Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Жахабанын Күбөлөрүнүн башчысы ким?

Жахабанын Күбөлөрүнүн башчысы ким?

«Алардын „башын“ жанчыш керек»

Ага чейин, 1957-жылдын 13-июлунда, ал мамлекеттик катчыга мындай деп жазган болчу: «„Жыланды өлтүрөм десең, башын жанчы“ дегендей, Жахабанын Күбөлөрү деп аталган сектаны түп-тамыры менен жок кылыш үчүн алардын миссионерлерин жок кылуунун жолун табыш керек. Алардын „башын“ жанчыш керек. Ошондо иши жүрбөй калат».

Көп өтпөй эле коргоо министри Артуро Эспиат калган 10 миссионердин өлкөдөн кетишин буйруган. Бирок миссионерлердин бири Рой Брандт 1957-жылдын 21-июлунда жагдайды түшүндүрүш үчүн жолугууну өтүнүп, Трухилього кат жазган. Ал жазган катта мындай сөздөр бар эле: «Өлкөдөгү айрым адамдардын Жахаба Кудайдын ысмына каршы чыгып жатканы Иса Машаяктын күндөрүндөгү айрым адамдардын жалган маалыматтардан улам анын элчилерине каршы чыкканына окшош болуп жатат». Рой бир тууган Трухильону Элчилер китебинин 2—6-бөлүмдөрүн окуп көрүүгө үндөп, бир ойго көңүл бурган. Ал: «Гамалеил деген кадыр-барктуу бир соттун  акылдуу жана ачык айткан кеңеши ошол күндөрдөгүдөй эле, бүгүн да колдонорлук»,— деп жазган. Андан соң Элчилер 5:38, 39дагы: «БУЛАРДЫ ЖАЙЫНА КОЙГУЛА, АНТКЕНИ БУЛ ОЙ-МАКСАТ ЖЕ ИШ АДАМДАРДЫКЫ БОЛСО, ОҢУНАН ЧЫКПАЙТ. АЛ ЭМИ КУДАЙДЫКЫ БОЛСО, АНЫ СИЛЕР БУЗА АЛБАЙСЫҢАР. АБАЙЛАГЫЛА, КУДАЙГА КАРШЫ ЧЫККАНДАРДАН БОЛУП КАЛБАГЫЛА»,— деген сөздөрдү чоң тамгалар менен жазган. Бирок анын сөздөрүнө эч ким кулак каккан эмес. Ошентип, 1957-жылдын 3-августунда миссионерлер аэропортко жеткирилип, депортация кылынган.

Иса — башчы

20 жаштагы Доналд Ноувилс филиалдын көзөмөлчүсүнүкүндөй милдетти аткарууга дайындалган

Миссионерлер кеткенден кийин, жергиликтүү бир туугандар эмне болгон? Инспектор Колон айткандай, алар «башчысы» жок калганбы? Түк да. Анткени Иса Машаяк дайыма «дененин башы, мындайча айтканда, жыйналыштын башчысы» болчу (Кол. 1:18). Андыктан бир туугандар  башчыларысыз калган эмес. Аларга Жахаба жана анын уюму андан ары да кам көрө берген.

Миссионерлер депортация болгондон кийин, чөмүлгөнүнө төрт эле жыл болгон 20 жаштагы Доналд Ноувилс филиалдын көзөмөлчүсүнүкүндөй милдетти аткарууга дайындалган. Ага чейин ал бир нече ай райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылса да, мындай иш боюнча таптакыр тажрыйбасы жок болчу. Доналд Сьюдад-Трухильонун эң эле кооптуу Гуалей деген районунда турчу. Анын жөнөкөй, чакан офиси дубалы жыгачтан тургузулган, чатыры жука темир менен жабылган, полуна топурак төшөлгөн үйүндө болчу. Өлкөдөгү бир туугандарды «Күзөт мунарасы» журналы менен камсыз кылыш үчүн Феликс Марте деген бир тууган ага журналды көбөйтүүгө жардам берчү.

1958-жылы мимеограф аркылуу көбөйтүлгөн «Күзөт мунарасы»

Доналдка Мария Гласс деген бир тууган да жардам берчү. Анын күйөөсү Энрике ал кезде камакта отурган. Мария мындай деп эскерет: «Мен жумуштан кечки саат беште чыгып, журналды машинкеден терип бериш үчүн Доналддыкына барчумун. Ал машинкеден терилген журналды  мимеограф аркылуу көбөйтчү. Андан кийин «периште» деген жашыруун аты бар сантьяголук бир эже журналдардын көбөйтүлгөн нускаларын таза жуулган, май сактоочу челектин түбүнө салып, үстүнө кездеме жаап, анын үстүнө маниока, картошка жана башка жер-жемиштерди салып койчу. Үстүн болсо мүшөк өңдүү кездеме менен жаап койчу. Анан коомдук унаага отуруп, өлкөнүн түндүгүндөгү ар бир жыйналышка бир нускадан жеткирип келчү. Үй-бүлөсү менен чогуу изилдеш үчүн ал жактагы үй-бүлөлөр журналды окуп бүткөндөн кийин бири-бирине беришчү».

«Биз аябай сак болушубуз керек болчу,— дейт Мария.— Анткени журналыбыздын кайсы жерде басылып жатканын билүүнү көздөгөн өлкөнүн агенттери көчөдө аябай көп жүрчү. Бирок бир да жолу кармалган эмеспиз. Себеби Жахаба бизди дайыма коргочу».