Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

Кудайдын эрки эмнеде?

Кудайдын эрки эмнеде?

Кудай бейкуттук өкүм сүргөн Бейиште бактылуу болуп жашашыбызды каалайт.

Бирок силер: «Кантип эле жерде Бейиш болсун!» — деп ойлойт чыгарсыңар. Ыйык Китепте Кудайдын өкмөтү жерди бейишке айлантары жөнүндө айтылат. Кудай өзүнүн өкмөтү жана адамзатка карата ой-ниети тууралуу бардык адамдардын билишин каалайт (Забур 37:11, 29; Ышая 9:7).

Кудай бизге жакшы нерселерди каалайт.

Мээримдүү ата балдарына бардык жакшы нерселерди каалагандай эле, Жараткан Кудай да биздин бактылуу болуп түбөлүк өмүр сүрүшүбүздү каалайт (Ышая 48:17, 18). Ыйык Китепте Кудайдын «эркин аткарган адам түбөлүк жашаары» айтылган (1 Жакан 2:17).

Кудай биздин анын жолунда жүрүшүбүздү каалайт.

Ыйык Китепте Кудай «анын жолдору менен жүрүшүбүз» үчүн «бизге өзүнүн жолдорун үйрөтүүнү» каалаары айтылат (Ышая 2:2, 3). Ал өз эркин бүт дүйнө жүзүндөгү адамдарга билдириш үчүн «өзүнүн ысмы менен атала турган элди» чогулткан (Элчилер 15:14).

Кудай биздин ага биримдикте сыйынышыбызды каалайт.

Жахаба Кудайга сыйынган эл бөлүнбөстөн, бири-бирин сүйүп, биримдикте кызмат кылат (Жакан 13:35). Бүгүнкү күндө кимдер бардык адамдарды Кудайга биримдикте сыйынууга үйрөтүп жатышат? Бул китепчеден ушул суроого жооп аласыңар.

Көбүрөөк билиңиз

ЫЙЫК КИТЕПТИ АКЫСЫЗ ИЗИЛДӨӨ

Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ар бир кишиге Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштаганы менен белгилүү. Муну тасмадан көргүлө.

ЫЙЫК КИТЕПТИ АКЫСЫЗ ИЗИЛДӨӨ

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Кудайдын жерди бейишке айлантам деген ой-ниети ишке ашабы? Качан ишке ашат?