Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

2015-жылдын жылдык аяты

«Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы» (Забур 106:1).

2015-жылдын жылдык аяты

Ысрайылдыктар Кызыл деңиздин жанынан фараон менен анын аскеринин колунан куткарылганда Жахабага абдан ыраазы болушкан. Бизде да Жахабага ыраазычылык билдирүүгө көптөгөн себептер бар. Кыйынчылыкка туш болгонубузда көңүлүбүз чөгөрү айтпаса да түшүнүктүү. Бирок ошондой учурда алган баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүү бизди жубатып, бекем болууга жардам берет.

 Биз жогору баалаган баталардын бири — келечекке болгон үмүтүбүз. Жакында биз азап-кайгыдан, кыйынчылыктардан арылабыз. Бирок азыр кандай кыйынчылыктарга туш болбойлу, Жахаба бизди эч качан таштабайт. Мээримдүү Койчубуз, ага ишенимдүү кызмат кылышыбыз үчүн, бизди зарыл нерселердин баары менен камсыз кылат. Ал дайыма «биздин баш маанабыз, күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» болот (Заб. 46:1). Ушул баталарга көңүл топтосок, оор сыноолорду да көтөрүп кете алабыз. Андыктан келерки жылы да Жахабадан алган баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүп, ага ыраазычылык билдире берели, «анткени ал жакшы, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү» (Заб. 106:1).