Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Кымбаттуу бир туугандар!

«Баарыңар үчүн тиленген сайын Кудайга ыраазычылык билдиребиз. Анткени ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Мырзабыз Иса Машаякка үмүттөнүү менен көрсөтүп жаткан туруктуулугуңарды Кудай Атабыздын алдында ар дайым эстейбиз» (1 Тес. 1:2, 3). Бул сөздөр биздин силерге болгон сезимдерибизди таамай чагылдырып турат. Силер менен кызматташып жатканыбыз үчүн, силердин бардык жакшылыгыңар үчүн Жахабага ыраазычылык билдиребиз. Эмне үчүн ушунчалык ыраазы болуп жатканыбызды билесиңерби?

Себеби Падышалыктын иштерин ишеним, сүйүү менен аткарыш үчүн өткөн жылы талыкпай эмгектендиңер. Көптөрүңөр кызматыңарды кеңейтиш үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдондуңар. Алсак, айрымдарыңар жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерлерге, атүгүл башка өлкөлөргө көчүп бардыңар. Башкаларыңар эл көп жерде күбөлөндүрүүгө аракет кылдыңар. Көпчүлүгүңөр Эскерүү кечесинин алдында жана андан кийин, райондук көзөмөлчү келген айда жана 2014-жылдын август айындагы өнөктүк учурунда көмөкчү пионер болуп кызмат кылдыңар. Жагдай-шартыңар ар кандай болсо да, Жахабага жан-дилден кызмат кылганыңар үчүн силерди чын жүрөктөн мактагыбыз келет (Кол. 3:23, 24). Ушундай «ишеним менен кылып жаткан ишиңер» бизге Жахабага ыраазычылык билдирүүгө түрткү берип жатат.

 Биз силердин дүйнө жүзү боюнча ар кандай теократиялык имараттардын курулушуна катышып, «сүйүү менен» эмгектенип жатканыңарды да жогору баалайбыз. Жахабанын эли күн санап өсүп жаткандыктан, ушундай имараттар абдан керек (Ыш. 60:22). Элестетсеңер, өткөн жылда жарчылардын жогорку саны 8 201 545ке жетти, ал эми Ыйык Китепти изилдегендердин ай сайынкы орточо саны 9 499 933 болду. Ушундай өсүштүн аркасында көп филиалдарды кеңейтүүгө туура келүүдө. Падышалык залдарына болгон муктаждык да көбөйүүдө. Андан тышкары, дүйнөнүн булуң-бурчундагы котормочулар өздөрү сүйлөгөн тилдеги аймакта жашап, ошол жакта кызмат кылышы үчүн алыскы котормо офистери талап кылынууда.

Ошондуктан: «Андай имараттардын курулушуна жеке мен кантип салым кошо алам?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Балким, айрымдарыңар курулушка катыша алаттырсыңар. Бирок курулуш боюнча адистигибиз же шыгыбыз барбы, жокпу, баарыбыз тең баалуу нерселерибизди берип, ошондой долбоорлорду колдой алабыз (Накыл 3:9, 10). Байыркы учурда ыйык чатыр курулуп жатканда, ысрайылдыктар абдан көп тартуу алып келгендиктен, аларды токтотууга туура келген (Чыг. 36:5—7). Ыйык Китептеги ушул сыяктуу окуялар жүрөгүбүздү козгоп, бизге да тартуу кылууга түрткү берери шексиз. Силердин бул жагынан да «сүйүү менен» колдоо көрсөтүп жатканыңар үчүн Жахабага дагы бир ирет ыраазычылык билдиргибиз келет.

Бир туугандарыбыздын туруктуулугун көрүп да абдан кубанып жатабыз. Мисалга Түштүк Кореядагы бир туугандарды алалы. 1950-жылдан тартып ал өлкөдөгү жаш бир туугандар бейтараптуулук сактаганы үчүн түрмөдө отурууга аргасыз болуп келишет. Ошондой сыноого кабылгандардын  бири да чечимин өзгөрткөн эмес. Алардын туруктуулугу ишенимибизди бекемдебей койбойт.

Эритреядагы үч бир тууганыбыздын түрмөдө отурганына 20 жылдан ашып баратат. Түрмөдө кыскараак мөөнөткө кесилген эже-карындаштарыбыз жана алардын балдары да бар. Аларды бошотууга канча күч-аракет жумшалып жатса да, азырынча эч кандай майнап чыга элек. Бирок бир туугандарыбыз багынган жок. Алар ушундай оор жагдайларда да Кудайга болгон берилгендигин сакташууда. Андыктан мындан ары да алар үчүн тилене берели (Рим. 1:8, 9).

Албетте, баарыбыз эле мындай сыноого кабылбайбыз. Анткен менен көптөрүңөр карылыктын, өнөкөт оорунун азабын тартып, Жахабанын Күбөсү эмес жубайыңардын, туугандарыңардын каршылыгына дуушар болуп же жеке өзүңөр гана билген кыйынчылык менен күрөшүп жатасыңар. Бирок ошого карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келатасыңар (Жкп. 1:12). Биз силерди туруктуулугуңар үчүн чын дилден мактагыбыз келет. Биз Жахабага ушул үчүн да ыраазычылык билдиребиз.

Ооба, силердин ишенимдүүлүк менен аткарып жаткан кызматыңарды, сүйүү менен кылган эмгегиңерди, туруктуулугуңарды көрүп, «Жахабага ыраазычылык билдиребиз», «анткени ал жакшы» (Заб. 106:1). Биз баарыңарды аябай жакшы көрөбүз жана Жахабага түбөлүккө кызмат кылышыңар үчүн анын силерге күч-кубат берип, колдоп, жумшаган күч-аракетиңерге батасын бере беришин сурап тиленебиз.

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши