Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

 9-БӨЛҮМ

Жыйналыштарга канткенде жакшы даярдана алабыз?

Жыйналыштарга канткенде жакшы даярдана алабыз?

Камбожа

Украина

Эгер силер Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатсаңар, ар бир изилдөөгө алдын ала даярданат болушуңар керек. Жыйналыштарга да даярданып барсаңар, зор пайда аласыңар. Атайын убакыт бөлүп, дайыма ошол убакта даярдансак, жакшы ийгиликке жетебиз.

Качан жана кайсы жерде даярданарыңарды чечип алгыла. Силерге кайсы убакта окуп-изилдөө жеңилирээк болот? Эртең менен эрте жумуштарыңарды баштай электеби же кечинде балдар жаткандан кийинби? Окуп-изилдегенге көбүрөөк убакыт бөлө албасаңар, канча убакыт бөлө аларыңарды чечип алгыла жана эч нерсенин тоскоол болушуна жол бербегиле. Тынч жерде отуруп, алаксыбаш үчүн радио, телевизор жана уюлдук телефонуңарды өчүрүп салгыла. Изилдей баштаганга чейин Кудайга тиленүү күнүмдүк түйшүктөрдү ойлобой Ыйык Китепти көңүл коюп изилдегенге жардам берет (Филипиликтер 4:6, 7).

Алдын ала даярданып, жооп бергенге аракет кылгыла. Алгач тема жалпы жонунан эмне жөнүндө экенине көз чаптыргыла. Макаланын же бөлүмдүн темасы жөнүндө ой жүгүртүп, анын бөлүмчөлөрдүн аталышы менен кандай байланышта экенин карап чыккыла. Сүрөттөргө көңүл буруп, негизги ойлорду баса белгилеген кайталоо үчүн караштырылган суроолорду талдагыла. Анан абзацты окуп чыгып, абзацка берилген суроого жооп издегиле. Келтирилген аяттарды окуп, алардын макаладагы ойлор менен кандай байланышы бар экени жөнүндө ойлонгула (Элчилер 17:11). Суроого жооп тапкандан кийин негизги сөздөрдүн же сөз айкаштарынын астын сызып койгула. Ошентсеңер, жыйналыштан кайсы суроого эмне деп жооп беришти дароо эстейсиңер. Жыйналышка келгенде, эгер кааласаңар, кол көтөрүп, өз сөзүңөр менен кыскача жооп берсеңер болот.

Ооба, жума сайын жыйналышта талкууланган ар кандай темадагы макалаларды изилдөөнүн аркасында билим «казынаңарды» толтура аласыңар (Матай 13:51, 52).

  • Жыйналыштарга даярдануу үчүн эмне кылсаңар болот?

  • Жыйналыштан жооп бергенге кантип даярдансаңар болот?

Көбүрөөк билиңиз

ЖЫЙНАЛЫШ ЖОЛУГУШУУЛАРЫ

Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуулары кандайча өткөрүлөт?

Кудайга кантип сыйынарыбызды билиңиз.