Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Жахаба көптөрдүн жүрөгүн ачты

Леонардо Амор

Жахаба көптөрдүн жүрөгүн ачты
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1943

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1961

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Чындыкты өспүрүм кезинде таанып, Жахабага 50 жылдан ашуун убакыттан бери толук убакыт кызмат кылып келет.

МЕН 1961-жылы Трухильонун өлтүрүлгөнүнөн бир айдай өткөндөн кийин чөмүлгөм. Ошол учурда университетте юридика факультетинде окуп жүргөм. Атам юрист болушумду каалачу, бирок мен Кудай жөнүндөгү билимдин теңдешсиз экенин түшүндүм. Ошондуктан атамдын каршы болгонуна карабай, университетти таштап салдым. Ошондон көп өтпөй атайын пионер болуп дайындалдым.

Бир жолкусунда көп убактан бери католиктердин шаары болуп келген Ла-Вегага дайындалдым. Ал жакта кызмат кылып жүргөндө бир да киши чындыкка келген жок. Менин баяндамамды пионер болуп кызмат кылган шеригим эле укчу. Бирок өздүк изилдөө өткөргөнүмдүн, жыйындарга барганымдын жана жалындуу тиленгенимдин аркасында Жахабанын мага күч берип жатканын сезчүмүн. Тиленгенде Жахабадан Ла-Вега шаарында да жыйналыш болсо экен деп суранчумун. Кубанычтуусу, азыр ал жакта  6 Падышалык залы, 14 жыйналыш жана 800дөн ашуун жарчы бар.

1965-жылы Аңкейла экөөбүз баш коштук. Ал эми 1981-жылы Бейтелде кызмат кылууга чакырылдык. Мен чөмүлгөн жылы өлкөдө 681 эле жарчы бар болчу. Азыр болсо 36 000ден ашуун жарчы бар, андан тышкары, жыйындарга миңдеген адамдар келип турат. Артты кылчая карап, Жахабанын көптөгөн адамдардын жүрөгүн ачып, Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билүүгө жардам бергенин көргөндө абдан сүйүнөм.

Филиалдын комитетинин мүчөлөрү (оңдон солго): Райнер Томпсон, Хуан Криспин, Томас Дин, Леонел Пегеро, Леонардо Амор жана Ричард Стодерд