Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

Доминикан Республикасы

Доминикан Республикасы

ХРИСТОФОР КОЛУМБ 1492-жылы али эч кимге белгисиз «жаңы дүйнөгө» туш болгон. Ал байлыкка тундуруп, жаңы ачылыштарга жол ача турган ошол жерлердин бирин Ла Исла Эспаньола же Эспаньола деп атаган. Учурда ал жердин үчтөн эки бөлүгүн Доминикан Республикасы ээлейт. Ондогон жылдар мурун ал жакта жашаган миңдеген адамдар башка нерсени табышкан. Ал Кудайдын Падышалыгы орното турган, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнө жөнүндөгү чындык болчу (2 Пет. 3:13). Кийинки беттерде ошол чындыкка ээ болгон жүрөгү таза адамдардын башынан өткөн кызыктуу окуялар баяндалат.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

Доминикан Республикасы тууралуу кыскача маалымат

Доминикан Республикасы тууралуу окуп көргүлө.

Иштин башталышы

Алгачкы миссионерлер кызыккан адамдар менен Ыйык Китепти качан изилдей баштаган?

«Бир күнү аларга сөзсүз жолугабыз!»

Пабло Гонсалестин 13 жыл бою издеп жүргөн кишилерине кантип жолукканын окуп көргүлө.

Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөгө камалышы жана ишине тыюу салынышы

Айрым Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөдөгү катуу сыноого кантип чыдашканы жөнүндө окуп көргүлө.

Кабар айтуу ишинин улантыла бериши

Кайра жолугуу жана саат дегендин ордуна жарчылар капуста жана шпинат деп жазып алышчу.

Кабар айтуу ишине кайрадан тыюу салынышы

Алты жылга созулган Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине салынган тыюу 1956-жылы жоюлган. Бирок ал эркиндик 11 эле айга созулган.

Католик чиркөөсү жана Трухильо

Көп жылдар бою Доминикан диктаторун колдоп келген чиркөө өкмөткө болгон мамилесин өзгөрткөндөн тышкары, доминикандыктардан кечирим сураган.

Ырайымсыз куугунтук

Өкмөттөгүлөр Жахабанын Күбөлөрүн жок кылабыз деген максатына жетти беле?

Жахабанын Күбөлөрүнүн башчысы ким?

Тыюу салынган кезде адабияттарды басып чыгарып, таратыш үчүн мимеограф, май куюлган челек, мүшөк жана маниока колдонулган.

Эркиндигин тобокелге салгандар

Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрү тыюу салынганына карабай, тапкычтык кылып жолугушууларын өткөрө беришкен.

Туруктуулгунун аркасында эркиндикке чыгышкан

Өкмөттөгүлөрдүн көп жылдар бою көрсөткөн каршылыгынан кийин Доминикандагы Жахабанын Күбөлөрүнө эч кимдин оюна келбеген киши эркиндик бергени жөнүндө окуп көргүлө.

«Арстандай айбат көрсөтчүмүн»

Луис Эдуардо Монтас диктаторду өлтүрүүгө эки ирет аракет кылган жана аны өлтүрүүгө амал издеп жүргөн учурда Ыйык Китептеги чындыкты тапкан.

«Падышалыкка болгон үмүт куру кыял эмес»

Ефрайн де ла Круз жакшы кабар айтканы үчүн жети башка түрмөгө камалып, ал жактан көп кордук көргөн. Ага 60 жылдан ашуун убакыт бою ынталуу бойдон калууга эмне жардам берген?

«Кайра эле Жахабанын Күбөсү болмокмун»

Бир дин кызматчы Мария Гласска, Ыйык Китепти окуса, акылынан айнып каларын айткан. Бирок ал ага карабай Ыйык Китепти окуп, дин кызматчынын эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөн.

Кабар айтуу эркиндигине ээ болуу

Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, өлкөгө көп миссионерлер барып, кабар айта баштаган. Алар убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү жалган маалыматты жокко чыгара алышкан.

Өлкөдө калууга чечкиндүү болчу

Доминикандагы саясий абал курчуп турса да, кабар айтуу иши алга илгерилей берген. Жахабанын Күбөлөрүнүн өлкөдө калууга чечкиндүү экени эмнеден көрүнүп турган?

Көп жарчылардын талап кылынышы

Доминикан Республикасындагы Жахабанын кызматчыларынын тарыхында ошол жакка кызмат кылыш үчүн башка өлкөдөн көчүп барган көп сандаган бир туугандардын эмгеги зор.

Алар бири-бирин чындап сүйөт

1998-жылы Доминикан Республикасында Жорж бороон-чапкыны болгондо, жан аябас ыктыярдуу кызматчылар көптөргө жардам берип, Жахабаны даңкташкан.

Сыйынуу жайларына болгон муктаждык

Жарчылардын саны өскөн сайын сыйынуу жайларына болгон муктаждык да өскөн. Сыйынуу жайлары жетиштүү болушу үчүн Жахабанын Күбөлөрү эмне кылышкан?

Креол (Гаити) тилинде кабар айтуу

Жахабанын Күбөлөрү Падышалык жөнүндөгү кабарды креол (Гаити) тилинде сүйлөгөндөргө да айтышкан. Натыйжада ошол тилде жыйналыштар жана топтор уюшулган.

Гаитидеги жер титирөө

2010-жылы Доминикан Республикасындагы жана башка өлкөлөрдөн барган Жахабанын Күбөлөрү гаитиликтерге бардык жактан чоң жардам көрсөтүшкөн.

Алдыдагы өсүш

1945-жылдан бери Доминикан Республикасында кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде чоң ийгиликтер болду. Алдыда дагы чоң өсүш болору күмөнсүз.

Жахаба көптөрдүн жүрөгүн ачты

Леонардо Амор Ла-Вегада кызмат кылып жүргөндө Ыйык Китептеги чындыкка бир да киши кызыккан эмес. Бирок кийин чындыкка кызыккандар болгонбу?

22 киши чиркөөдөн кеткен

Шаардын тургундары Жахабанын Күбөлөрүн элди бузуп “Шайтандын окууларын” таратып жүрөт дешчү. Бирок Жахабанын Күбөлөрү андай эмес экенин далилдешкен.

Атеисттин Кудайдын кызматчысы болушу

Хуан Криспин заманды төңкөрүш гана оңдойт деп ойлочу. Ага көз карашын өзгөртүп, Кудайдын кызматчысы болууга эмне жардам берген?

Чындыкты биринчилерден болуп тааныган кулагы укпаган киши

Хосе Перез деген кулагы укпаган киши Доминикан Республикасында биринчилерден болуп чындыкты тааныган. Ал чындыкты кантип тааныган? Ыйык Китептеги чындыкты түшүнүүгө эмне жардам берген?

Ал жашоонун маңызын тапкан

Хосе Эстевес жана анын үй-бүлөсү жашоонун маңызын тапкан. Алар Жахабанын өз убадаларын дайыма аткарарына кантип ынанышкан?

Кудайга кызмат кылгым келбей калган

Мартин Паредес дин кызматчы болуш үчүн диний окуу жайда окучу, бирок Кудайга кызмат кылгысы келбей калган. Ага оюн өзгөрткөнгө эмне жардам берген?