Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

 ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Европа

Европа
  • ӨЛКӨЛӨР: 47

  • КАЛКЫ: 741 311 996

  • ЖАРЧЫЛАР: 1 611 036

  • ЫЙЫК КИТЕПТИК ИЗИЛДӨӨЛӨР: 847 343

Падышалык залына барган окуучулар

Финляндия: Падышалык залына келген 4-класстын окуучулары

Финляндияда жашаган Инес 4-класста окуйт. Ал классынын дин таануу сабагынан Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө талкуулайын деп жатканын угуп, аларды Падышалык залына чакырат. Анын сунушу мугалимине да, окуучуларга да жагып калат.

Кийинки жумада 38 окуучу велосипед менен 5 километр алыстыкта жайгашкан Падышалык залына барат. Алар менен эки  мугалим жана мектептин деректири барат. Аларды эки ага-ини, үч эже-карындаш тосуп алат. Өзөк жалгап алгандан кийин окуучулар Падышалык залы жана Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө мындай суроолорду беришет: «Жыйналыш кантип өткөрүлөт? (Китепкананы көрсөтүп) Тээтиги эмне болгон бөлмө? (Жылдык аятты, Матай 6:10ду, көрсөтүп) Эмне үчүн алты бөлүнгөн он деп жазылып турат?»

Мектепте мектептеги кордукка каршы атайын иш-чаралар уюштурулуп жатканын билгендиктен бир туугандар балдарга jw.org сайтынан «Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген видеону көрсөтүшкөн. Веб-сайтыбыздын башка бөлүктөрүн да көрсөтүп, Падышалык ырын коюп беришкен. Мугалимдер менен окуучулар Падышалык залында бир сааттай болушкан.

Алар уккан-көргөндөрүнө аябай таасирленишкен. Деректир веб-сайтыбыздагы материалдарга кызыгып калган, себеби алардын дин таануу сабагынан колдонууга ылайыктуу экенин көргөн. Ал башка класстардын да Падышалык залына барса болорун угуп аябай сүйүнгөн. Эртеси күнү башка мугалим бир туугандар менен байланышып, окуучулары менен Падышалык залына барса болор-болбосун сураган.

Ал таштандыдан кенч тапкан

Румынияда жашаган Кристина мектепте окубагандыктан тамга таанычу эмес. Аябай жакыр жашагандыктан таштанды ыргытылган жерлерге барып консерва банкаларынан тамак издеп, бөтөлкө чогултуп сатып жан бакчу. Бир күнү таштандыларды аңтарып жатып бактылуу адамдардын сүрөтү тартылган кооз адабият таап алат. Анан: «Дүйнөдө ушундай адамдар бар болуш керек»,— деп ойлонот. Ал адабияттын эмне жөнүндө экенин билгиси келип, бирөөдөн аны окуп беришин суранат. Анда диний темалар камтылганын билгенде  адамдардын Кудайдын сөзүн таштандыга ыргытып салышканына аябай капа болот. Ошондон кийин таштанды ыргытылган жерге дайыма барып китепчелерди, баракчаларды, журналдарды чогулта баштаган. Алардын кээ бирлери бүтүн болсо, кээ бирлери айрылган болчу. Кристина ал адабияттарда жазылгандар жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн окуганды үйрөнгөн.

 Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал Жахабанын башкалар баалабаган адабият аркылуу аны өзүнө жакындатканына абдан ыраазы болгон. Азыр ал жыйналышка дайыма барып турат. Ыйык Китептен билгендери ага чоң кубаныч тартуулап жатат. Баарынан да, жаңы журналдарды, китептерди, китепчелерди алып турганына абдан сүйүнөт. Эми ал адабият издеп таштандыга барбайт. Ооба, Кристина таштандыдан чынында эле кенч тапкан.

Ыйык Китепти токойдон изилдөө

Германия: Маргрет токойдо изилдөө өткөрүп жатат

Германияда жашаган Маргрет күндө эртең менен итин ээрчитип токойго сейилдегени чыгат. «Мен ары-бери өткөндөр менен сүйлөшүүгө аракет кылам,— дейт ал.— Алардын көңүлү жайдары болсо, сөздү түз эле Ыйык Китепке бурам».

