүү үчүн бир жубайлар чакырылган. Мунун аркасында жаңдоо тилиндеги аймакта чоң өсүш болгон.

Ошол эле жылы Ева экөөбүз жаңы уюшулган жаңдоо тилиндеги топко бара баштадык. Ошондо гана Ыйык Китептеги окууларды, алсак, Жахабанын эгедерлигине байланыштуу Шайтан көтөргөн талаш маселени жана Машаяк башкарган Падышалыктын Кудайдын ой-ниетинде кандай роль ойноорун майда-чүйдөсүнө чейин айкын-так түшүндүк.

1995-жылдын 1-декабрында Санто-Домингодо жана Сантьягодо америка жаңдоо тилинде жыйналыштар уюштурулган. Ал эми 2014-жылдын августунда ал тилдеги жыйналыштардын саны 26га, топтордун саны 18ге жеткен.

Ева экөөбүз үч балабызга америка жаңдоо тилин үйрөттүк. Бул тил — алардын эне тили болуп калды. Улуу балабыз Ебер Кошмо Штаттардагы филиалда жаңдоо тилиндеги котормо тобуна жардам берет. Мен болсо жыйналышта кызмат жардамчысымын, ал эми жубайым үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат.