Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 23-БӨЛҮМ

«Ал бизди биринчи сүйгөн»

«Ал бизди биринчи сүйгөн»

1—3. Ыйсанын өлүмү жөнөкөй эле окуя болбогонун эмне көрсөтүп турат?

МЫНДАН эки миң жылдай илгери жазында бир бейкүнөө адам жасабаган кылмыштары үчүн сот алдына алынып келинип, азаптуу өлүм жазасына тартылган. Тилекке каршы, бул тарыхтагы ырайымсыз жана адилетсиз жазалардын биринчиси да, акыркысы да эмес эле. Бирок ал адамдын өлүмү бүт адамзат үчүн өзгөчө мааниге ээ.

2 Анын өмүрүнүн акыркы азаптуу сааттарында асман да бул окуянын маанилүүлүгүн күбөлөндүргөн. Күтүлбөгөн жерден чак түштө айлананы караңгылык басып, бир тарыхчы жазгандай, «күн көрүнбөй» калган (Лука 23:44, 45). Акыркы демин чыгарарда ал адам: «Аткарылды!» — деген унутулгус сөздү айтат. Ооба, өз өмүрүн берүү менен ал эң маанилүү иш жасаган. Анын курмандыгы адам көрсөтө алчу сүйүүнүн эң күчтүү көрсөтүлүшү болгон (Жакан 15:13; 19:30).

3 Ал адам, албетте, Ыйса Машайак болчу. Анын ошол каргашалуу күнү, б.з. 33-жылы 14-нисанда, тарткан азап-тозогу менен өлүмү тууралуу жакшы маалым. Бирок ушуга байланыштуу бир маанилүү факт көп учурда көз жаздымда калат. Ыйса аябай азап чексе да, андан да катуу кыйналган дагы бирөө болгон. Ал ошол күнү Ааламдагы эң зор сүйүүнү көрсөтүп, аябай чоң курмандыкка барган. Сөз кайсы курмандык жөнүндө болуп жатат? Ушул суроонун жообу эң маанилүү теманы — Жахабанын сүйүүсүн — талкуулоо үчүн ылайыктуу кириш бөлүк болуп берет.

Сүйүүнүн эң зор көрсөтүлүшү

4. Римдик жүз башы Ыйсанын жөн адам болбогонун кантип түшүнгөн жана кандай тыянак чыгарган?

4 Жүргүзүлгөн жазалоо чараларын карап турган римдик жүз башы Ыйса өлөрдө баскан караңгылыкка, анын өлүмүнөн  кийин болгон катуу жертитирөөгө аябай таң калган да, үнүн катуу чыгарып: «Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу»,— деген (Матай 27:54). Ыйсанын жөн адам болбогондугу шексиз. Элестетсең, жүз башы Эң Жогорку Кудайдын өзү жалгыз жараткан Уулун өлтүрүүгө катышкан! Бирок Атасы өз Уулун канчалык баалаган?

5. Кудайдын Уулу Атасы менен канча убак бирге болгонун элестетүүгө кайсы мисал жардам берет?

5 Ыйык Китепте Ыйсанын «эч нерсе жаратыла электе эле» бар болгону жөнүндө айтылат (Колостуктарга 1:15). Элестетсең, Жахабанын Уулу Аалам пайда болгонго чейин эле жаратылган! Ал Атасы менен канча убакыт бирге өткөргөн болду экен? Кээ бир илимпоздордун эсеби боюнча, аалам бери дегенде, 13 миллиард жыл мурун пайда болгон. Акылга сыйгыс убакыт, чынбы? Адамдарга Ааламдын жаралганына канча убакыт болгонун элестетүүгө жардам бериш үчүн, бир планетарийде бул убакыт аралыгы узундугу 110 метр болгон убакыт сызыгы менен көрсөтүлгөн. Адамдын ошол сызык менен баскан ар бир кадамы Ааламдын «жашынын» 75 миллион жылына барабар. Ошол убакыт сызыгынын аягында адамзаттын бүткүл тарыхы кишинин бир тал чачындай болгон жоондуктагы белги менен көрсөтүлгөн! Бирок бул эсептөө туура болгон күндө да, Жахабанын Уулунун канча жашаганын көрсөтүү үчүн ал убакыт сызыгынын бардыгы да жетмек эмес! Ошончо убакыт бою Ыйса эмне иш кылган?

6. а) Жахабанын Уулу жерге келгиче эмне иш кылган? б) Жахаба менен Уулунун биримдиги канчалык бекем?

6 Уулу Атасына «чебер жардамчы» катары кубанычта кызмат кылган (Накыл сөздөр 8:30, «БМК»). Ыйык Китепте: «Ансыз [Уулусуз] башталган эч нерсе жок»,— деп айтылат (Жакан 1:3, «Инжил»). Жахаба Уулу менен бирге ааламдагынын баарын жараткан. Алар кандай гана кызыктуу, кубанычтуу убактарды өткөрүшкөн! Ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүү аябай күчтүү болоруна кошулбаган адам жоктур. Сүйүү «бардыгын бириктирип байлайт» (Колостуктарга 3:14, «Мукаддас»). Анда акылга сыйгыс убак бою созулган сүйүү канчалык бекем болушу керек? Арийне, Жахаба  Кудай менен Уулун эң бекем сүйүү бириктирип турары шексиз.

7. Ыйса чөмүлтүлгөндө, Жахаба Уулуна карата болгон сезимдерин кантип билдирген?

7 Ошого карабастан Жахаба өзүнүн Уулун жерге адам болуп төрөлүүгө жиберген. Ан үчүн Жахабага сүйүктүү Уулу менен асманда жакын пикирлешүүдөн бир канча жылга баш тартууга туура келген. Ал асмандан Ыйсанын чоңоюп жеткилең адам болушуна зор кызыгуу менен көз салып турган. Ыйса 30 жашка чыкканда чөмүлтүлөт. Ошондо Атасынын кандай сезимде болгонун божомолдоонун кереги жок, анткени ал өзү асмандан: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын»,— деп айткан (Матай 3:17). Ыйсанын өзүнө тийиштүү бардык пайгамбарлыктарды ишенимдүү аткарганын, табышталгандын баарын орундатканын көрүп Атасы абдан эле кубанса керек! (Жакан 5:36; 17:4).

8, 9. а) Б.з. 33-жылы 14-нисанда Ыйса эмнелерди башынан өткөргөн жана ошондо асмандагы Атасы кандай сезимде болгон? б) Эмне себептен Жахаба Уулунун азап тартып өлүшүнө жол берген?

8 Бирок б.з. 33-жылы 14-нисанда Ыйсаны сатып коюшканда жана аны жаалдуу сүрмө топ кармап кеткенде, Жахаба кандай сезимде болгон? Досторунун баары качып кетип, анын өзүн мыйзамсыз түрдө уюштурулган соттун алдына алып келишкендечи? Аны шылдыңдап, бетине жаба түкүрүп, ургулашканда, жонун жаралантып камчы менен сабашканда, бул Жахабага кандай тийген? Ыйсаны колу-бутунан мамыга кадап, шылдыңдаган эл көрсүн деп мамыны тургузушкандачы? Ошол учурда Жахабаны кандай сезимдер чулгаган? Сүйүктүү Уулунун жалынычтуу үнүн укканда жана ал акыркы демин чыгарып, жаралгандан бери жашоосу биринчи жолу токтогондо, Жахаба кандай абалда болгон? (Матай 26:14—16, 46, 47, 56, 59, 67; 27:38—44, 46; Жакан 19:1).

«Кудай... Өзүнүн жалгыз Уулун берди».

