Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Көп жарчылардын талап кылынышы

Көп жарчылардын талап кылынышы

Жакшы кабардын алыскы аймактарга жетиши

Кийинчерээк өлкөгө дагы башка көп миссионерлер, алардын ичинде Пит Паскал, Амос менен Барбара Паркерлер, ага чейин Боливияда кызмат кылган Ричард менен Белва Стодерддер жана Колумбияда кызмат кылып келген Жесси менен Лин Кантвелдер дайындалышкан. Алар кабар айтуу ишинин мурункудан да кеңири кулач жайышына бир топ салым кошкон. 1973-жылга чейин чоң жана кичине шаарларда кабар айтуу иши жакшы жүргүзүлүп, ал эми алыскы аймактар али иштетиле элек болчу. Ошондуктан ал жактарда кабар таратылышы үчүн атайын чаралар көрүлгөн. Эки айга айылдарга барып кызмат кыла ала турган бир туугандар керек экени айтылганда, 19 үзгүлтүксүз пионер макул болгон. 1973-жылдын декабрынан 1977-жылдын январына чейин көптөгөн үзгүлтүксүз пионерлер жарчылар аз же таптакыр жок жерлерге кабар айтууга дайындалган.

«Адабияттарды тоокторго, жумурткаларга жана жер-жемиштерге алмаштырып алчубуз»

Ал пионерлердин бири мындай деген: «Биз алгач Ыйык Китептеги кабарды айтып, адабияттарды калтырып кетчүбүз. Кызыгып калгандарга эртеси күнү эле кайра барчубуз. Айыл жергесиндегилердин акчасы жок болгондуктан, адабияттарды тоокторго, жумурткаларга жана жер-жемиштерге алмаштырып алчубуз. Жахаба бизге дайыма кам көргөндүктөн, ачка калган бир да күнүбүз болгон эмес». Ал жактагы адамдардын көбү Ыйык Китептеги сөздөрдү өмүрүндө биринчи жолу угушкан. Кээ бир жерлерде диний жетекчилер элди Жахаба деген Ибилис деп окутушкан. Бирок эл Забур 83:18деги: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деген сөздөрдү окуганда абдан таң калган.  Айрым жерлерде чындыкка кызыккандар көп болгондуктан, бир туугандар элди чогултуп, жолугушуу өткөрүшкөн.

Дагы башка миссионерлердин барышы жана жаңы филиалдын курулушу

1979-жылы сентябрда өлкөгө Абегил жана Жоржина Перестер миссионер болуп дайындалган. Кийинчерээк алар кыдыруучулук ишти аркалашкан. 1987-жылы болсо Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү Том менен Шерли Дин бир туугандар барган. Пуэрто-Рикодон барган атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандар да кабар айтуу ишинин алга илгерилешине чоң колдоо көрсөтүшкөн. Ал эми 1988-жылдын августунда Райнер менен Жина Томпсондор миссионер болуп дайындалган. Ал алардын бешинчи дайындоосу болчу.

1989-жылы жарчылардын саны орто эсеп менен 11 081ге жеткен. Мындан дагы өсүш боло берери айкын болгон. Себеби Ыйык Китепти изилдегендердин саны 20 494 эле. Андай өсүштөн улам айрым кыйынчылыктар туулган. 1980-жылдардын аяк ченинде ошол убактагы филиалдын имаратын кеңейтүү зарыл боло баштаган. «Филиалда кызмат кылгандардын саны аябай көбөйгөндүктөн,— дейт Райнер бир тууган,— шаардын ар кайсы жеринен кошумча үйлөрдү жана кампаларды ижарага алууга туура келген».

Андан ары сөзүн улап мындай дейт: «Филиал курууга ылайыктуу жер табуу оңой болгон жок. Бирок бир күнү биздин жер издеп жүргөнүбүздү уккан бир ишкер биз менен байланышып, Жахабанын Күбөлөрүнө гана саткысы келген жери бар экенин айткан. Көрсө, мурда анын кийим тиккен чоң цехиндеги катчысы, бир канча жумушчусу Жахабанын Күбөсү болчу экен. Ал алардын чынчылдык  менен иштеп, өздөрүн адептүү алып жүргөнүн көрүп, абдан таасирлениптир. Жахабанын Күбөлөрүн аябай сыйлагандыктан ал өзүнүн жерин бир топ эле арзан баага саткан». Ошентип, 1988-жылдын декабрында ал жер сатылып алынган, кийинчерээк ошонун жанындагы дагы үч жер сатылып алынган. Жалпы жонунан алганда, филиал жана жыйындар залы турган аймак сегиз жарымдан көп гектарды ээлейт.

Жаңы филиалды, жыйындар залын курууга жергиликтүү жыйналыштардан жүздөгөн бир туугандар жана эл аралык ыктыярдуу кызматчылар катышкан. Курулуш иши аяктаган соң, 1996-жылы ноябрда ал имараттарды арноо аземи болгон. Аземге Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Кэри Барбер, Теодор Ярач жана Геррит Лёштор да барган. Кийинки күнү атайын программа даярдалып, өлкөнүн эки эң чоң стадионунда чоң жолугушуу өткөрүлгөн. Ошол күнү жаңы филиалга 10 000ден ашуун киши экскурсияга барган.

