Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Кабар айтуу ишине кайрадан тыюу салынышы

Кабар айтуу ишине кайрадан тыюу салынышы

Күтүлбөгөн жерден эркиндикке чыгуу

Суракка алынып жатканда өлтүрүлгөн Мануэл Хиерезуэло

Тыюу салынгандан кийинки оор жылдарга карабай Ленарт менен Виржиния Жонсондор жана Рой менен Жуанита Брандттар миссионердик кызматын уланта беришкен. Ленарт мындай деп эскерет: «Бир жолу бийликтегилер Рой экөөбүздү суракка алыш үчүн чакыртышты. Ага чейин Мануэл Хиерезуэлону чакыртышкан эле». Өкүнүчтүүсү, Мануэл бир тууган суракка алынган маалда өлтүрүлгөн. Ал Кудайга болгон берилгендигин акырына чейин сактаган. Ал эми Ленарт менен Рой эмне болгон? Ленарт мындай деген: «Ал жакка барганда экөөбүздү өз-өзүнчө суракка алып, айткандарыбызды жаздырып алышты. Андан башка эч нерсе деле кылышкан жок. Бирок эки ай өтүп-өтпөй эле гезиттерде Трухильонун Жахабанын Күбөлөрүнө салынган тыюуну жокко чыгарганы жана кабар айтуу ишин кайрадан жүргүзө аларыбыз тууралуу жарыяланган».

1950-жылы, кабар айтуу ишине тыюу салынганга чейин, өлкөдө 261 жарчы бар болчу. Ал эми 1956-жылдын августунда, тыюу салуу жоюлгандан кийин, жарчылардын саны 522ге жеткен. Алты жыл бою запкы жеп келген ал бир туугандар түрмөгө камалуу, тыюу салуу жана дайыма бийликтегилер тарабынан көзөмөлгө алынуу сыяктуу кыйынчылыктардан арылып, ээн-эркин кабар айта алышарын билгенде төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн.

Мындай күтүүсүздөн болгон өзгөрүү Жахабанын элине кандай таасир эткен? Алар дароо иш-аракет кылып, кабар айтуу ишин кайрадан уюштура баштаган: жыйналыштарды  өткөрүүгө жер издешкен, жаңы аймактардын карталарын чийип, жыйналыштын документтерин жаңыртышкан. Адабияттарды эч тоскоолдуксуз заказ кылып, кайрадан ала башташкан. Алар ээн-эркин кабар айтуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, жигердүү кызмат кылышкан. Натыйжада үч айдын ичинде эле, 1956-жылдын ноябрында, жарчылардын саны 612ге жеткен.

Диний жетекчилердин каршылыгы

Толеданонун адабияттарды өлкөгө киргизбөө жөнүндө жазган каты

Бирок католик диний төбөлдөрү токтоосуз түрдө Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чара көрүүнү ойлонуштура баштаган. Алар Трухильонун Ватикан менен түзгөн келишимине таянып, бийликтегилерди Жахабанын Күбөлөрүнө каршы тукурушкан. Мисалы, Оскар Роблес Толедано өлкөнүн ички иштер министри Биркилио Албарейз Пиниага «доминикандыктардын аң-сезимин ойготуп, Жахабанын Күбөлөрү деп аталган сектанын канчалык коркунучтуу экенин аңдаганга» жардам берүүгө өкмөттүн колдоо көрсөтүшүн суранып кат жазган.

 Ошондой эле анын негизги максаты «Жахабанын Күбөлөрүнүн прозелитизмди жайылтышына бөгөт коюу» экенин түшүндүрүп, адабияттарды, өзгөчө, «Чындык силерди эркин кылат» деген китепти жана «Күзөт мунарасы» журналын өлкөгө киргизбешин өтүнгөн.

Кабар айтуу ишине кайрадан тыюу салынышы

Ошентип, чиркөө жана Трухильо башкарган өкмөт Жахабанын элине чабуул коюуга бел байлаган. Доминикан партиясынын башчысы Франсиско Пратс-Рамирез 1957-жылдын июнунда Трухилього мындай деп кат жазган: «Мен элди бузуп, мекенди сыйлабоого үгүттөгөн Жахабанын Күбөлөрүнө каршы бир катар жолугушууларды өткөрүүнү ойлонуштуруп жатам».

Андай үгүт иштеринин таасири дароо эле байкалган. Ал окуялар тууралуу «Трухильо — Кариб аралдарынын кенже цезары» деген китепте мындай делген: «1957-жылы жайында гезиттерге өлкө башчыларынын Жахабанын Күбөлөрү „элди козголоң чыгарууга үгүттөп жатат“ деген айыптоолору жазылган бир катар макалалар чыккан. Иезуиттердин диний жетекчиси Мариано Баскез Санз Трухилього таандык „Ла Воз Доминикана“ [Доминикан үнү] радиосу аркылуу Жахабанын Күбөлөрүн коммунисттер, жеткен „бузукулар, куулук менен иш кылган, мыйзамга каршы чыккан чыккынчылар, элдин душмандары“ деп жар салганда, жагдай ого бетер курчуган. Ошондон көп узабай эле чиркөө жетекчилерине чиркөөдөгүлөрдү „коркунучтуу диникайырлыктан“ коргоого чакырган, Рикардо Питини жана Октабио Антонио Берас деген архиепископтордун колу коюлган кат жөнөтүлгөн».

Акыры, чиркөө менен өкмөт өз максатына жеткен. Июль айында Доминикан Республикасынын конгресси Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган мыйзам чыгарган. Көп өтпөй бир туугандар ур-токмокко алынып, полиция тарабынан катуу кордукка дуушар боло баштаган. Жалпы жонунан 150дөй бир тууган камалган.