9 Бул жерде сөздөр алсыздык кылат. Жахабанын сезимдери ушунчалык күчтүү болгондуктан, Уулунун өлүмү ага кандай оор тийгенин сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бирок Жахабанын буга эмне үчүн жол бергенин түшүнүп билүү мүмкүн. Өзүн ушундай азапка салууга Атага эмне түрткү берген? Жакан 3:16да Жахаба бизге укмуш бир нерсени ачып  берет. Бул аят ушунчалык маанилүү болгондуктан, «чакан Инжил» деп аталып калган. Анда: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айтылат. Ооба, мындан көрүнүп тургандай, Кудайга сүйүүсү түрткү берген. Жахаба өзүнүн сүйүктүү Уулун жерге биз үчүн азап чегип, өлүшү үчүн жиберген. Жахабанын бул баалуу белеги анын сүйүүсүнүн эң зор көрсөтүлүшү болгон.

Кудайдын сүйүүсү деген эмне?

10. Адам эмнеге муктаж жана «сүйүү» деген сөздүн мааниси эмне болууда?

10 «Сүйүү» деген сөз эмнени билдирет? Сүйүү — адам муктаж болгон нерселердин эң маанилүүсү. Адам баласы төрөлгөндөн өлгөнгө чейин талыкпай сүйүүгө умтулат; ал сүйүүнүн назик нурларында гүлдөп, ал жок болсо — соолуп, ал эмес өлүп да калат. Бирок, кызыгы, бул сөзгө аныктама берүү оңой эмес. Арийне, адамдар сүйүү жөнүндө көп сөз кылышат. Ал тууралуу китеп жазышат, ыр чыгарып ырдашат. Бирок муну менен «сүйүү» деген сөздүн мааниси түшүнүктүүрөөк болуп калбайт. Тескерисинче, ал ушунчалык кеңири колдонулгандыктан, барган сайын чыныгы мааниси унутулуп баратат.

11, 12. а) Сүйүү тууралуу каяктан көбүрөөк билүүгө болот жана эмне үчүн? б) Байыркы грек тилинде сүйүүнүн түрлөрү кандай сөздөр менен берилген жана кайсынысы Грек Жазмаларында баарынан көп колдонулат? (Шилтемени да кара). в) Ага́пи деген эмне?

11 Бирок Ыйык Китепте сүйүүгө карата так түшүнүк берилет. Вайндын «Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүндө»: «Сүйүү өзү түрткү берген иштердин аркасында гана таанылат»,— деп айтылат («An Expository Dictionary of New Testament Words»). Ыйык Китептен Жахабанын иш-аракеттери тууралуу окуп, анын сүйүүсү, өзүнүн жаратууларына болгон ынактыгы жөнүндө көптү биле алабыз. Бул сапат тууралуу эң күчтүү сүйүүсүн көрсөткөн Жахабанын жогоруда айтылып өткөн мисалынан башка дагы эмне мынчалык айкын күбөлүк бере алат? Кийинки бөлүмдөрдөн Жахаба сүйүүсүн кандайча чагылдырарын көрсөткөн көптөгөн мисалдарды  карап чыгабыз. Сүйүү жөнүндө ага карата Ыйык Китептин түпнускасында колдонулган сөздөрдү изилдөө менен да көптү билүүгө болот. Байыркы грек тилинде сүйүүгө карата төрт сөз колдонулат *. Грек Жазмаларында ага́пи деген сөз баарынан көп кездешет. Ал Ыйык китептик бир сөздүктө «сүйүүнү сүрөттөөдөгү эң күчтүү сөз» деп аталган. Эмне үчүн?

12 Ага́пи — принциптерге жетектелген сүйүү. Бул кимдир бирөөнү капыстан эле жактырып калуудан көптү камтыйт. Мындай сүйүү күчтүүрөөк келет, ал ой жүгүртүү менен ички ишенимге негизделген сезимди билдирет. Андан сырткары, ага́пи сүйүүгө өз кызыкчылыгын издебөө мүнөздүү. Жакан 3:16га дагы бир сыйра көңүл буралы. Кудай сүйүп, Өзүнүн жалгыз Уулун берген «дүйнө» деген эмне? Ал — кунга муктаж адамзат. Ага өмүр бою күнөө кылып келген адамдар да кирет. Жахаба аларды өзүнүн жакын достору катары эсептейби? Аларды ишенимдүү Ыбрайымды сүйгөндөй сүйөбү? (Жакып 2:23). Жок, бирок ал өзү үчүн өтө кымбатка турганына карабастан аларга айкөлдүк көрсөтүүдө. Ал бардык адамдардын өкүнүшүн жана өзгөрүшүн каалайт (2 Петир 3:9). Көптөр ошентишүүдө. Ошондо Кудай аларды кубаныч менен өзүнүн достору катары кабыл алат.

13, 14. Ага́пи көп учурда өзүнө жекече ынактыкты камтырын эмне көрсөтүп турат?

13 Бирок айрымдар ага́пи дегенди туура эмес түшүнүшөт. Аларга сүйүүнүн бул түрүнүн көрсөтүлүшүндө жүрөк эмес, акыл-эс эле катышчудай сезилет. Бирок таптакыр андай эмес. Ага́пи көп учурда өзүнө жекече ынактыкты камтыйт. Маселен, Жакан: «Атасы Уулун сүйөт»,— деп жазганда ага́пи  деген сөздү колдонгон. Ушундай сүйүүдө ынактык жокпу? Ыйсанын: «Атасы Уулун жакшы көрөт»,— деп айтканда филе́о деген этишти колдонгону белгилей кетерлик (Жакан 3:35; 5:20). Жахабанын сүйүүсү көп учурда назик ынактыкты камтыйт. Бирок ал эч качан сезимдерге эле жетектелбейт. Ал ар дайым акылдуу жана адилеттүү принциптерге негизделет.

14 Жахабанын бардык сапаттары кемтиксиз, жеткилең жана өзүнө тартып турарын, бирок алардын баарынан жагымдуусу сүйүү экенин көрдүк. Бизди Кудайга ошол сапат өзгөчө тартып турат. Дал ушу сүйүү — анын эң негизги сапаты. Муну кайдан билебиз?

«Кудай — сүйүү»

15. Ыйык Китепте Жахабанын сүйүү сапаты жөнүндө эмне айтылат жана ал сөздөр эмнеси менен өзгөчө? (Шилтемени да кара).

15 Ыйык Китепте сүйүү жөнүндө Жахабанын башка негизги сапаттарынын бири жөнүндө да айтылбаган нерсе айтылат. Кудай — күч же адилеттүүлүк, же акылмандык дегенди Жазманын эч жеринен кезиктирбейбиз. Жахаба — ал сапаттардын ээси жана булагы жана бул сапаттарды көрсөтүүдө ага эч ким тең келе албайт. Ал эми төртүнчү сапатына байланыштуу өзгөчө бир нерсе: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат * (1 Жакан 4:8). Бул эмнени билдирет?

16—18. а) Эмнеге Ыйык Китепте «Кудай — сүйүү» делет? б) Жердеги жаратуулардан адам эмне үчүн Жахабанын сүйүүсүнүн ылайыктуу символу?

16 «Кудай — сүйүү» дегенди барабардык катары кабыл алууга болбойт, анткени «Кудай» жана «сүйүү» деген түшүнүктөрдү бири-биринин ордуна колдонуу мүмкүн эмес. Бул сөздөрдүн ордун алмаштырып: «Сүйүү — Кудай»,— деп айта  албайбыз. Жахаба абстрактуу сапаттан алда канча улуу. Ал сүйүүдөн башка дагы көптөгөн касиет-сапаттарга, сезимдерге ээ. Жахаба — сүйүүгө толгон Кудай. Бир эмгекте бул аятка карата: «Сүйүү Кудайдын табиятынын өзү болуп саналат»,— деп айтылат. Муну өзүбүзгө мындайча түшүндүрсөк болот: Жахабанын күчү анын иш-аракет кылышын шарттайт; адилеттиги менен акылмандыгы иш-аракеттерин жетектейт; ал эми сүйүү ага иш-аракет кылууга түрткү берет. Башка сапаттарын да ал дайыма сүйүү менен чагылдырат.