Бир жолу эртең менен ити менен сейилдегени чыккан 70 жаштардагы бир аялга жолугуп, аны менен сүйлөшүп калат. Аялга аны менен сүйлөшкөн аябай жагып, Маргретке күндө Кудайдан тиленерин, Ыйык Китепти дайыма окуурун айтат. Ошондон тартып алар күн сайын жолугуп, Кудай жөнүндө сүйлөшүшөт. Бир күнү ал аял Маргреттен: «Сен Ыйык Китеп жөнүндө ушунча көп нерсени каяктан билесиң?» — деп сурайт. Ошондо Маргрет өзүнүн Жахабанын Күбөсү экенин айтат.

Бир нече күндөн кийин Маргрет ал аялга Ыйык Китепти үйдөн изилдөөнү сунуш кылат, бирок ал макул болбой коёт. Анткен менен алар жолугуп, Кудай жөнүндө сүйлөшкөнүн уланта беришет. Бир нече айдан  кийин Маргрет ага Ыйык Китепти изилдөөнү дагы бир жолу сунуш кылат. Бул жолкусунда ал аял аны менен чогуу жашаган кишинин Жахабанын Күбөлөрүн жаман көрөрүн, ошон үчүн Ыйык Китепти изилдегенден коркуп жатканын айтат.

Кийинки күнү Маргрет сейилдегени баратып Ыйык Китепти жана «Ыйык Китеп окутат» китебин алып алат. Анан тиги аялга жолукканда түз эле: «Экөөбүз Ыйык Китепти үйдөн эмес, токойдон изилдебейлиби?» — дейт. Ал аялдын көзүнөн жаш тегеренип, изилдөөгө дароо макул болот. Ал токойдогу изилдөөсүнө жумасына алты жолу барат. Алар жыл мезгилине жана аба ырайына жараша изилдөөнү кээде кол чатырдын алдында, кээде кол чыракты күйгүзүп алып өтүшөт.

Башын чайкаганын туура эмес түшүнүп алышкан

Болгарияда Делфине деген бир тууган Ирина менен Ыйык Китепти изилдечү. Ирина Ыйык Китептен билгендерин аябай баалачу жана жыйналышка калбай барып турчу. Бирок күйөөсү Ыйык Китепти изилдешине каршы болчу. Ал үй-бүлөсүн Швециянын бир айылына көчүрүп кеткендиктен, Ирина Делфине менен байланыша албай калган. Кубанычтуусу, Ирина ал жактан Александра жана Ребека деген пионерлерге жолугуп калган. Ирина швед тилинде сүйлөй албагандыктан, пионерлер ага «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» деген китепчедеги маалыматты болгар тилинде окуткан. Анан китепченин жардамы менен Иринадан өз эне тилинде адабият алгысы келер-келбесин сурашкан. Ирина башын чайкаганда, бир туугандар аны кызыкпайт деп кетип калышкан.

Кийинчерээк Александра Болгарияда кызмат кылган Линда деген швед бир туугандын Швецияга бир нече жумага келе турганын эстеген. Ал Ирина чындыкты  өз эне тилинде укса, кабыл алмак болуш керек деген ойдо, Линда келгенде, аны менен Иринага барган. Ошондо Ирина Линдага изилдөөсүн улантканга жардам беришин сурап Жахабадан күндө кечинде тиленип жүргөнүн айткан. Ал Жахабанын Күбөлөрүн көчөдөн көрүп калсам, китепти көрсөтөм деп болгар тилиндеги «Ыйык Китеп окутат» китебин дайыма жанына ала жүрчү экен. Бирок аларды бир да жолу жолуктурбаптыр. Ал Линдага жолуккандан кийин болгар тилинде адабият ала баштаганына аябай сүйүнгөн.

Линда Александрадан эмне үчүн аны кызыкпайт деп ойлоп калганын сураган. Александра ал башын чайкагандыктан ошентип ойлогонун түшүндүргөн. Ошондо Линда жылмайып, болгарлардын макул болбосо башын ийкей турганын, ал эми макул болсо, тескерисинче, башын чайкай турганын айткан. Ирина швед тилин үйрөнгөнгө чейин Ыйык Китепти болгар тилинде изилдеп турууну чечкен. Ким менен? Болгариядагы Делфине менен. Алар Ыйык Китепти видеобайланыш аркылуу изилдешет.

Атасынын үлгүсү

Испанияда жашаган Жемиманы ата-энеси төрөлгөнүнөн тартып чындык жолунда тарбиялап келген. Бирок 7 жашында апасы Жахабанын Күбөсү болгусу келбей турганын айтып, атасы менен ажырашып кеткен. Жемима 13 жашында Жахабанын Күбөлөрү менен болгон байланышын үзүп, атасынын Ыйык Китепти окутуп-үйрөтүшүнө каршы боло баштаган.

