Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Сыйынуу жайларына болгон муктаждык

Сыйынуу жайларына болгон муктаждык

«Ар кандай адамдар» куткарылышы керек

Жахаба «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тим. 2:4). Ошол себептүү Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрү жакшы кабарды ар бир адамга, анын ичинде камакта отургандарга да жеткирүүгө болгон күчүн жумшап келет.

Атайын пионер болуп кызмат кылган жубайлар 1997-жылы Сан-Кристобалдагы Нахайо деген түрмөгө кабар айтканы жума сайын барып турушчу. Бир жолу алар баңгизат сатканы үчүн камалган 23 жаштагы колумбиялык Глория деген бир аял менен сүйлөшүп калышкан. Ага күнөөсүз камакка алынган бир Жахабанын Күбөсү кабар айтып, экөө сүйлөшүп турчу экен. Бир туугандар Глорияга Ыйык Китепке байланыштуу суроолоруна жооп ала алышы үчүн «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» деген китепти жана башка адабияттарды алып барып беришкен. Анын адабияттарды аябай кызыгып окуп жатканын көрүп, жанындагылар да кызыгып калган. Ошонун аркасында бир туугандар жума сайын барып жүргөн адамдар көбөйө берген.

 Чындык Глорияны аябай өзгөрткөндүктөн, 1999-жылы ал чөмүлө элек жарчы болгон. Глория түрмөдөгүлөргө кабар айтып, айына 70тен ашуун саат тапшырчу жана ошол жактагы 6 киши менен Ыйык Китепти изилдечү. Ал 2000-жылы ырайым кылышын өтүнүп, президентке арыз жазган. Натыйжада жакшы жүрүм-туруму үчүн түрмөдөн бошотулуп, өзүнүн мекени Колумбияга жөнөтүлгөн. 2001-жылы, өлкөсүнө кайтып барганынан көп өтпөй, үйүндөгүлөрү каршы болсо да, чөмүлгөн.

Чындыкты түрмөдө отурганда тааныган Глория Кардона. Учурда жолдошу менен пионер болуп кызмат кылууда

Чөмүлгөндөн кийин пионердик кызматты баштаган. Кийин аксакал болуп кызмат кылган бир тууганга турмушка чыккан. Азыркы тапта күйөөсү экөө Колумбиянын муктаждык көбүрөөк жеринде пионер болуп кызмат кылышууда. Глория бир нече адамга өзүн Жахабага арнап чөмүлүүгө жардам берген. Ал Жахабанын ырайымына абдан ыраазы экенин жана анын ырайымын актоонун эң жакшы жолу, ага жардам берген бир туугандардай болуп, башкаларга чындыкты таанып-билүүгө жардам берүү экенин айтат.

Аны менен болгон окуя абакта отургандарга өмүр куткаруучу чындыкты билүүгө темир тор да тоскоол боло албасын көрсөтүп турат. Филиалдын өкүлдөрү Түрмөлөрдүн башкы бюросуна барып, башка түрмөлөрдө да кабар айтууга жана кызыккандар менен Ыйык Китепти изилдөөгө уруксат сурашкан. Натыйжада 43 ага-ини жана 6 эже-карындаш 13 түрмөдө кабар айта баштаган.

«Чатырыңдын аркандарын узарт»

20-кылымдын аяк жагында Доминикан Республикасында жакшы кабар тараткан жарчылардын саны 21 648ге, жыйналыштардын саны 342ге, Ыйык Китепти изилдегендердин саны 34 380ге жеткен. Эскерүү кечесине болсо 72 679 киши барган. Ушундай өсүштөн улам Жахабанын эли создуктурбастан Ышая пайгамбардын: «Чатырыңды кеңейт. Чоң турак жайыңдын жабууларын  жазышсын. Эч чек койбо. Чатырыңдын аркандарын узарт, казыктарын бекемде»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылган (Ыш. 54:2).

Барган сайын жарчылардын саны өсө бергендиктен жыйындар залын куруу зарыл болгон. Бирок бул оңойго турган эмес. 1996-жылы Санто-Домингодогу филиалдын жанына жыйындар залы курулган. Ага борбор калаадагы жана анын тегерегиндеги жыйналыштар чогулчу. Ал эми өлкөдөгү бардык жыйналыштар колдонуп келген Вилья Гонсалестеги жыйындар залынын абалы абдан начар болгондуктан оңдоп-түзөп же кайра салыш керек болчу.

Ошондуктан 2001-жылы Жетектөөчү Кеңеш Вилья Гонсалестеги жыйындар залынын ордуна 2 500 орундуу жыйындар залынын салынышына макулдугун берген. Бир туугандар Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектеп (азыр Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп) өткөрүлө турган жаңы имараттын да куруларын билгенде төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн. Ал имарат жыйындар  залынын жанына курулмак жана ичинде жашай турган бөлмөлөр, сабак өтүлчү класс, китепкана, тамак жасоочу жай жана ашкана болмок. 2004-жылы Жетектөөчү Кеңештин мүчөөсү Теодор Ярач жаңы имараттарды арноо аземине арналган баяндаманы окуган. Ошондон бери ал мектепти 15 класс бүтүрдү.