Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Өлкөдө калууга чечкиндүү болчу

Өлкөдө калууга чечкиндүү болчу

Алар чындыкты табышкан

Жуана Вентура Ыйык Китепти кабар айтуу ишине тыюу салынган маалда изилдей баштаган. Ал 1960-жылы Осама дарыясында чөмүлгөн. Бир жолу Санто-Домингодогу чиркөөнүн пастору Жуананы «чиркөөгө келгендерди тартып кетип жатат» деп ойлогондуктан аны түрмөгө каматуунун жолун издеген. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жалганчы экенин далилдеп, Жуананы эл алдында уяткарам деген ой менен аны өзүнүн жаңы дини жөнүндө айтып бериши үчүн чиркөөгө чакырган.

Жуана мындай дейт: «Ал мага: „Эмне үчүн добуш бербейсиңер? Эмне үчүн согушка барбайсыңар? Эмне үчүн өзүңөрдү Жахабанын Күбөлөрү деп атайсыңар?“ — деген үч суроо берди. Анын суроолоруна Ыйык Китепти колдонуп жооп берип жатканымда, чиркөөгө келгендер ал аяттарды өздөрүнүн Ыйык Китебинен окуп жатышты. Анан билгендерине аябай таасирленип, көбү чындыкты тапканын  түшүнүштү. Ошол жердегилердин баары Ыйык Китепти изилдеп, кийин 25 киши өзүн Жахабага арнап чөмүлдү». Ал окуя Санто-Домингодогу кабар айтуу ишинин кеңири жайылышына шарт түзгөн.

Жахабанын Күбөлөрү өлкөдө калууга чечкиндүү болчу

Трухильо өлгөндөн кийин, өлкөдөгү саясий кырдаал аябай оорлоп кеткен. 1963-жылдын «Жылдык китебинде»: «Көчөнүн бети аскерлерден көрүнбөй калган. Согуш, жаңжал болбогон бир да күн өткөн эмес»,— деп жазылган. Бирок саясий абалдын курчуп турганына карабай, кабар айтуу иши алга илгерилей берген. 1963-кызмат жылынын аягында жарчылардын жогорку саны 1155ке жеткен.

1962-жылы өлкөгө башкы башкармалыктан Нейтан Норр барганда кеңири кулач жайып жаткан кабар айтуу ишин жетектеш үчүн чоңураак имарат салыш керектигин айткан. Ошондуктан бир туугандар жер сатып алып, эки кабаттуу имарат жана жаңы Падышалык залын курушкан. 1963-жылдын 12-октябрында, ишемби күнү башкы башкармалыктан Фредерик Френц барып, жаңы имараттарды арноо аземине арналган баяндаманы окуган. Ушулардын баары Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өлкөдө калууга чечкиндүү экенин көрсөткөн. Арноо аземинен көп өтпөй ал жакка Кубадан куулган акыркы миссионерлер Харри менен Пакуита Дефилддер барган.

Төңкөрүшкө карабай өсүш боло берген

1965-жылдын 2-апрелинде төңкөрүш болуп, өлкөнүн бүт жери талкаланган. Бирок Жахабанын Күбөлөрү рухий жактан өркүндөй берген. 1970-жылдары ал жакта 3378 жарчы, 63 жыйналыш бар болчу. Ошол жарчылардын жарымынан көбү чындыкты 1970-жылга чейинки беш жыл аралыгында таанышкан. 1972-жылдын «Жылдык китебинде» мындай деп жазылган: «Алар коомдун ар кайсы  катмарынан чыккан. Алардын арасында автомеханиктер, фермерлер, айдоочулар, бухгалтерлер, куруучулар, усталар, юристтер, тиш доктурлар жана мурунку саясатчылар бар. Аларды чындыкка жана Жахабага болгон сүйүү бириктирүүдө».