Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2015

2014-жылы кабар айтуу иши кандай болгону тууралуу жана Жахабанын Күбөлөрүнүн Доминикан Республикасындагы тарыхы жөнүндө окуп көргүлө.

2015-жылдын жылдык аяты

2015-жылдын жылдык аяты Забур 106:1: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы».

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө ишеним менен кылган иши, сүйүү менен кылган эмгеги жана туруктуулугу үчүн ыраазычылык билдирген каты жөнүндө окуп көргүлө.

Уориктеги курулуш иши

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын курулушу кандай жүрүп жатканы жөнүндө окуп көргүлө.

Бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмү

Бул жаңы бөлүмгө 13 000ден ашуун долбоорду тездетүү милдети тапшырылган.

Көпкө уруна тургандай кылып жасалган Ыйык Китеп

2013-жылы кайра каралган англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» ары кооз, ары сапаттуу болуп чыгарылган.

Эң чоң жолугушуу

Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) 129-жылдык жолугушуусу эң чоң жолугушуу болду.

Шри-Ланкадагы филиалды арноо аземи

Программа трансляцияланып жаткан учурда аземге келгендер бири-бирин көрө алышты.

Юридикалык отчёт

Жахабанын Күбөлөрү дин тутуу эркиндигин коргоо үчүн күрөшүп келет.

Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан

Грузиядагы эки жаш кызга телефон сатып алам деген акчасын жыйналышка тартуу кылууга эмне түрткү берген?

«Мындайды биз эч качан көргөн эмеспиз!»

Бүгүнкү күндөгү кайсы иштерди Исанын убагындагы кереметтүү иштерге салыштырса болот?

Африка

2014-жылы Анголадагы, Конгодогу (Киншаса), Ганадагы, Нигериядагы жана Түштүк Африкадагы Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн кабар айтуу иши тууралуу окуп көргүлө.

Америка

2014-жылы Аргентинада, Бразилияда, Гаитиде, Парагвайда жана Суринамда жүргүзгөн ишибиз жөнүндө окуп көрүңүз.

Азия жана Ортоңку Чыгыш

2014-жылы Индонезияда, Монголияда, Филиппинде жүргүзгөн ишибиз жөнүндө окуп көрүңүз.

Европа

2014-жылы Болгарияда, Финляндияда, Германияда, Румынияда, Орусияда, Испанияда жана Швецияда жүргүзгөн ишибиз тууралуу окуп көрүңүз.

Океания

2014-жылы Кирибатиде, Маршалл аралдарында, Папуа-Жаңы Гвинеяда жана Вануатуда жүргүзгөн ишибиз жөнүндө окуп көргүлө.

Доминикан Республикасы тууралуу кыскача маалымат

Доминикан Республикасы тууралуу окуп көргүлө.

Иштин башталышы

Алгачкы миссионерлер кызыккан адамдар менен Ыйык Китепти качан изилдей баштаган?

«Бир күнү аларга сөзсүз жолугабыз!»

Пабло Гонсалестин 13 жыл бою издеп жүргөн кишилерине кантип жолукканын окуп көргүлө.

Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөгө камалышы жана ишине тыюу салынышы

Айрым Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөдөгү катуу сыноого кантип чыдашканы жөнүндө окуп көргүлө.

Кабар айтуу ишинин улантыла бериши

Кайра жолугуу жана саат дегендин ордуна жарчылар капуста жана шпинат деп жазып алышчу.

Кабар айтуу ишине кайрадан тыюу салынышы

Алты жылга созулган Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине салынган тыюу 1956-жылы жоюлган. Бирок ал эркиндик 11 эле айга созулган.

Католик чиркөөсү жана Трухильо

Көп жылдар бою Доминикан диктаторун колдоп келген чиркөө өкмөткө болгон мамилесин өзгөрткөндөн тышкары, доминикандыктардан кечирим сураган.

Ырайымсыз куугунтук

Өкмөттөгүлөр Жахабанын Күбөлөрүн жок кылабыз деген максатына жетти беле?

Жахабанын Күбөлөрүнүн башчысы ким?

Тыюу салынган кезде адабияттарды басып чыгарып, таратыш үчүн мимеограф, май куюлган челек, мүшөк жана маниока колдонулган.

Эркиндигин тобокелге салгандар

Доминикан Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрү тыюу салынганына карабай, тапкычтык кылып жолугушууларын өткөрө беришкен.

Туруктуулгунун аркасында эркиндикке чыгышкан

Өкмөттөгүлөрдүн көп жылдар бою көрсөткөн каршылыгынан кийин Доминикандагы Жахабанын Күбөлөрүнө эч кимдин оюна келбеген киши эркиндик бергени жөнүндө окуп көргүлө.