«Македонияга» баргандар

Доминикан Республикасындагы өсүшкө ал жакка кызмат кылыш үчүн чет өлкөдөн барган бир туугандар да чоң салым кошкон. Ыйык Китепти изилдегиси келгендер аябай көп экенин угуп, 1980-жылдардын аягында башка өлкөлөрдөгү көп бир туугандар ал «Македонияга» көчүп барган (Элч. 16:9). Алар ал өлкөдөгү оруп-жыюу ишине катышып кандай кубаныч алып жатканын өзүнүн мекениндеги бир туугандарга айтышкан. Натыйжада 1990-жылдары ал жакка башка өлкөлөрдөн аябай көп бир туугандар барган.

Алсак, Стивен менен Мириам Норайэлер Даниядан көчүп барган. Алар ал жакта 2001-жылдан тартып кызмат кылууда. Мириам ага чейин эжеси менен бир жарым жыл Доминикан Республикасында кызмат кылып кеткен. Ал жубайларга маданияты, тили такыр башка болгон жерге  көчүп барууга эмне түрткү берген? «Экөөбүз тең рухий жактан күчтүү үй-бүлөдө чоңойгонбуз,— дейт Мириам.— Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз жаш кезинде атайын пионер болуп кызмат кылган. Ал эми балалуу болгондон кийин үзгүлтүксүз пионер болушкан. Ата-энебиз бизди Жахабага толук убакыт кызмат кылып, өзүбүздү ага толугу менен арноого дайыма үндөшчү».

Стивен менен Мириам 2006-жылы атайын пионер болуп дайындалган. Алар көптөргө чындыкты таанууга жардам берип жатат. Стивен ал жактагы кызматы тууралуу мындай дейт: «Алган баталарыбызды айта берсек, аягы түгөнбөйт. Албетте, көйгөйлөр же ден соолукка байланыштуу кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок кызматта болгон сонун окуялар, жүрөгү таза адамдарга Жахабаны таанып-билүүгө жана аны сүйүүгө жардам берүүдөн алган кубанычыбыз баарынан ашып түшөт. Эң сонун досторду да таптык. Бул жакта кызмат кылуу бизди  момун, чыдамдуу болууга үйрөттү. Жөнөкөй жашоонун аркасында ишенимибиз бекемделип, Жахабага андан ары да таяна бергенге чечкиндүү болуп калдык».

Женифер Жой Доминикан Республикасында 20 жылдан ашуун убакыттан бери кызмат кылып, жаңдоо тилинде сүйлөгөндөргө жардам берип келет

Башка өлкөдөн көчүп барган көптөгөн бойдок бир туугандардын арасында Женифер Жой да бар. Ал 1992-жылы Доминикан Республикасында көп жылдан бери миссионер болуп кызмат кылып жүргөн Эдит Уайт деген таежесиникине барганда кызматы аябай жемиштүү болгон. Ошондой эле ал «муктаждык боюнча барган» чет өлкөлүк эже-карындаштар менен таанышкан. «Мен уялчаак болчумун, өзүмдү ишенимсиз сезчүмүн,— дейт Женифер.— Бирок: „Мен деле, аларга окшоп, кызмат кыла алат болушум керек“,— деп ойлодум».

 Башында Женифер ал жакка бир жылга эле барган. Анан дагы бир жылга калган, ошентип отуруп биротоло калып калган. Азыр болсо анын кызмат кылып жатканына 20 жылдан ашты. Ал көптөргө Жахабанын кызматчысы болууга жардам берип, жаңдоо тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтуу жагына да чоң салым кошкон. Ошондой эле тил үйрөнүү боюнча курстарды уюштурууга жардамдашкан.

«Жахаба ушул убакка чейин мага кам көрүп келатса, анын мага эмки жылы деле кам көрөрүнө эмне үчүн шектенишим керек?»

Женифер кантип жан багат? Ал мындай дейт: «Мен жыл сайын бир нече айга Канадага барып, иштеп келип турам. Кайсы гана жумушта иштеген жокмун: сүрөт чыгарган жерде иштедим, сүрөтчү да болдум, үйлөрдү сырдап, офистерди жууп, машиненин фараларын жасап, килем токуп иштедим. Бир учурда экскурсовод, тур-агент да болуп жүрдүм. Кээде англис тилинен сабак берчүмүн, котормочу болуп да иштедим». Женифер өзүнүн жагдайын чөл кезген байыркы ысрайылдыктардыкына окшоштурат. «Алар Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен жашаган,— дейт ал,— Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз анын аларга сөзсүз кам көрөрүн билдирген жана так ошондой болгон. Ал аларды күнүгө тамак-аш менен камсыз кылган, алардын кийими менен бут кийими жыртылган эмес (Мыйз. 8:3, 4). Жахаба бүгүн деле бизге ошентип кам көрөрүн убада кылат (Мт. 6:33). Жахаба ушул убакка чейин мага кам көрүп келатса, анын мага эмки жылы деле кам көрөрүнө эмне үчүн шектенишим керек?»

Доминикан Республикасына Австриядан, Жапониядан, Испаниядан, Кошмо Штаттардан, Орусиядан, Польшадан, Пуэрто-Рикодон, Тайвандан жана Швециядан миңден ашуун Жахабанын жан аябас кызматчылары барган.  «Муктаждык боюнча барган» 30 улуттун өкүлү болгон ал бир туугандар америка жаңдоо тилиндеги, кытай, англис, креол (Гаити), италян, орус жана испан тилиндеги жыйналыштарда кызмат кылышат. Алар: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчип жүрөбүз»,— деген элчи Петирдикиндей маанай чагылдырууда (Мр. 10:28).