Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

 18-БӨЛҮМ

Табигый кырсык болгондо кантип жардам беребиз?

Табигый кырсык болгондо кантип жардам беребиз?

Доминикан Республикасы

Жапония

Гаити

Кайсы бир жерде табигый кырсык болгондо, жапа чеккен ишенимдештерибизге жардам берүү үчүн дароо чара көрөбүз. Бул биздин бири-бирибизди абдан сүйөрүбүздү далилдеп турат (Жакан 13:34, 35; 1 Жакан 3:17, 18). Жапа чеккен бир туугандарга кантип жардам беребиз?

Өз ыктыярыбыз менен акча чогултуп беребиз. 1-кылымда Жүйүт жеринде катуу ачарчылык болгондо, Кудайдын Антиохия шаарында жашаган кызматчылары Жүйүт жеринде жашаган бир туугандарга жардам бериш үчүн акча чогултуп берип жиберишкен (Элчилер 11:27—30). Ушул сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да кайсы бир өлкөдө жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн кырсыкка учураганын укканда аларга жардам бериш үчүн өз ыктыярыбыз менен акча чогултуп, жыйналыштагы жоопкерчиликтүү бир туугандар аркылуу жөнөтүп жиберебиз (2 Корунттуктар 8:13—15).

Иш жүзүндө жардам беребиз. Табигый кырсык болгон жердеги жыйналыштардагы аксакалдар бир туугандардын баары аман-эсен жана коопсуз жайда экенине ынанышат. Ал эми жапа чеккендерге жардам берүү комитети бир туугандарга тамак-аш, таза суу, кийим-кечек, дары-дармектерди жеткирип, аларды жата турган жай менен камсыз кылат. Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү өз ыктыяры менен жардам бериш үчүн жол киреге кеткен чыгымды өздөрү төлөп, табигый кырсык болгон жерлерге барышат. Ал жерден алар бир туугандардын талкаланган үйлөрүн, Падышалык залдарын оңдогонго жардам беришет. Биздин биримдигибиз жана бирге иштешип, кызматташканда топтогон тажрыйбабыз кырсыктан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн дароо чара көргөнгө көмөк кылат. Биз биринчи кезекте «ишенимдештерибизге жакшылык кылсак» да, колдон келишинче баарына, башка динди туткандарга да жардам беребиз (Галатиялыктар 6:10).

Кайгырып тургандарды сооротуп-жубатабыз. Табигый кырсыктан жапа чеккендер сооротуп-жубатууга абдан муктаж болушат. Андай адамдардын кайгысын тең бөлүшкөнгө бизге боорукер, кайрымдуу Кудай күч берет (2 Корунттуктар 1:3, 4). Аларга Ыйык Китептен жубатарлык аяттарды окуп берип, адамзатты азып-кайгыга салган кырсык-каргашанын баарын жакында Кудай жок кыларын айтып беребиз (Аян 21:4).

  • Табигый кырсыктан жапа чеккендерге Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн дароо жардам беришет?

  • Жапа чеккендерди кантип сооротуп-жубатсак болот?