«Арстандай айбат көрсөтчүмүн»

Луис Эдуардо Монтас диктаторду өлтүрүүгө эки ирет аракет кылган жана аны өлтүрүүгө амал издеп жүргөн учурда Ыйык Китептеги чындыкты тапкан.

«Падышалыкка болгон үмүт куру кыял эмес»

Ефрайн де ла Круз жакшы кабар айтканы үчүн жети башка түрмөгө камалып, ал жактан көп кордук көргөн. Ага 60 жылдан ашуун убакыт бою ынталуу бойдон калууга эмне жардам берген?

«Кайра эле Жахабанын Күбөсү болмокмун»

Бир дин кызматчы Мария Гласска, Ыйык Китепти окуса, акылынан айнып каларын айткан. Бирок ал ага карабай Ыйык Китепти окуп, дин кызматчынын эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөн.

Кабар айтуу эркиндигине ээ болуу

Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, өлкөгө көп миссионерлер барып, кабар айта баштаган. Алар убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү жалган маалыматты жокко чыгара алышкан.

Өлкөдө калууга чечкиндүү болчу

Доминикандагы саясий абал курчуп турса да, кабар айтуу иши алга илгерилей берген. Жахабанын Күбөлөрүнүн өлкөдө калууга чечкиндүү экени эмнеден көрүнүп турган?

Көп жарчылардын талап кылынышы

Доминикан Республикасындагы Жахабанын кызматчыларынын тарыхында ошол жакка кызмат кылыш үчүн башка өлкөдөн көчүп барган көп сандаган бир туугандардын эмгеги зор.

Алар бири-бирин чындап сүйөт

1998-жылы Доминикан Республикасында Жорж бороон-чапкыны болгондо, жан аябас ыктыярдуу кызматчылар көптөргө жардам берип, Жахабаны даңкташкан.

Сыйынуу жайларына болгон муктаждык

Жарчылардын саны өскөн сайын сыйынуу жайларына болгон муктаждык да өскөн. Сыйынуу жайлары жетиштүү болушу үчүн Жахабанын Күбөлөрү эмне кылышкан?

Креол (Гаити) тилинде кабар айтуу

Жахабанын Күбөлөрү Падышалык жөнүндөгү кабарды креол (Гаити) тилинде сүйлөгөндөргө да айтышкан. Натыйжада ошол тилде жыйналыштар жана топтор уюшулган.

Гаитидеги жер титирөө

2010-жылы Доминикан Республикасындагы жана башка өлкөлөрдөн барган Жахабанын Күбөлөрү гаитиликтерге бардык жактан чоң жардам көрсөтүшкөн.

Алдыдагы өсүш

1945-жылдан бери Доминикан Республикасында кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде чоң ийгиликтер болду. Алдыда дагы чоң өсүш болору күмөнсүз.

Жахаба көптөрдүн жүрөгүн ачты

Леонардо Амор Ла-Вегада кызмат кылып жүргөндө Ыйык Китептеги чындыкка бир да киши кызыккан эмес. Бирок кийин чындыкка кызыккандар болгонбу?

22 киши чиркөөдөн кеткен

Шаардын тургундары Жахабанын Күбөлөрүн элди бузуп “Шайтандын окууларын” таратып жүрөт дешчү. Бирок Жахабанын Күбөлөрү андай эмес экенин далилдешкен.

Атеисттин Кудайдын кызматчысы болушу

Хуан Криспин заманды төңкөрүш гана оңдойт деп ойлочу. Ага көз карашын өзгөртүп, Кудайдын кызматчысы болууга эмне жардам берген?

Чындыкты биринчилерден болуп тааныган кулагы укпаган киши

Хосе Перез деген кулагы укпаган киши Доминикан Республикасында биринчилерден болуп чындыкты тааныган. Ал чындыкты кантип тааныган? Ыйык Китептеги чындыкты түшүнүүгө эмне жардам берген?

Ал жашоонун маңызын тапкан

Хосе Эстевес жана анын үй-бүлөсү жашоонун маңызын тапкан. Алар Жахабанын өз убадаларын дайыма аткарарына кантип ынанышкан?

Кудайга кызмат кылгым келбей калган

Мартин Паредес дин кызматчы болуш үчүн диний окуу жайда окучу, бирок Кудайга кызмат кылгысы келбей калган. Ага оюн өзгөрткөнгө эмне жардам берген?

Жүз жыл мурун. 1915

Жахабанын Күбөлөрү 1914-жылдан кийинки сыноолор менен кантип күрөшкөн?