Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жаштардын 10 суроосуна жооп

 7-СУРОО

Ыпылас ишке азгырышса, эмне кылам?

Ыпылас ишке азгырышса, эмне кылам?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Жыныстык мамилеге байланыштуу чыгарган чечимиң келечегиңе сөзсүз таасир этет.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Рамис менен таанышканына эки эле ай болсо да, Зулфияга аны көптөн бери тааныгандай сезилет. Экөөнүн ойлору да бири-бириникине төп келет. Алар тынбай чалышып, SMS жазышып турушат. Бирок Рамис андан да көптү каалайт.

Буга чейин экөө тек гана кол кармашып жүрүшчү, кээде бири-бирин өөп коюшчу. Бирок Зулфия андан аркысына баргысы келбейт, ошол эле учурда Рамисти жоготуп алгандан коркот. Анын жанында өзүн ушунчалык бактылуу, өзгөчө сезет. Ал: «Рамис экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз да»,— деп ойлонот.

Сен кыз-жигит болуп сүйлөшө турган куракка келип калсаң жана Зулфиянын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Жыныстык мамиле — Кудайдын үй-бүлө кургандарга гана берген белеги. Бузуктук кылуу ал белекти баалабагандыкка жатат. Бул бирөө белек кылган жакшынакай кийимди чаң сүрткөн чүпүрөк кылып салганга барабар

Даракка чыгып, учам деп секирсең, эмне болосуң? Бир жериңди сындырарың турган иш. Анын сыңарындай, Кудайдын мыйзамдарын, мисалы: «Бузуктуктан алыс болгула»,— деген мыйзамын бузсаң, сөзсүз кесепетин тартасың (1 Тесалоникалыктар 4:3).

Анда кесепети кандай болот? Ыйык Китепте: «Бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылган болот»,— делет (1 Корунттуктар 6:18). Кандайча?

 Изилдөөчүлөр никеге чейин жыныстык мамиледе болгон жаштардын төмөнкү кыйынчылыктардын бирине же бир нечесине кабыларын аныкташкан.

  • ӨЗҮН ЖАМАН СЕЗҮҮ. Никеге чейин жыныстык катнашта болгондордун көбү кийин аябай өкүнгөнүн айтышкан.

  • ИШЕНБЕЙ КАЛУУ. Жыныстык мамиледе болгондон кийин экөө тең: «Дагы ким менен жатты болду экен?» — деп шектенишет.

  • КӨҢҮЛ КАЛУУ. Кыздар, чынында, эркектердин аларды пайдаланышын эмес, коргошун каалашат. Ал эми балдар оңой азгырылган кыздарды көп деле жактыра беришпейт.

  • Жыйынтык: Никеге чейин бузуктук кылсаң, өзүңдү булгап, кадыр-баркыңды түшүрөсүң (Римдиктер 1:24). Сенин денең абдан баалуу, андыктан аны башкаларга тебелетпе.

Кудайдын: «Бузуктуктан алыс болгула»,— деген мыйзамына баш ийүүгө чечкиндүү экениңди көрсөт (1 Тесалоникалыктар 4:3). Ал эми кийин турмуш курганда жыныстык мамиледе болууга толук укугуң болот. Ошондой эле андан чындап ыракат алып, никеге чейин андай ишке баргандарды кыйнаган тынчсыздануу, өкүнүү, кооптонуу сыяктуу сезимдерден алыс болосуң (Накыл сөздөр 7:22, 23; 1 Корунттуктар 7:3).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

  • Сени чындап сүйгөн адам ден соолугуңа зыян келтирип, жан дүйнөңдү жабыркатат беле?

  • Сага чындап кам көргөн адам сени Кудай менен болгон мамилеңди буза турган ишке түртөт беле? (Еврейлер 13:4).