Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Туруктуулгунун аркасында эркиндикке чыгышкан

Туруктуулгунун аркасында эркиндикке чыгышкан

Сактык менен кабар айтышкан

Учурда жубайы Франсиа менен Бейтелде кызмат кылып жаткан Рафаэль Паред 1957-жылы 18 жашында жарчы болгон. Ал кабар айтып жүргөндө, аны жашыруун полиция кызматкери аңдып, аны жана анын жанындагыларды кармап кетүүгө мүмкүнчүлүк издегенин эскерет.  Рафаэль мындай дейт: «Кармалып калбаш үчүн тосмолордон секирип түшүп, кууш көчөлөр же кычык-пычыктар менен акырын жылт койчубуз». Ал эми Андреа Алманзар ошол маалда кантип кабар айтышканын эстеп: «Биз сак болушубуз керек болчу. Кызматта жүргөндө бир үйгө кабар айтып, анан онунчу үйгө барчубуз»,— дейт.

Акыры, эркиндикке чыгышкан!

1959-жылы, Трухильонун башкаруусуна дээрлик 30 жыл болуп калганда, өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрө баштаган. 1959-жылдын 14-июнунда сүргүндө жүргөн доминикандыктар Трухильону бийликтен кулатыш үчүн дагы бир жолу көтөрүлүшкө чыгышкан. Бирок алардын ою оңунан чыкпай, кээ бирөөлөрү өлтүрүлсө, кээ бирөөлөрү түрмөгө камалган. Ошого карабай Трухильонун барган сайын көбөйө берген душмандары аны акыры жеңерине ишенгендиктен каршылыгын күчөтө беришкен.

Көп жылдар бою Трухильо менен тыгыз кызматташып келген католик диний төбөлдөрү 1960-жылдын 25-январында адам укуктарынын бузулуп жатканына нааразычылыгын билдирип, өкмөткө кат жазган. Бул туурасында Бернардо Вега деген доминикандык тарыхчы мындай деген: «1959-жылы июнда болгон көтөрүлүш жана ага катышкандардын, кийинчерээк өкмөткө каршы иш жүргүзгөн мамлекеттин ичиндеги жашыруун кыймылдын репрессияга дуушар болушу католик чиркөөсүн биринчи жолу Трухилього каршы чыгууга мажбур кылган».

Кызыктуусу, 1960-жылдын май айында өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнө салынган тыюуну жокко чыгарган. Ошондо көп жылдар бою жашыруун иш жүргүзүп келген Жахабанын Күбөлөрүнүн көктөн тилегени жерден табылгандай эле болгон, себеби ал буйрукту эч кимдин оюна келбеген киши — католик чиркөөсү менен мамилесин үзгөн Трухильо өзү — чыгарган!