Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Ал жашоонун маңызын тапкан

Хосе Эстевес

Ал жашоонун маңызын тапкан
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1968

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1989

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Жакшы жашоону эңсеп, бала кезинде шаарга көчүп кеткен. Чындыкты ошол жактан тааныган. Көп жылдан бери Кудайга ынталуу кызмат кылып, Падышалыкты биринчи орунга коюп келет.

ХОСЕ 11 жашында Санто-Домингого көчүп барып, бут кийим тазалап, апельсин жана майдаланган муз сатып иштечү. Кенедей эле бала болсо да, жумушту майын чыгара аткарганы менен таанымал болуп калган. Бир нече жыл өткөндөн кийин Жахабанын Күбөсү болгон агасы Хосени анын үйүндөгү жумуштарды жасаганга чакырган. Бир жолу ал ошол үйдөгү ашканадан «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китепти көрүп калып, аны түнү менен көз ирмебей окуп чыккан. Ошондо жашоонун маңызын тапканына көзү жеткен.

Кийинки дем алыш күнү ал жакын жердеги Падышалык залына барып, бир туугандарга өзүн Жахабанын Күбөсү деп тааныштырган. Ал аларга «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китептен жыйналышка барып турушу жана жакшы кабар айтышы керек экенин окуганын, ошондой эле Иса Машаяктын жолдоочулары кандай иштерди  кылбашы керектигин билгенин жана ал иштерди эч качан кылбаганын айткан. Ошондон 15 күн өткөндөн кийин Хосе жарчы болгон. Ал эми алты айдан кийин 21 жашында чөмүлгөн.

Жумушунун графиги жыйналыштын убактысына ылайык келбегендиктен, башка жумушка орношкон. Жаңы жумушунун айлыгы мурунку айлыгынын төрттөн бир бөлүгүн эле түзсө да, жыйналышка барууга жана пионер болуп кызмат кылууга ылайыктуу болчу. Бирок үйлөнүп, эки балалуу болгондон кийин ага пионердик кызматын токтотууга туура келген.

Хосе уулдарына ымыркай кезинен тартып эле чындыкты үйрөтүүгө аракет кылчу. Тун уулу Ноени курсакта жатканда эле окута баштаган. Жубайы Жозефинанын боюна бүткөнүнө үч эле ай болгондо, уулуна «Ыйык китептик аңгемелер» китебин окуп берчү. Ал эми Ное төрөлгөндөн кийин, ал китепти толугу менен окуп бүтүшкөн. Экинчи уулу Нефталини да курсакта жаткан кезинен тартып үйрөтө баштаган.

Кийинчерээк Хосе бир ишкананын башкы деректири болгон. Ал жумушунан мурунку жумушуна караганда 10 эсе көп тапчу. Бирок 2008-жылы, улуу баласы 13кө, кичүүсү 10го чыкканда, ал жумушун таштап, кайрадан үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштаган. Ага жубайы да, балдары да кошулган. Айлыгы бир топ эле аз болуп калгандыктан, жубайы менен балдары чыгашаны азайтууга жардам беришкен. Учурда төртөө биригип айына 30 киши менен Ыйык Китепти изилдешет. Иса Машаяк Падышалыкты биринчи орунга койсок, Жахабанын бизге батасын берерине ынандырган (Мт. 6:33). Хосе үй-бүлөсү менен ошол убадага ишенгендиктен Жахабанын өз убадаларын дайыма аткарарына өз тажрыйбасынан улам ынанып келет.