Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Иштин башталышы

Иштин башталышы

 Иштин башталышы

1945-жылдын 1-апрелинде, жекшемби күнү Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү Ленарт менен Виржиния Жонсондор Доминикан Республикасынын борбор калаасы Сьюдад-Трухилього (азыр Санто-Доминго) барышкан. Согуштан улам тарых барагы канга боёлгон ал өлкөдө ошол кезде алардан башка бир да Жахабанын Күбөсү жок болчу *. 1946-жылдын «Жылдык китебинде»: «Бул жер — аябай жемиштүү аймак. Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү баарын башынан башташты»,— деп жазылган. Ооба, ал жакта филиал да, Падышалык залдары да, жыйналыш да жок болчу. Жаңы барган миссионерлер эч кимди таанычу эмес, испан тилинде да жакшы сүйлөй алчу эмес. Эмерек тургай, үйү да жок болчу. Алар эмне кылышкан?

Ленарт мындай деп эскерет: «Биз „Виктория“ мейманканасына токтодук. Экөөбүзгө күнүнө, тамак-ашын кошкондо, беш доллар төлөчүбүз. Ал жакка барган күнү эле кечинде эки киши менен изилдөө баштадык. Ал мындай болгон: Бруклинде жүргөндө доминикандык эки аял менен Ыйык Китепти изилдечүбүз. Алар бизге туугандарынын, тааныштарынын дарегин берген. Алардын ичинде доктор Гриндин да дареги бар эле. Аны менен сүйлөшкөнү барып, кошунасы Мозес Роллинзге да жолугуп калдык. Дарегин ким бергенин айтсак, алар Падышалык жөнүндөгү кабарды кунт коюп угуп, Ыйык Китепти изилдегенге макул болушту. Көп өтпөй Мозес жарчы болуп, жергиликтүү жарчылардын биринчиси болуп калды».

 1945-жылдын июнь айынын башында ал жакка дагы төрт миссионер дайындалган. Кыска убакыттын ичинде эле алар бир топ адабият таратып, көптөр менен изилдөө баштаган. Кызыккандар көбөйө бергендиктен, октябрда жолугушууларды өткөргөнгө жер табыш керек болуп калган. Ошондуктан миссионерлер өздөрү жашаган миссионерлер үйүнүн конок бөлмөсүн жана ашканасын Падышалык залы катары колдонууга ылайыкташтырышкан. Жолугушууларга 40тай киши келчү.

Жакшы кабарга биринчилерден болуп кулак каккандардын бири Пабло Брюзауд болгон. Аны баары Пале деп коюшчу. Ал Сантьягодон Сьюдад-Трухилього каттаган автобусту айдагандыктан борбор калаага көп бара турган. Бир жолу Сьюдад-Трухилього барганда Палеге Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып, «Чындык силерди эркин кылат» деген китепти беришкен. Ал алар менен Ыйык Китепти күн сайын изилдеп, көп өтпөй эле миссионерлер менен чогуу кабар айта баштаган. Пале аларды кабар айта турган жерлерге да жеткирип турчу. Кийин ал Ленарт Жонсонго жолугуп, экөө Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыкка кат жазган адамдарга жолугуш үчүн Сьюдад-Трухильодон Сантьягого чейин, андан ары тоолуу аймактардан өтүп, деңиз жээгинде жайгашкан Пуэрто-Плата деген шаарга чейин барышкан.

Норр менен Френц бир туугандардын барышы

1946-жылы мартта Нейтан Норр менен Фредерик Френц бир туугандар башкы башкармалыктан Доминикан Республикасына барышкан. Аларды ал жердегилер чыдамсыздык менен күтүшкөн. Норр бир туугандын баяндамасын угууга бир туугандардан тышкары, 75 киши келген. Ошол сапарында Норр бир тууган өлкөдө филиалдын ачылышына кам көргөн.

Норр менен Френц бир туугандар өлкөдөгү биринчи Падышалык залында, Сьюдад-Трухильо

Өлкөгө дагы башка көп миссионерлер барып, 1946-кызмат жылынын аягында ал жактагы жарчылардын  саны 28ге жеткен. Өлкөдө жакшы кабар жаңыдан айтыла баштагандыктан, иш уюшкандыкта жана кылдат жүргүзүлүшү үчүн, миссионерлердин аймактардын карталарын түнү менен чийип чыккан учурлары болгон.

Кабар айтуу ишинин кулач жайышы

1947-жылы өлкөдө кабар айтуу ишине 59 киши катыша баштаган. Ошол жылы Кубада кызмат кылып жүргөн миссионерлердин айрымдары Доминикан Республикасына дайындалышкан. Алардын арасында Рой менен Жуанита Брандттар да болгон. Рой бир тууган филиалдын кызматчысы болуп дайындалып, он жыл бою ошол кызматты аркалаган.

1948-кызмат жылынын аяк жагында кызматын жигердүү аткарган миссионерлерге 110дой жарчы кошулган. Бирок ал ынталуу жарчыларды алдыда оор күндөр күтүп турган.

^ абз. 1 Доминикан Республикасында Күзөт мунарасы коомунун адабияттары 1932-жылдан тартып эле таратыла баштаган. Бирок кызыккандар Ыйык Китепти 1945-жылы, Ленарт менен Виржиния бир туугандар барганда, изилдей баштаган.