Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

 16-БӨЛҮМ

Кызмат жардамчылары кандай милдеттерди аткарышат?

Кызмат жардамчылары кандай милдеттерди аткарышат?

Мьянма

Жыйналыш

Кабар айтуу жолугушуусу

Залды тазалоо

Ыйык Китепте «көзөмөлчүлөр менен кызмат жардамчылары» жыйналыштагыларга кам көрүп, ар кандай милдеттерди аткарары айтылат (Филипиликтер 1:1). Ар бир жыйналышта бир нече аксакал жана кызмат жардамчылары болот. Кызмат жардамчылары кандай милдеттерди аткарышат?

Аксакалдарга жардам беришет. Кызмат жардамчылары жаш болобу, кары болобу, ишеничтүү, жоопкерчиликтүү жана Кудайдан корккон, анын мыйзамдарын аткарган адамдардан болушат. Алар жыйналыштагы маанилүү иштерди аткарышат. Мунун аркасында аксакалдар жыйналыштагыларды насааттаганга жана кам көргөнгө көбүрөөк убакыт бөлө алышат.

Маанилүү иштерди аткарышат. Кызмат жардамчыларынын айрымдары тескөөчү болуп дайындалып, жыйналышка келгендердин баарын жылуу тосуп алышат. Башкалары үн күчөткүч аппаратураны тейлешет, адабияттарга, кабар айтуу үчүн бөлүштүрүлгөн аймактарга жана жыйналыштын эсеп-кысабына жооптуу болушат. Мындан тышкары, алар Падышалык залын тазалоого, тейлөөгө жардам беришет. Айрым учурларда аксакалдар алардан жыйналыштагы улгайган бир туугандарга жардам беришин суранышы мүмкүн. Ооба, кандай иш тапшырылбасын, алар аны жан-дилден аткарууга даяр. Ошондуктан жыйналыштагылардын баары аларды терең урматташат (1 Тиметей 3:13).

Башкаларга жакшы үлгү болушат. Кызмат жардамчылары Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырышат. Андан сырткары, жыйналыштан чыгып сүйлөп, Кудайга болгон ишенимибизди бекемдешет. Кабар айтуу ишинде демилгени колго алып, жыйналыштагылардын баарына ынталуу кабар айтканга түрткү беришет. Алардын аксакалдар менен тыгыз кызматташканынын аркасында жыйналышта жагымдуу маанай, биримдик өкүм сүрөт (Эфестиктер 4:16). Убакыттын өтүшү менен кызмат жардамчылары көзөмөлчү болуп кызмат кыла алышат.

  • Кызмат жардамчылары кандай адамдардан болушу керек?

  • Жыйналыш уюшкандыкта иш алып барышына кызмат жардамчылары кандай салым кошушат?

Көбүрөөк билиңиз

КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары кандайча уюшулган?

Жыйналыш жолугушуулары кандай максатта уюшулганын окуп көрүңүз.