Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

«Арстандай айбат көрсөтчүмүн»

Луис Эдуардо Монтас

«Арстандай айбат көрсөтчүмүн»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1906

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1947

  • КЫСКАЧА МААЛЫМАТ: Рафаэль Трухильонун саясий партиясынын мүчөсү болгон. Кийин Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билип, 2000-жылы көз жумганга чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылган.

ЛУИС Трухильонун тууганы болгон. Ал «Партидо Доминикано» (Доминикан партиясы) деген саясий партиянын казыначысы болуп иштеген. Бирок ага Трухильонун саясаты жакпагандыктан аны кызмат ордунан бошотушун сурап ага бир нече жолу кайрылган, бирок ал аны бошотпой койгон.

Трухильо анын эки агасын өлтүрткөндө, Луис андан өч алууну көздөп, эч кимге билгизбей көзүн тазалоого эки ирет аракет кылган. Атүгүл аны өлтүрүүнүн амалын издеп, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылган. Ал аларга Трухильо жөнүндө: «Ал жырткычка айланып баратат, текеберденип, өзүн кудайдай эле көрүп калды»,— деген. Бир жолу ошондой бир кишинин үйүнө барганда үстөлдүн үстүнөн «Чындык силерди эркин кылат» деген китепти көрүп калган. Аны ошол жерден эле окуй баштаган. Ушунчалык кызыгып калгандыктан аны үйүнө алып кеткен. Көп өтпөй өзү издеп жүргөн чыныгы динди тапканына көзү жеткен.

 Луис Сьюдад-Трухильо шаарына барганда жыйналышка катышып, бир нече китеп-журнал алып кеткен. Аларды түнү менен окуп чыгып, кийин бир туугандардан аны менен изилдөө өткөрүшүн суранган. Убакыттын өтүшү менен рухий жактан ийгилик кылып, саясаттан кетүүнү чечкен. Трухильо бул тууралуу билгенде Луиске Доминикан Республикасынын Пуэрто-Рикодогу элчилигинде чоң кызматта иштөөнү сунуштаган. Луис ал кызматтан баш тартса, катуу куугунтукталарын билсе да, чечимине бек карманган.

«Мага эмнелерди гана кылышкан жок,— деп эскерген Луис.— Өкмөттөгүлөр ар кандай тузактарды коюшту. Бирок мен убактылуу ырахат тартуулаган нерселердин баарынан баш тартууга чечкиндүү болчумун». Луис жакшы кабарды тайманбай, ачык айткандыктан, жергиликтүү католик диний жетекчилери аны «үгүттөөчү» деп коюшчу. Ал 1947-жылдын 5-октябрында, жыйналышка биринчи жолу барганынан 6 ай өткөндөн кийин, чөмүлгөн.

Ошондон кийин Луисти аркасынан сая түшүп куугунтукташкан. Ал абакка отургузулуп, бир кишилик камерага да камалган. Аны күм-жам кылууга көп жолу аракет кылышкан. Бирок аны кармап кетишкенде да, соттун алдына алып барышканда да ал ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кабар айтчу. Ошол кезди эстеп, Луис мындай деген: «Ишенимимди коргогондо арстандай айбат көрсөтчүмүн. Ал күндөрдү жылуу сезимдер менен эскерем».

Анын Кудайга берилгендик менен кызмат кылганы коомчулуктун да көз жаздымында калган эмес. «Эль Сигло» деген гезитте 1994-жылы ал тууралуу мындай деп жазылган: «Луис Эдуардо Монтасты Сан-Кристобалда жашагандар акыл-эстүү киши деп билишет. Ал — дүйнөдө чанда кездешчү адам, башкалардын сезимин түшүнө билген, момун киши. Сан-Кристобалдын тарыхында ал Иса Машаяктын чыныгы жолдоочусу катары сакталып калат».