Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

 11-БӨЛҮМ

Чоң жыйындарга эмне үчүн барабыз?

Чоң жыйындарга эмне үчүн барабыз?

Мексика

Германия

Ботсвана

Никарагуа

Италия

Бул сүрөттөгү адамдардын жүзүнөн эмне үчүн кубанычтын нуру жанып турат? Анткени алар жыйындарга катышып жатышат. Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары жылына үч жолу чоң жыйынга чогулуп турушчу. Биз да жылына үч жолу чогулуп, Кудайдын насаат сөздөрүн угуп турабыз (Мыйзам 16:16). Жыл сайын үч жыйын: бир күндүк эки райондук жыйын жана үч күндүк региондук жыйын өткөрүлүп турат. Мындай жыйындардан кандай пайда алабыз?

Жыйындар биримдигибизди чыңдайт. «Чоң жыйындарда» Кудайды даңктоо Кудайдын байыркы убактагы элин шаттыкка бөлөгөндөй эле, бир туугандар менен жыйындарга чогулуу бизди да кубанычка бөлөйт (Забур 26:12; 111:1). Ушундай жыйындарда башка жыйналыштан же башка өлкөдөн келген бир туугандар менен жолугушуп, пикирлешкенге сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыйынга келгендер түшкү тыныгуу учурунда жыйын өткөрүлүп жаткан жерден тамактанып, бири-бири менен жагымдуу маанайда пикир алышат (Элчилер 2:42). Ооба, чоң жыйындарда бүт дүйнө жүзүндөгү бир туугандарды бир үй-бүлөдөй бириктирип турган сүйүү түйүнүнүн канчалык бекем экенине ынанабыз! (1 Петир 2:17).

Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейт. Дин кызматчылар Ыйык Китепте жазылгандарды чечмелеп түшүндүрүп ­беришкенде, Кудайдын эли «айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүп», кубанып-шаттанган (Некемия 8:8, 12). Жыйындарда айтылган насаат сөздөр бизге да дем-күч берип, ыраазычылыгыбызды арттырат. Ал жакта айтылгандардын баары Ыйык Китепке негизделет. Жыйындарда кызыктуу баяндамалар айтылып, кызматта болгон окуялар сахналаштырылып көрсөтүлөт. Алардан Кудайдын эркин кантип аткара аларыбызга байланыштуу көп нерсени үйрөнөбүз. Ошондой эле бир туугандар башынан өткөн окуяларды айтып беришет. Алардын азыркы оор учурда кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы бизге Кудайга кызмат кылууга ого бетер чечкиндүү болгонго түрткү берет. Региондук жыйындарда коюлуучу драмалар Ыйык Китепте жазылган окуяларды элестеткенге көмөк кылат. Ал драмалардан көп нерсени үйрөнөбүз. Мындан тышкары, жыйындарда өмүрүн Жахаба Кудайга арнап кызмат кылгысы келгендер сууга чөмүлтүлүшөт.

  • Жыйындар бизди кубанычка бөлөйт деп эмне үчүн айта алабыз?

  • Жыйындарга катышуудан кандай пайда аласыңар?