Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

 8-БӨЛҮМ

Жыйналыштарга эмне үчүн тыкан кийинип барабыз?

Жыйналыштарга эмне үчүн тыкан кийинип барабыз?

Исландия

Мексика

Гвинея-Бисау

Филиппин

Ушул китепчедеги сүрөттөрдөн Жахабанын Күбөлөрү жыйналыш жолугушууларына тыкан кийинип барарын байкадыңарбы? Биз кийимибизге, сырткы көрүнүшүбүзгө эмне үчүн олуттуу көңүл бурабыз?

Кудайды даңктагыбыз келет. Кудай адамдардын сырткы көрүнүшүнө эмес, ички дүйнөсүнө көңүл бурат (1 Шемуел 16:7). Ошентсе да Кудайга сыйыныш үчүн чогулган жерлерге тыкан кийинип келсек, аны даңктагыбыз келерин жана анын элин урматтаарыбызды көрсөтөбүз. Мисалы, жогорку абалды ээлеген кызматкерге жолукканы барарда таза, тыкан кийинмектигибиз айтпаса да түшүнүктүү. Анын сыңарындай эле, жыйналыш жолугушууларына таза, тыкан кийинип барганыбыз «жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай» Жахабаны даңктаарыбызды жана ага сыйынган жерди ыйык тутарыбызды көрсөтүп турат (Забур 83:18).

Кудайдын мыйзамдары боюнча жашаарыбызды көрсөткүбүз келет. Ыйык Китепте Кудайдын жолунда жүргөндөр «Кудайга сыйынарын ырастап», «уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» кийиниши керектиги айтылган (1 Тиметей 2:9, 10). «Уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» кийинген адам өзүнө ашыкча көңүл бурдурган, өтө эле ачык, денеге жабышкан, элден бөтөнчөлөнгөн же шалбыраган кийимдерди кийбейт. Жогорудагы кеңешти эске алып, кандай кийиништи ар бир адам өзү чечет. Биз сүйлөгөн сөзүбүз менен эле эмес, кийген кийимибиз менен да «Куткаруучу Кудайыбыздын окуусун бардык жагынан көркүнө чыгарып», «Аны даңктагыбыз» келет (Тит 2:10; 1 Петир 2:12). Жыйналыш жолугушууларына кандай кийинип келгенибиз башкалардын Кудайдын уюмуна карата болгон көз карашына таасир этип, аларга да Кудайды даңктоого түрткү берет.

Бирок кийим ылайыктуу, таза, жарашыктуу болушу үчүн сөзсүз эле кымбат баалуу болушу талап эмес. Андыктан силерди Падышалык залдарында өткөрүлгөн жыйналыштарга тартынбай келүүгө чакырабыз!

  • Кудайга сыйынуу үчүн келгенибизде кийимибизге эмне үчүн олуттуу көңүл бурушубуз зарыл?

  • Кийимге, сырткы көрүнүшкө карата кайсы кеңештерге кулак кагышыбыз керек?