Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

Жүз жыл мурун. 1915

Жүз жыл мурун. 1915

 «АЗЫР сыноо учуру. Биз б.з. 1914-жылы асманга кетерибизге үмүттөнгөндүктөн эле кызмат кылып келдикпи? Же МЫРЗАБЫЗДЫ, ал жарыялаган кабарды жана бир туугандарды сүйгөндүктөн, берилген бойдон калганга умтулгандыктанбы?» — деп жазылган 1915-жылдагы «Күзөт мунарасынын» 1-мартта чыккан санында. Арийне, 1915-жылы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн айрымдары көңүл кайттыкка учурап, терс сезимдер менен күрөшүп жүргөн. Ал эми дүйнөдө башкача күрөш жүрүп жаткан.

Биринчи дүйнөлүк согуш бүтүндөй Европаны кучагына алган. Жаңы техника согуштун жүрүшүн өзгөртүп, сан жеткис адамдын өлүшүнө себеп болгон. Мисалы, 1915-жылы Германиянын суу астында жүрүүчү кемелери Улуу Британияны курчап турган сууларга каттай баштаган. Ошол эле жылдын 7-майында ал кемелердин бири Улуу Британиянын жүргүнчүлөрдү ташыган «Лузитания» деген кемесин чөктүргөн. Ошондо 1 100дөн ашуун киши каза тапкан.

Бейтараптуулук маселеси

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр согушту колдогусу келбегени менен, бейтараптуулук эмне экенин толук түшүнчү эмес. Андыктан айрымдар, өз ыктыяры менен аскерлердин катарына жазылбаса да, чакырылганда согушка барып, аскердик курамга кирбеген кызматты өтөшчү. Эгер окопко жөнөтүлсө, «эч кимди өлтүрбөй, абага атып коём» деп ойлошчу.

1915-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасында» бир венгр жоокер менен болгон окуя жазылган. Ал жоокер согуштан алган жараатынан дарыланып жүргөн кезде чөмүлүп, кийин кайра согушка барган. Ошондо эмне болгону мындайча баяндалган: «Алар [венгр жоокерлер] орустардын фронтуна 240 метр кирип баргандан кийин: „Мылтыктардын найзасы менен чыккыла!“ — деген буйрук алышкан. Венгр бир тууган сол катардын эң артында болчу. Ал эптеп эле душмандан коргонуунун айласын издеп, аны менен кармашып жаткан орус жоокердин мылтыгын тартып алууга тырмышкан. Ошондо ал орус жоокердин да ошентип жатканын  байкап калган... Анан эле орус жоокер колундагы мылтыгын таштап жиберип, ыйлап кирген. Венгр бир тууган „душманына“ жакыныраак барып, анын крест менен таажы чегилген төш белгисин көрүп калган. Көрсө, ал анын ишенимдеши экен» *.

1915-жылдын 1-сентябрындагы «Күзөт мунарасына» «Бейтараптуулук жана согуш» деген макала чыккан. Ал макалада: «Аскердин мүчөсү болуу жана аскердик форманы кийүүнүн өзү эле жоокердин ошону менен бирге келе турган милдеттер менен жоопкерчиликтерди кабыл аларын билдирет... Андай болсо, Иса Машаяктын жолдоочусунун аскерге барганы туура болобу?» — деп жазылган. Ошондон кийин Кудайдын кызматчыларынын согушту эч кандай жол менен колдобошу керектиги айкын болгон.

Башкы башкармалыктагы өзгөрүүлөр

1915-жылы Нью-Йорктогу Бейтел үй-бүлөсүнүн 70 мүчөсү акча-каражаттын тартыштыгынан улам талаада кызмат кылууга жөнөтүлгөн. Жооптуу бир туугандар аларга жагдайды түшүндүрүп: «Биз карызга баткыбыз келбейт, кабар айтуу ишинин да токтоп калышын каалабайбыз. Ошондуктан чыгымдарыбызды мүмкүн болушунча азайталы деп жатабыз»,— деп айтышкан.

Кийин Бейтелден кеткен ал 70 киши жооптуу бир туугандарга кат жазган. Ал катка Клейтон Ж. Вудвортс жана дагы башка эки бир тууган кол койгон. Алардын каты 1915-жылдын 1-майындагы «Күзөт мунарасына» басылып чыккан. Ал бир туугандар каты аркылуу ошондой өзгөрүүнү «кубаныч менен кабыл алышканын жана Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары ээ болгон көптөгөн сыймыктуу жоопкерчиликтерине, алган баталарына абдан ыраазы» экенин билдиришкен.

 Жаңы дайындоону кабыл алуу оңой болбосо да, ошондо алардын Жахабага болгон берилгендиги сыналган. Алар андан ары да Кудайга ишенимдүү кызмат кыла берет беле же ызага алдырып, кызматын токтотуп коёт беле? Мисалы, алардын бири Клейтон бир тууган кабар айтуу ишине катышканын уланта берген. Ал кийин кайра Бейтелге чакырылып, 1919-жылы «Алтын кылым» (азыр «Ойгонгула!») журналынын биринчи редактору болгон. Клейтон бир тууган ал кызматты 1946-жылга чейин аркалаган.

Кызмат кылууга шарт түзгөн мүмкүнчүлүктөр

Ошол оор учурда «Күзөт мунарасы» журналы бир туугандарды кабар айтканын токтотпоого үндөп келген. Мурда кызыгуу көрсөткөн адамдарга өзгөчө көңүл бурула баштаган. «Күзөт мунарасынын» 1915-жылынын 15-декабрдагы санында: «Бизде адабият алгысы келерин билдирген, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде жашаган адамдардын тизмеси бар. Биз силерди аларга барып, кызыгуусу сууп калган-калбаганын билүүгө чакырабыз»,— деп жазылган. Ошентип, бир туугандар ошол адамдардын кызыгуусун — «Кудайга жана чындыкка болгон ынтасын — жалындатууга» аракет кыла баштаган.

Азыркыдай эле, ошол учурда Иса Машаяктын жолдоочулары көңүлүн Падышалыктын иштерине топтошу керек болчу. «Биз, азыр сергек тургандардын баары, Кудайга жигердүү, ынталуу кызмат кылышыбыз керек»,— деп жазылган 1915-жылдагы «Күзөт мунарасынын» 15-февралдагы санында. Ооба, алардын сергек турушу маанилүү болгон. Журналда андан ары: «Биз сак болушубуз керек. Бирок эмнеден? Учурдагы тузактарга түшүп калбаш үчүн биринчи кезекте өзүбүзгө сак болушубуз керек»,— деп жазылган.

1916-жылдын жылдык аяты «Король Яковдун Ыйык Китебинен» алынган Римдиктер 4:20га негизделип, бир туугандарды «ишенимди бекем сактоого» үндөгөн. Ал аят аларды жаңы кыйынчылыктар, жаңы сыноолор менен коштоло турган алдыдагы жылга даярдаган.

^ абз. 4 Бир канча жыл бою Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр өздөрүн айырмалаш үчүн крест менен таажы чегилген төш белги тагынып жүрчү. Ал символ көп жылдар бою «Күзөт мунарасы» журналынын биринчи бетине да чыгарылып келген. Бирок 1930-жылдардын башында Жахабанын Күбөлөрү ал белгини колдонбой калган.