17 Жахаба сүйүүнүн жандандырылышы деп көп айтылат. Андыктан принциптерге негизделген сүйүү эмнени билдирерин билүү үчүн, Жахабаны таанып-билишибиз керек. Бул сонун сапат адамдарда да бар. Алар кандайча ага ээ болуп калышкан? Жаратып жатканда Жахаба, сыягы, өзүнүн Уулуна кайрылып: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы»,— деген (Башталыш 1:26). Жердеги жандуу жаратуулардын ичинен адамдар гана асмандагы Атасын туурап, өз ыктыяры менен сүйүү көрсөтө алышат. Жахабанын негизги сапаттары түрдүү жаратуулары аркылуу көрсөтүлгөнүн эстесеңер. Бирок эң негизги сапатын, сүйүүсүн, көрсөтүү үчүн Жахаба жердеги жаратууларынын таажысы болгон адамды тандап алган (Жезекиел 1:10).

18 Принциптерге негизделген, жанаябас сүйүү көрсөтүү менен Жахабанын эң негизги сапатын чагылдырабыз. Элчи Жакан: «Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү»,— деп жазган (1 Жакан 4:19). Бирок Жахаба бизди кандайча биринчи сүйгөн?

Жахаба биринчи болуп кадам шилтейт

19. Жахабанын жарата баштоосунда сүйүү негизги ролду ойногон деп эмне үчүн айтууга болот?

19 Сүйүү жаңы нерсе эмес. Маселен, жарата баштоого Жахабага эмне түрткү берген? Жалгызсырагандык эмес, анткени ал пикир алышууга муктаж эмес болчу. Жахабада бардык касиет-сапаттар бар, ал өзү жеткилең жана эч кандай сырткы факторлордон көзкаранды эмес. Бирок сүйүүсү — активдүү сапат — ага анын белегин баалай турган аң-сезимдүү  жаратуулар менен жашоо кубанычын бөлүшүүгө түрткү берген. «Кудайдын жаратуусунун башталышы» жалгыз өзү жараткан Уулу болгон (Аян 3:14). Андан соң ошол Чебер Жардамчысы аркылуу бардыгын, алардын арасында алгачкылардан кылып периштелерди жараткан (Аюб 38:4, 7; Колостуктарга 1:16). Эркиндикке, акыл-эске, сезимдерге ээ болгондуктан ал күчтүү рухий жаратуулар бири-бирине, андан да маанилүүсү Жахаба Кудайга карата назик ынактык сезимин өрчүтө алышмак (2 Корунттуктарга 3:17). Аларга сүйүү биринчи көрсөтүлгөндүктөн, алар да сүйүүнү чагылдырышкан.

20, 21. Жахабанын Адам менен Обону сүйөрүнө кандай далилдер бар эле, бирок алар кандай жооп кайтарышкан?

20 Адамзатка байланыштуу да ушуну айтууга болот. Эң башында Адам менен Обо, каймана мааниде айтканда, Кудайдын сүйүүсүнө чалкышкан. Алар бейиш үйүндө — Эйденде — жүргөндө, кайда карашпасын, бардыгы асмандагы Атасынын сүйүүсүн күбөлөндүрүп турган. Ыйык Китепте: «Кудай-Теңир чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге Өзү жараткан адамды жайгаштырды»,— деп айтылат (Башталыш 2:8). Көз жоосун алган сейилбакты аралап сейилдеген учуруң болду беле? Өзгөчө эмне жаккан эле? Дарактардын жалбырактарынын арасынан түшкөн шоолабы? Же чоң-кичинеси аралаша жайнаган түркүн түстүү гүлдөрбү? Балким, суунун шылдыраганы, чымчыктардын кереметтүү сайраганы жана курт-кумурскалардын ызылдаганы кошулгандагы кубулжуп чыккан үндөрдүр? Же, мүмкүн, гүлдөгөн бак-дарактардын, жыпар жыттуу жемиштер менен гүлдөрдүн жыты аңкыган аба жаккандыр? Бирок кандай гана сонун сейилбак болбосун, баары бир ал Эйденге тең келе албайт. Эмне үчүн?

