Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жаштардын 10 суроосуна жооп

 5-СУРОО

Мектепте кордошкондо, эмне кылсам болот?

Мектепте кордошкондо, эмне кылсам болот?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Андайда кылган иш-аракетиңе жараша жагдай же жакшырат, же ого бетер курчуйт.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Тимур такыр мектепке баргысы келбей жатат. Дегеле мектепти көрөйүн деген көзү жок. Бүт баары үч ай мурун башталган: классташтары ал жөнүндө аябай жаман ушак таратып жиберишкен. Анысы аз келгенсип, ага ат коюп алышкан. Кээде кимдир бирөө китептерин колунан түшүрүш үчүн атайылап түртүп кетет же артына дүңк эттире уруп, билмексен болуп туруп калат. Кечээ болсо бирөө Интернет аркылуу коркутуп-үркүткөн сөздөрдү жазып жибериптир. Мунун баары Тимурдун көкөйүнө көк талкандай тийди...

Эгер сен анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Багынба! Мындай жагдайдан эч ким менен мушташпай-этпей эле чыга аласың. Кантип?

  •   КӨҢҮЛ БУРБАЙ ЭЛЕ КОЙ. Ыйык Китепте: «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 29:11). Мүмкүн болушунча, токтоо болгонго же жок эле дегенде, коркконуңду билдирбегенге аракет кылсаң, бейбаш балдар асылбай калышат.

  • ӨЧӨШПӨ. Ыйык Китепте: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»,— делет (Римдиктер 12:17). Өч ала турган болсоң, жагдайды ого бетер оордотосуң.

  • КЫРААКЫ БОЛ. Ыйык Китептен: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— дегенди окуйбуз (Накыл сөздөр 22:3). Колдон келсе, бейбаш балдардан алыс бол жана алар асылышы мүмкүн болгон жагдайлардан кач.

  • АЛАР КҮТПӨГӨНДӨЙ ЖООП БЕР. Ыйык Китепте: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 15:1). Кээде тамашага чалып койсоң да болот. Мисалы, сени «кодогой» деп шылдыңдашса: «Кодогой болгон жакшы да. Эл батпаган жерге батып кетесиң!» — деп тамашалап кой.

  • КЕТИП КАЛ. «Сени шылдыңдаган кишиге теңелбесең, ага караганда эстүү, эрки күчтүү экениңди далилдейсиң. Анткени андан айырмаланып, өзүңдү башкара аларыңды көрсөтөсүң»,— дейт 19 жаштагы Нора (2 Тиметей 2:24).

  • ӨЗҮҢДҮ ИШЕНИМДҮҮ АЛЫП ЖҮР. Бейбаш балдар көбүнчө басына бергендерге, өзүн коргой албагандарга асылышат. Андыктан алардан коркпой турганыңды көрсөтсөң, көп тийишпей калышат.

  • ЧОҢДОРГО АЙТ. Бир мугалим мындай дейт: «Кысымга алынган балдарды көйгөйү тууралуу башкаларга айтууга үндөйм. Алардын ошенткени абдан туура болот. Бул башка балдар-кыздардын да кордолушуна бөгөт коёт».

Өзүңдү ишенимдүү сезсең, сага асылган адамда жок күчкө ээ экениңди көрсөтөсүң