Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Кудайга кызмат кылгым келбей калган

Мартин Паредес

Кудайга кызмат кылгым келбей калган
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1976

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1991

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Чындыкты дин кызматчыларды даярдаган окуу жайында окуп жатканда тааныган. Ошондон бери көптөргө Жахабанын кызматчысы болууга жардам берип келет.

МЕН католик динине бекем карманган үй-бүлөдө чоңойгом. Үйдөгүлөр дин кызматчы болушумду каалашчу. Ошондуктан 12 жашымда дин боюнча ар кайсы дин кызматчыдан билим алып үч курста окудум. 1990-жылы болсо 14 жашымда өлкөдөгү эң мыкты диний окуу жайлардын бирине чакырылдым.

Тез эле ийгилик кылгандыктан, ошол бойдон кетсем епископ болорумду айтышкан. Бирок менин көңүлүм иренжип калган, анткени ал жакта Ыйык Китепте жазылгандарды эмес, адамдык философияны үйрөтө беришчү. Дин кызматчылар да жеткен бузуку адамдар болчу. Алар мага асылып, жыныстык катнашта болууга кысым көрсөтө беришчү. Ушунун баарын көргөндө Кудайга кызмат кылгым келбей калган.

Ошол учурда мен окуган окуу жайдын бухгалтерине бир миссионерлер «Жаштардын суроолору» деген китепти таштап  кетиптир. Мен андан ал китепти сурап алып, баштан-аяк окуп чыктым. Ошондо: «Мен ушуну издеп жүрбөдүм беле!» — деп сүйүнүп кеттим. Ошондон кийин окуу жайды таштап, Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштадым, жолугушууларга да барып жүрдүм. 8 айдан кийин, 1991-жылы июлда, чөмүлдүм. Андан соң үзгүлтүксүз пионер болуп, кийинчерээк Мария деген пионер кызга үйлөндүм. 2006-жылы экөөбүз атайын пионер болуп дайындалганбыз. Мурун Кудайга кызмат кылгым келбей калса, азыр чындыкка суусагандарга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берип жатам.