Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?

 7-БӨЛҮМ

Жыйналыштарыбыз кандайча өткөрүлөт?

Жыйналыштарыбыз кандайча өткөрүлөт?

Жаңы Зеландия

Жапония

Уганда

Литва

Кудайдын байыркы убактагы эли жыйналыштардан Кудайды даңктаган ырларды ырдап, Ыйык Китепти окуп, окуп-билгендерин талкуулашчу. Андай жыйналыштарда эч кандай диний каадалар өткөрүлчү эмес (1 Корунттуктар 14:26). Бүгүнкү күндө да жыйналыштар так ушундайча өткөрүлөт.

Жыйналыштан Ыйык Китепке негизделген кеңештер айтылат. Дем алыш күндөрү ар бир жыйналышта Ыйык Китепке негизделген 30 мүнөттүк баяндама айтылат. Андай баяндамаларда Ыйык Китепте айтылгандардын биздин күндөргө жана жашообузга кандай тиешеси бар экени баса белгиленет. Келгендердин баары Ыйык Китебин ачып, окулган аяттарды карап отурууга чакырылат. Баяндамадан кийин «Күзөт мунарасы» журналынын изилдөөгө арналган санындагы макала талкууланат. Ал бир саатка созулат. Талкууга баары катыша алат. Андай макалалар Ыйык Китептеги кеңештерди колдонууга жардам берет. Дүйнө жүзүндөгү 100 000ден ашуун жыйналыштарда бир эле макала талкууланат.

Мыкты окутууга үйрөнөбүз. Жуманын ортосунда кечкисин үч бөлүктөн турган жыйналыш өткөрүлүп турат. Биринчи бөлүгү 30 мүнөткө созулат. Ал Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү деп аталат. Ал суроо-жооп иретинде өткөрүлүп, Ыйык Китептеги мыйзамдарды, пайгамбарлардын жазгандарын терең түшүнүүгө жардам берет. Теократиялык кызмат мектеби деп аталган кийинки бөлүгү 30 мүнөткө созулат. Анда жыйналыштагылар алдын ала окуп, даярданып келген Ыйык Китептеги айрым бөлүмдөр талкууланат. Андан соң Теократиялык мектепке жазылгандар алдын ала берилген тапшырманы аткарышат. Мектепти алпарган бир тууган аларга жакшы окууга, сүйлөө чеберчилигин жакшыртууга жардам бериш үчүн тапшырмаларды кандай аткарып жатышканын байкап отурат (1 Тиметей 4:13). Жыйналыштын үчүнчү бөлүгү — кызмат жолугушуусу — 30 мүнөткө созулат. Андагы кыскача баяндамалардан, демонстрациялардан, дил маектерден башкаларга Ыйык Китепти изилдөөгө кантип жардам берсек болоруна үйрөнөбүз.

Жыйналышка келгенде программанын жогорку деңгээлде өткөрүлөрүн көрүп таң каларыңар күмөнсүз (Ышая 54:13).

  • Жыйналыштардан эмнелер тууралуу уга аласыңар?

  • Жыйналыштардын кайсынысына катышууну каалайсыңар?

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?

Жолугушуулардын кантип өткөрүлөрүн көрүңүз.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары кандайча уюшулган?

Жыйналыш жолугушуулары кандай максатта уюшулганын окуп көрүңүз.