Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Өздөрү жүктөп алып, башкаларга беришет

Кубада Интернет азырынча кеңири колдонула элек. Ошентсе да телефон компаниясы тарабынан дүкөндөр Интернетке туташууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок төлөмү абдан кымбат. Ошол себептүү ал жактагы филиал жыйналыштарды бир туугандарга jw.org сайтынан пайда алууга жардам бериш үчүн бир жарчыны сайттан адабияттарды, аудиожаздырууларды жана видеолорду жүктөп алып, бир туугандарга берип турууга дайындоого үндөгөн. Бул жакшы натыйжа берүүдө.

 Падышалык залы телефондон да маанилүү

Грузияда жашаган 10 жаштагы Теона менен анын 8 жаштагы сиңдиси Тамуна аябай телефон алгысы келчү. Аларга телефон алып бериш үчүн чоң апасы пенсиясынан ай сайын акча берип турууну убада кылган. Өкүнүчтүүсү, чоң энеси күтүлбөгөн жерден каза болуп калган. Ошентсе да үйүндөгүлөрү телефон сатып алсын деп кыздарга чоң апасынын акыркы пенсиясын берген. Бирок кыздар жакшылап ойлонуп көрүп, ал акчаны жыйналышка тартуу кылууну чечишкен. Алар мындай деп кат жазышкан: «Эки жумадан кийин Тержолада бизге жаңы Падышалык залы куруларын билебиз. Чоң апабыз ушул ишке аябай жардам бергиси келчү. Ошондуктан чоң апабыздын акыркы пенсиясына телефон сатып албай, толугу менен жыйналышка берели деп чечтик. Бизге сонун Падышалык залын куруп бергилечи!»

Тетум тилинде чыккан Грек Жазмалары

2014-жылдын 17-январында Тимор-Лестедеги Дили шаарында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» өлкөдө көптөр сүйлөгөн тетум тилинде жарык көргөнүн кулактандырды. Мурда тетум тилиндеги Грек Жазмалары католик чиркөөсү тарабынан гана басылчу. Андай Ыйык Китептерди Жахабанын Күбөлөрүнө же алар менен изилдегендерге сатпай коюшчу. Бирок ал Ыйык Китепте көп аяттар так берилген эмес, айрым аяттар алынып салынган, эл түшүнбөгөн эски сөздөр көп кездешчү, каталар да көп болчу. Ал эми «Жаңы дүйнө котормосу» андан таптакыр айырмаланган. Ал тууралуу Тимор-Лестедеги Даррен деген миссионер мындай деген: «„Жаңы дүйнө котормосун“ окуп көргөндөн кийин  көптөр анын тактыгына ушунчалык таасирленгендиктен аны дароо эле сурашат. Алар анын окуганга жеңил экенин айтышат жана үйлөрдүн көбүндө электр жарыгы начар болгондуктан Ыйык Китептин чоңураак арипте басылганына аябай ыраазы болушат. Учурда Ыйык Китеп алгандардын көбү изилдеп жатат».

«Жахабанын мени... татыктуу деп эсептегенине... ыраазымын»

Македония: Цыган тилиндеги адабияттарды колдонуп кабар айтып жатышат

2014-жылдын январында адабияттарды Македониядагы адамдардын көбү сүйлөгөн цыган тилине которгон котормочулардын жумушунда жаңы өзгөрүү болгон. Котормо бөлүмүндө бир топ уюшулуп, цыган тилиндеги адабияттарды латын арибинде эле эмес, кириллица арибинде да басып чыгарууга уруксат берилген. Бул Македонияда расмий арип катары колдонулган кириллицаны окуп көнүп калгандар үчүн чоң жардам болууда.

 Цыган тилинде сүйлөгөндөрдүн көбү Жахабанын уюмунун адабияттарды алардын тилинде да чыгарып жатканына абдан ыраазы болуп жатышат. Бир бир тууган: «Цыган тилинде сүйлөгөндүктөн, башкалар мени көп жактырчу эмес. Жахабанын мени адабияттарды эне тилимде алышыма татыктуу деп эсептегенине абдан ыраазымын. Бул мени Жахабага ого бетер жакындатууда»,— деген.

«Жахабанын мени адабияттарды эне тилимде алышыма татыктуу деп эсептегенине абдан ыраазымын»

Көзөмөл жүргүзүүнүн өзгөрүшү

2014-жылдын 1-февралынан баштап АКШдагы филиал Ямайка менен Кайман аралдарындагы аймакты жана жыйналыштарды көзөмөлдөй баштаган. Эми анын аймагындагы жарчылар, баары биригип, 1,2 миллион болуп калды. Филиалдын көзөмөлү алдында АКШнын 50 штаты, Багам аралдары, Бермуда аралдары, Британия, Виргиния аралдары (АКШ), Пуэрто-Рико, Теркс жана Кайкос аралдары бар.

Жапониядагы пионерлер

Жапониядагы бир туугандар пионердик кызматка болгон ынтасын жалындатып келишет. Ал өлкө үзгүлтүксүз пионерлердин санынын көптүгү жагынан дүйнө жүзү боюнча төртүнчү орунда турат. 2014-кызмат жылынын башында пионерлердин катарына 2 646 жаңы пионер кошулуп, алардын жалпы саны 65 668ге жетти. 2014-жылдын мартында жарчылардын жарымынан көбү пионердик кызматтын ар кайсы түрүн аткарышкан.