Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Кабар айтуу ишинин улантыла бериши

Кабар айтуу ишинин улантыла бериши

Миссионерлердин кабар айтуу ишин жашыруун жүргүзүшү

Кабар айтуу ишине тыюу салынгандан тартып, кыйын мезгил башталган. Ошол кезде миссионер болуп кызмат кылган Алмэ Парсон мындай деген: «Падышалык залдарыбыз жабылып, кабар айтуу ишине тыюу салынган. Бир туугандар башынан көп кыйынчылыктарды кечирген». Айрым бир туугандар жумушсуз калган, кээ  бирөөлөрү түрмөгө камалган. «Ошентсе да Жахабанын бизди жетектеп, коргоп жатканына көп жолу күбө болдук»,— деп кошумчалаган Алмэ бир тууган. Ооба, ал жактагы бир туугандар Жахабага таянып, кабар айтуу ишин жашыруун түрдө жүргүзө беришкен.

Жыйналыш өткөрүүгө тыюу салынгандан кийин эмне кылышканы тууралуу Ленарт Жонсон мындай деген: «Бир туугандардын үйлөрүндө чакан топ болуп чогулуп, жыйналышты башкаларга билгизбей өткөрчүбүз. „Күзөт мунарасындагы“ макалаларды мимеограф аркылуу көбөйтүп алып изилдечүбүз. Ишенимдүү бир туугандардын баары Жахабанын аларга ошондой жол менен рухий жактан күч-кубат берип жатканын абдан баалашчу».

Тыюу салынган маалда өлкөдө калган Рой жана Жуанита Брандт

Өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн кысым барган сайын күчөй берген. Бирок бир туугандар коркуп калышкан эмес. 1950-жылы 15-сентябрда ички иштер министри Антонио Хунгрия өлкөнүн президентине мындай деп кат жазган: «Мистер Ли Рой Брандт жана Жахабанын Күбөлөрүнүн башка жетекчилери кайра-кайра чакырылып, эскертүү алып жатышат. Бул уюмдун жүргүзгөн үгүт иштерине мыйзамдуу түрдө тыюу салынса да, алар мыйзамга баш ийбей жатышат. Бизге өлкөнүн ар кайсы жерлеринен булардын мыйзамды бузуп, өздөрүнүн үгүт иштерин жашыруун жүргүзүп жатканы тууралуу күнүгө билдирүүлөр келип түшүүдө». Анан катынын соңунда Жахабанын Күбөлөрүнүн «чет өлкөлүк жетекчилерин» депортация кылууну сунуш кылган.

«Күчтүн булагы»

1950-жылдын аяк ченинде өлкөгө Норр менен Хеншель бир туугандар барышкан. Ошондон кийин ал жакта кызмат кылып жүргөн айрым миссионерлер Аргентинага,  Гватемалага, Пуэрто-Рикого дайындалышкан. Бирок кээ бирөөлөрү жумуш таап, өлкөдө калып калышкан. Мисалы, Рой бир тууган электр тармагы боюнча иш жүргүзгөн бир компанияга жумушка орношкон, башкалары англис тилинен сабак берип иштешкен. 1951-жылдын «Жылдык китебинде» алар тууралуу мындай делген: «Миссионерлердин качып кетпей, өлкөдө жүргөнүнүн өзү эле алар чындыкты тааныганга жардам берген Мырзабыздын ишенимдүү жолдоочуларына күчтүн булагы болуп жатат. Алардын кабар айтуу ишин берилгендик менен аткарып, эр жүрөктүк көрсөтүп жатканын көрүп башкалар абдан кубанууда».

«Миссионерлердин... өлкөдө жүргөнүнүн өзү эле... күчтүн булагы болгон»

Англис тилинен сабак берип иштеген миссионерлердин бири Дороти Лоренсе болчу. Ал сабак бергенден тышкары, айрымдар менен Ыйык Китепти изилдечү. Ошонун аркасында бир канча кишиге чындык жолуна түшкөнгө жардам берген.

Жахабанын ишенимдүү кызматчылары бийликтегилердин тынбай көзөмөлдөп турганына карабай ар кандай жолдор менен кабар айта беришкен. Мисалы, элдин көзүнө урунбай кабар айтыш үчүн кээде китепти бир нече бөлүккө бөлүп, барактарын чөнтөгүнө же азык-түлүк салынган баштыгына салып алышчу. Кызмат отчётунун бланкасын болсо жер-жемиштердин тизмесиндей кылып  жазып алышчу. Китеп, китепче, журнал, кайра жолугуу жана саат деп турган тилкелерди папайя, төө буурчак, жумуртка, капуста жана шпинат деп жазып коюшчу. Ал эми мимеограф аркылуу көбөйтүлгөн «Күзөт мунарасынын» нускаларын ошол жергеде көп өскөн маниока деген жемиштин атынан аташчу.

Шакирт даярдоо ишинин улантыла бериши

1954-жылы 16-июнда Рафаэль Трухильо Ватикан менен келишим түзгөн. Ал келишимдин аркасында рим-католик чиркөөсүнүн төбөлдөрү Доминикан Республикасында өзгөчө артыкчылыктарга ээ болгон. Ал убакта кабар айтуу ишине тыюу салынганына төрт жылдай болуп калган. Анткен менен 1955-жылы өлкөдө жарчылардын саны 478ге жеткен. Эмненин аркасында ушундай өсүш болгон? Бул тууралуу 1956-жылдын «Жылдык китебинде»: «Рухий жактан күчтүү болуп жатканыбыздын сыры Жахабанын бизге ыйык рух берип жатканында. Бир туугандар биримдикте кызмат кылып, ишенимин бек сактап, эр жүрөктүк менен алга илгерилеп жатышат»,— деп жазылган.

1955-жылы июлда башкы башкармалыктагы бир туугандар Трухилього нотариус тарабынан тастыкталган  кат жөнөткөн. Алар ал катка Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтараптуулугу тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп, «Жахабанын Күбөлөрүнүн, ошондой эле Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун жүргүзгөн ишине салынган тыюунун жокко чыгарышын» өтүнгөн. Анын жыйынтыгы кандай болгон?