Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Кабар айтуу эркиндигине ээ болуу

Кабар айтуу эркиндигине ээ болуу

 Трухильонун өлтүрүлүшү

1960-жылдары Трухильонун диктатордук режими эл аралык сынга алынып, ич ара каршылыктарга да дуушар боло баштаган. Саясий кырдаал курчуп турган ошол учурда башкы башкармалыктан Милтон Хеншель барып, 1961-жылы январда өткөрүлгөн үч күндүк жыйынга катышкан. Жалпыга арналган баяндамага 957 киши катышып, 27 киши чөмүлгөн. Милтон Хеншель бир туугандарга кабар айтуу ишин кайрадан уюштурууга жана аймактарды бөлүштүрүүгө жардам берген.

Энрике Гласс жана Хулиан Лопес деген эки райондук көзөмөлчү жыйналыштарды кыдырууга дайындалган. «Менин районума өлкөнүн чыгышындагы эки жыйналыш жана түндүктөгү жыйналыштардын баары, Энрикеникине болсо чыгыштагы жана түштүктөгү жыйналыштар карачу»,— дейт Хулиан. Алардын кызматынын аркасында жыйналыштар менен уюмдун ортосундагы байланыш калыбына келтирилип, бир туугандар рухий жактан бекемделишкен.

Жогоруда: Салвино менен Хелен Феррари, 1961-жылы Доминикан Республикасына бараткан жолдо

1961-жылы өлкөгө Гилат мектебинин 1-классынын бүтүрүүчүлөрү Салвино менен Хелен Феррарилер барышкан. Алардын Кубада миссионер болуп кызмат кылып жүргөндө топтогон тажрыйбасы Доминикан Республикасындагы мол «түшүмдү» жыйноодо зор пайдасын тийгизген. Салвино 1997-жылы көз жумганга чейин филиалдын комитетинин мүчөсү болгон, ал эми жубайы Хелен 79 жыл бою толук убакыттагы кызматты аркалап келет, ал жылдардын көбүн миссионердик кызматка арнаган.

Алардын барганынан көп өтпөй эле, 1961-жылы 30-майда, ырайымсыздык менен бийлик жүргүзүп келген Трухильо түн ичинде машинеси менен кетип бараткан жеринен жалданма киши өлтүргүчтөрдүн огуна учуп,  дүйнө менен кош айтышкан. Бирок ал өлгөндөн кийин деле өлкөдөгү саясий абал оңолгон эмес, жарандык кагылышуулар жана төңкөрүштөр бир канча жылга чейин боло берген.

Кабар айтуу ишинин алга илгерилеши

Кийин ал жакка дагы көп миссионерлер барган. Алсак, диктатордун өлүмүнөн 2 күн өткөндөн кийин эле Гилат мектебинин 1-классынын бүтүрүүчүлөрү Уильям менен Эстель Дингмандар, Тельма Критс жана Флосси Коронеостор Пуэрто-Рикодогу филиалдан дайындалышкан. «Биз келгенде өлкөдө төңкөрүш болчудай абал өкүм сүрүп турган,— дейт Уильям,— көчөнүн баары аскерлер болчу. Эл көтөрүлүш чыгып кетпесе экен деп коркуп жаткан. Аскерлер чоң жолдон өткөндөрдүн баарын текшерип жатышкан. Бизди да ар бир көзмөл өткөрмө жайдан улам токтотуп, жүгүбүздү текшеришкен. Чамаданыбызды аңтарып, майда-барат буюмдарыбызга чейин алып чыгышыбызды талап кылышкан». Ошондой коогалаңдуу мезгилде кабар айтуу оңойго турган эмес.

Төмөндө: 67 жыл бою миссионердик кызматты ынталуу аткарып келген Тельма Критс, Эстель менен Уильям Дингмандар. Азыр да ошол жерде кызмат кылышат

Уильям мындай деген: «Трухильо доорон сүрүп турган учурда эл арасында Жахабанын Күбөлөрү коммунисттер, эң эле коркунучтуу адамдар деген жалган маалымат тарап кеткен... Бирок убакыттын өтүшү менен биз чынында андай эмес экенибизди далилдей алдык». Кабар айтуу ишинин кайрадан жүргүзүлө баштаганынын аркасында жакшы кабарды көптөгөн жүрөгү таза адамдар угушкан. 1961-кызмат жылынын аягында өлкөдө атайын пионерлердин саны 33кө жеткен.