21 Эйден багын Жахаба өзү отургузган! Ал сөз жеткис кооз бак болсо керек. Андагы ар бир бак-дарак өзүнүн кооздугу жана мөмөсүнүн ширелүүлүгү менен айырмаланып турчу. Эйден багы эң сонун сугарылып турган, ал кенен жана тирүү жандыктардын түркүн түрүнө бай эле. Адам менен Обо бактылуу, толук кандуу жашоо өткөрүп, арзырлык, абдан пайдалуу иш кылып, жеткилең достук мамилеге ээ боло  алышмак. Жахаба аларды биринчи болуп сүйгөн. Алардын да Кудайга карата ошондой сүйүү көрсөтүшүнө эч кандай тоскоолдук жок болчу. Бирок алар антишкен жок. Асмандагы Атасына сүйүү көрсөтүп, анын тилин алуунун ордуна, алар өзүмчүлдүк менен Кудайга каршы козголоң чыгарышкан (Башталыш 2-бап).

22. Жахабанын Эйдендеги козголоңго байланыштуу кылган иш-аракети анын сүйүүсү өзгөрүлбөс экендигин кандайча көрсөттү?

22 Жахаба буга кандай гана кайгырса керек! Козголоң аны мээримсиз кылып койгонбу? Жок! «Анткени Анын ырайымы [«берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүсү», «ЖД», шилтеме] түбөлүк» (Забур 135:1). Сүйүүсүнөн улам ал ошол замат Адам менен Обонун ишенимдүү тукумдарын куткарууну ойлонуштурган. Ал ниетин ишке ашыруу үчүн Жахаба, өзүнө кымбатка турганына карабастан, сүйүктүү Уулун куткаруу курмандыгы катары бергенин билдик (1 Жакан 4:10).

23. Жахабанын «бактылуу Кудай» деп аталганынын бир себеби кайсы жана эмки бөлүмдө кайсы маанилүү суроо талкууланат?

23 Ооба, Жахаба эң башында эле адамзатка сүйүү көрсөтүп, биринчи болуп кадам жасаган. «Ал бизди» түрдүү жолдор менен «биринчи сүйгөн». Сүйүү биримдик менен кубанычка өбөлгө түзөт, ошондуктан Жахабанын «бактылуу Кудай» деп аталганы таң калыштуу эмес (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Бирок «Жахаба чындап эле ар бирибизди өзүнчө сүйөбү?» деген маанилүү суроо туулат. Аны эмки бөлүмдө талкуулайлы.

^ абз. 11 Грек Жазмаларында филе́о деген сөз, башкача айтканда, «кимдир бирөөнү баалоо, кимдир бирөөнү (мисалы, жакын досту же биртууганды) жактыруу же ага карата ынактыкты сезүү» дегенди билдирген этиш көп колдонулат. Денелик туугандардын ортосундагы сүйүүнү билдирген сторги́ деген сөз 2 Тиметейге 3:3тө («ЖД») колдонулат. Ал жерде акыркы күндөрдө сүйүүнүн ушу түрү өзгөчө жетишсиз болору алдын ала айтылат. Э́рос же эркек менен аялдын ортосундагы махабат сезимин билдирген сөз Грек Жазмаларында кездешпесе да, сүйүүнүн бул түрү тууралуу Ыйык Китепте айтылат (Накыл сөздөр 5:15—20).

^ абз. 15 Ыйык Китепте дагы башка аяттарда ушу сыяктуу сөздөр кездешет. Маселен, «Кудай — жарык» жана «Биздин Кудайыбыз жалмап салуучу от» делет (1 Жакан 1:5; Эврейлерге 12:29). Бирок бул сөздөрдү метафора катары түшүнүү керек, анткени Жахаба бул аяттарда физикалык кубулуштарга окшоштурулат. Жахаба ыйык жана адилет, ошондуктан ал жарык сыяктуу. Анда «караңгылык» же ыпыластык жок. Кыйратуучу күчкө ээ болгондуктан аны отко да салыштырууга болот.