Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

Жахаба Кудайдын эркин аткаргыңыз келеби?

Жахаба Кудайдын эркин аткаргыңыз келеби?

Биз жөнүндө, кабар айтуу ишин кантип аткарып жатканыбыз жана биздин уюм кандай иш алпарып жатканы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн ушул китепчени окуп чыкканыңызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул сизге бүгүнкү күндө Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатканын түшүнүүгө жардам берди деп үмүттөнөбүз. Сизди мындан ары да Кудай жөнүндө билим ала берүүгө жана билгендериңизди үй-бүлөңүзгө, досторуңузга айтууга, ошондой эле жыйналыштарыбызга дайыма келип турууга чакырабыз (Еврейлер 10:23—25).

Жахаба Кудай жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, анын сизди сүйөрүнө ошончолук ынана бересиз. Бул сизге Жахаба Кудайга болгон ыраазычылыгыңызды иш жүзүндө көрсөткөнгө түрткү берет (1 Жакан 4:8—10, 19). Анда Кудайга ыраазы экениңизди күн сайын кантип көрсөтө аласыз? Кудайдын адеп-ахлак нормаларына кармануу өзүңүзгө эле пайда алып келет деп эмне үчүн айтууга болот? Биз менен бирге Кудайдын эркин аткарууга сизге эмне жардам берет? Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жаткан Жахабанын Күбөсү сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө «түбөлүк өмүргө алып бара турган... Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш» үчүн эмне кылыш керектигин түшүндүрүп берет (Жүйүт 21).

Биз сизди Кудай жөнүндө дагы тереңирээк билиш үчүн «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» деген китепти изилдөөгө чын жүрөктөн чакырабыз!

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?

Ыйык Китепти изилдөө деген эмне?

Ыйык Китепти акысыз изилдөөгө байланыштуу суроолорго жооп алыңыз.