Ал чоңойгондо карапайым эл үчүн «адилеттүүлүктү» издеп, коомдук жана саясий кыймылдарга кошулуп кеткен. Бирок кийин жумушсуз калганда, атасы Доминго ага аны менен чогуу маляр болуп иштөөнү сунуштаган.

 Бир күнү чогуу иштеп жатып Доминго кызына Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылган. Ал изилдегиси келбей турганын, изилдегиси келсе, өзү айтарын айткан. Доминго иштеп жатканда сайттан көчүрүп алган Ыйык Китептин, журналдардын аудиожаздыруусун укчу, ал эми Жемима кулакчын (наушник) тагып алып поп-музыка укчу.

2012-жылдын ноябрында Доминго кийин баш кошкон жубайы менен Жубайлар үчүн ыйык китептик мектепке чакырылган. Жемима атасынын ал мектептен эки ай билим алып, андан кийин кайсы жакка дайындалса, ошол жакта кызмат кыларын билгенде аябай таасирленген. Ошондо ал чындыктын атасынын жүрөгүнө терең тамыр алганын түшүнгөн жана эмне үчүн экенин аябай билгиси келген.

Жемима поп-музыка укканын токтотуп, атасы уккан аудиожаздырууларды уга баштаган. Ошондой эле атасына суроолорду бере баштаган. Бир күнү атасы иштеп жатканда ага: «Ата, изилдегим келсе, өзүм айтам дегеним эсиңиздеби? Анда изилдей баштабайлыбы?» — деген.

Муну укканда Доминго аябай сүйүнгөн. Ал кызы менен 2013-жылдын январынан баштап жумасына эки жолу изилдей баштаган. Атасынын мектеби апрелде башталгандыктан, экөө изилдөөсүн андан ары видеобайланыш аркылуу уланткан. Атасынын окуусу бүткөндө, Жемима бүтүрүү аземине барган. Ал жакта айтылгандар ага аябай жаккан. Жемима 2013-жылдын 14-декабрында чөмүлгөн.

Ал мындай дейт: «Жахаба мени четке какпай, чыдамдуулук көрсөттү. Ал мага мен бул дүйнөдөн таппаган нерсени, чыныгы досторду, таап берди. Бүткүл дүйнөлүк бир туугандык мага Жахабанын зор сүйүүсүн ого бетер баалаганга түрткү берет».

 Сылык-сыпаа болуунун натыйжасы

Орусиянын Бейтелинде көптөн бери кызмат кылып келаткан Василий 2014-жылдын 30-мартында сүйрөмө текчени коюп алып, филиалга жакын жерде кабар айтып жатканда, полиция кызматкерлери машинеси менен келип анын жанына токтойт. Алар Василийге ошол жерде жашагандардын арызданганын айтып, ал жерден кетишин сылыктык менен суранышат. Полиция кызматкерлеринин бири берки кызматкердин Василий менен сүйлөшүп жатканын видеого тартып алат. Василий аларга баш ийип, укугун талашпай, ал жерден кетип калууну туура көрөт. Ошол учурда алардын жанына бир нече киши чогулуп калат. Эки күндөн кийин Василий полиция менен байланышып, алардын чоңу менен жолуккусу келерин айтканда, алар макул болот. Ал полициянын чоңуна алардын эл үчүн абдан маанилүү кызматты аткарып жатканын жана эки күн мурун полиция кызматкерлеринин ага сылык-сыпаа мамиле кылганын айтып ыраазычылык билдирет. Ошондо полициянын чоңу жанындагы жардамчысына кайрылып: «Ушул жерде 32 жылдан бери иштеп жатам, бирок бизге ыраазычылык айткан бирөө да болгон эмес»,— дейт. Василий полициянын чоңуна көчөдө кабар айтуунун мыйзамга каршы келбей турганын түшүндүрүп берет. Ошондо ал Василийден өз укугун жакшы билсе да, эмне үчүн эки полиция кызматкери келип, андан кетишин талап кылганда укугун коргобогонун сурайт. Василий мындай деп жооп берет: «Мен полиция кызматкерлерин сыйлайм. Элестетсеңер, эгер аларды элдин көзүнчө мыйзамды билбегени үчүн айыптасам, эл эмне деп ойлоп калат эле?» Василийдин ушул сөздөрү полициянын чоңу менен жардамчысына аябай таасир эткендиктен, алар ага андан ары сүйрөмө текче менен кабар айтууга тоскоолдук кылбай турганын айтышкан.