Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөгө камалышы жана ишине тыюу салынышы

Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөгө камалышы жана ишине тыюу салынышы

Бейтараптуу болгону үчүн түрмөгө камалгандар

Энрике Гласс жана ал эки жума отурган түрмө

Сүргүнгө айдалган доминикандыктардан турган бир топ 1949-жылдын 19-июнунда Доминикан Республикасынын башчысы Рафаэль Трухильону бийликтен кулатыш үчүн өлкөгө кайтып барышкан. Бирок алардын ою  ойрон болгон. Анткен менен ошол окуядан кийин аскердик кызматтан баш тарткандар, өлкөнүн душмандары деп эсептелгендердин баары түрмөгө камалган. Аскердик кызматтан баш тартканы үчүн биринчилерден болуп түрмөгө отургузулгандар Леон, Энрике жана Рафаэль Гласс деген бир туугандар, ошондой эле Леон менен чогуу иштеген башка Жахабанын Күбөлөрү болгон.

Леон мындай дейт: «Аскердик жашыруун кызматтагылар [мени менен чогуу иштегендерди жана мени] кармап, суракка алышты. Анан коркутуп туруп бошотуп жиберишти. Бирок бир нече күндөн кийин эле, эч кандай текшерүүдөн өткөрбөй туруп, аскердик кызматты өтөөгө чакырышты. Алардын талабын аткаруудан  баш тартканыбызда, бизди түрмөгө камашты. Ал жакта дагы төрт Жахабанын Күбөсү бар экен, алардын экөө менин уялаш бир туугандарым эле. Кийинчерээк камактан бошотулуп, бирок көп өтпөй эле кайра камакка алындык. Бизди үч жолу камакка алып, үч жолу бошотушту. Аралыгы бир күн же бир нече күн болду. Жалпы жонунан алганда, темир тордун артында жети жылдай отурдук. Акыркы мөөнөтүбүз беш жылга созулган».

«Атүгүл таяк, камчы менен сабап, мылтык менен урушса да, Жахаба күч бергендиктен, андай кордукка чыдай алдык»

Бир туугандар түрмөдөн сыноолорго күн сайын кабылышкан. Абакта отургандар менен түрмөнүн кароолчулары аларды күнү-түнү мазакташкан. Мисалы, бир туугандар башында камалган Форт Озама деген түрмөнүн башчысы аларга: «Жахабанын Күбөлөрү, Шайтандын Күбөсү болгонуңарда мага айтып койгула, ошондо силерди бошотом»,— деп айткан. Бирок куугунтуктагандар ишенимдүү бир туугандарды кынтыксыздыгынан тайдыра алышкан эмес. Леон мунун себебин мындай деп түшүндүргөн: «Жахаба бизге кыйынчылыктарга чыдоого дайыма күч берчү. Биз анын кичинекей нерселерде да бизге жардам берип жатканын сезчүбүз. Атүгүл таяк, камчы менен сабап, мылтык менен урушса да, Жахаба күч бергендиктен, андай кордукка чыдай алдык».

Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынышы

Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыккандар бүтүндөй өлкө боюнча куугунтукту күчөтө беришкен. Ошого карабай 1950-жылдын май айында миссионерлерден тышкары 238 жарчы кызмат кылган. Алардын 21и үзгүлтүксүз пионер болчу.

Бир туугандардын бейтараптуу болгону үчүн түрмөгө кесилгени жөнүндө жазылган гезит

 Ошол убакта өлкөнүн жашыруун кызмат агенти президенттин катчысына: «Жахабанын Күбөлөрү деп аталган диний секта бул шаарда [Сьюдад-Трухильодо] үгүт ишин жүргүзүп, динин жайылтып жатат»,— деп жазган. Анан: «Буга олуттуу көңүл бурушуңарды дагы бир жолу суранам, себеби Жахабанын Күбөлөрү айрымдардын, өзгөчө, карапайым кишилердин аң-сезимин бурмалап, адаштырып жатат»,— деген.

Рой бир тууганга ички иштер министри Ж. Антонио Хунгрия аскердик кызмат, желекке таазим кылуу жана салык төлөөгө байланыштуу кандай көз карашка карманышарын кат жүзүндө билдирип, жөнөтүп жиберишин айткан. Рой бир тууган «Кудай чынчыл» деген китептеги маалыматты колдонуп, ага кат жөнөткөн. Бирок ошого карабай Хунгрия 1950-жылдын 21-июнунда Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарган. Андан кийин Рой бир тууганды буйрукту өз кулагы менен угуп кетиши үчүн офисине чакырган. Рой бир тууган  андан миссионерлердин өлкөдө калса болор-болбосун сураганда, ал эгер миссионерлер мыйзамга баш ийсе жана динин жайылтпаса, өлкөдө кала аларын айткан *.

^ абз. 1 Буйрук чыкканга чейин бир нече жума мурун католик дин кызматчылары Жахабанын Күбөлөрүн жамандап, аларга коммунисттер деп жалган жалаа жаап, гезитке узун макала чыгарышкан.