Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 30-БӨЛҮМ

«Сүйүү жолу менен жүргүлө»

«Сүйүү жолу менен жүргүлө»

1—3. Жахабаны сүйүү көрсөтүү жагынан тууроо кандай баталарды алып келет?

«„АЛГАНГА караганда берген жакшы“», башкача айтканда, бактылуу кылат (Элчилер 20:35). Ыйсанын бул сөздөрү бир маанилүү чындыкты — өзүмчүлдүксүз сүйүүнүн ар дайым акыбети кайтарын — көрсөтүп турат. Башкалардын сүйүүсүн сезгениңде кубанбай койбойсуң, бирок өзүң сүйүү көрсөткөндө ого бетер бактылуу болосуң.

2 Муну асмандагы Атабыз баарынан жакшы билет. Мындан мурунку бөлүмдөрдөн билгенибиздей, Жахаба сүйүүнүн теңдешсиз үлгүсүн көрсөтөт. Ал сүйүүнү баарынан узак убактан бери көрсөтүп келатат жана бул сапатты чагылдыруу жагынан ага теңдеш эч ким жок. Андыктан Жахабанын «бактылуу Кудай» деп аталганы да таң калыштуу эмес (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»).

3 Сүйүктүү Кудайыбыз биздин аны бардык жактан, өзгөчө, сүйүү көрсөтүү жагынан туураганга аракет кылышыбызды каалайт. Эфестиктерге 5:1, 2де: «Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла... сүйүү жолу менен жүргүлө»,— деп айтылат. Жахабадай сүйүү көрсөтүүгө умтулуу менен башкаларга берүүдөн улам пайда болуучу зор бакыттын эмне экенин сезебиз. Мындан сырткары, Жахабанын жактыруусуна ээ болуп жатканыбызды билүүдөн канааттануу алабыз, себеби Анын Сөзү бизди бири-бирибизди сүйүүгө чакырат (Римдиктерге 13:8). Бирок «сүйүү жолу менен жүрүшүбүз» керек экенине башка да себептер бар.

Эмне үчүн сүйүү маанилүү?

4, 5. Эмне үчүн ишенимдештерибизге жанаябастык сүйүү көрсөтүшүбүз керек?

4 Ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүү эмне үчүн маанилүү? Бир сөз менен айтканда, сүйүү — чыныгы диндин маңызы. Сүйүүсүз ишенимдештерибиз менен ынак мамиле  өрчүтө албайбыз, мындан да маанилүүсү, ансыз Жахабанын көз алдында эч нерсе эмеспиз. Бул чындыктар Кудай Сөзүндө кандайча баса белгиленерин карап көрөлү.

5 Өлөрүнүн алдындагы түнү Ыйса шакирттерине: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө! Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жакан 13:34, 35). «Мен силерди сүйгөндөй»,— деген сөздөрдөн көрүнүп тургандай, бизге Ыйсанын сүйүүсүн чагылдырууга буйрук кылынат. Ушул китептин 29-бөлүмүндө Ыйсанын башкалардын жыргалчылыгы үчүн өз кызыкчылыктарынан кечип, жанаябастык сүйүүнүн эң сонун үлгүсүн калтырганына көңүл бурулган. Биз да өзүмчүлдүксүз сүйүү көрсөтүшүбүз керек, бул атүгүл жыйналыштын мүчөсү болбогон адамдар үчүн да айкын болушу зарыл. Анткени жанаябастык сүйүү — Ыйсанын жолдоочуларын айырмалаган белги.

6, 7. а) Жахабанын Сөзүндө сүйүүгө негизги роль берилерин кайдан билебиз? б) 1 Корунттуктарга 13:4—8-аяттарда сүйүүнүн кайсы түрүнө көңүл бурулат?

6 Сүйүүбүз жетишсиз болуп жатсачы? Элчи Пабыл: «Эгерде... менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун [«кимвалмын», «СК»]»,— деген (1 Корунттуктарга 13:1). Кимвалдын үнү ачуу чыгат. А зың эткен жез тууралуу эмне айтууга болот? Башка котормолордо бул сөз айкашы «кулак тундурган гонг» же «күркүрөгөн гонг» деп берилген. Кандай сонун көрсөтмөлүү мисал! Сүйүү көрсөтпөгөн адам башкаларды өзүнө тартмак турсун, жагымсыз үн чыгарган музыкалык аспапты эске салат. Андай адам кантип кимдир бирөө менен жылуу, ынак мамиле өрчүтө алмак эле? Пабыл: «Тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин»,— деп да айткан (1 Корунттуктарга 13:2). Элестетсең, сүйүүсүз адам, тоону томкорсо да, «эч ким» же эч нерсе эмес! Мындан Кудай Сөзүндө сүйүүгө негизги роль берилери көрүнүп турган жокпу?

7 Бул сапатты башкаларга жасаган мамилебизде кантип  чагылдыра алабыз? Жооп алыш үчүн, Пабылдын 1 Корунттуктарга 13:4—8-аяттарда жазылган сөздөрүнө кайрылалы. Ал жерде негизинен Кудайдын бизге же биздин Кудайга болгон сүйүүбүз тууралуу сөз жүргөн жок. Пабыл көңүлдү бири-бирибизге кандайча сүйүү көрсөтүшүбүз керектигине бурган. Ал сүйүүнүн эмнени билдирерин жана эмнени билдирбесин айтып өткөн.

Сүйүү деген эмне?

8. Башкаларга мамиле кылууда чыдамдуулук кандай жардам берет?

8 «Сүйүү чыдамдуу». Чыдамдуу болуу деген башкалардын кемчиликтерин көтөрө билүүнү билдирет (Колостуктарга 3:13). Башкалардын чыдамдуулук көрсөтүшүнө баарыбыз эле муктаж эмеспизби? Ишенимдештерибиз менен тыгыз кызматташканда жеткилеңсиз болгонубуздан улам, кээде бири-бирибизди кыжырлантышыбыз мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Бирок чыдамдуулук менен кечиримдүүлүк  башкалар менен мамилелешүүдө пайда болгон анча-мынча келишпестиктерди, таарынычтарды жыйналыштын тынчтыгын бузбай чечишип алууга жардам берет.

9. Башкаларга кантип боорукердик көрсөтө алабыз?

9 «Сүйүү... боорукер». Боорукердик жакшы иштер, жылуу сөздөр менен көрсөтүлөт. Сүйүү башкаларга, өзгөчө, муктаж болгондорго боорукердик көрсөтүшүбүзгө түрткү берет. Жалгызсырап жүргөн улгайган биртууганга барып бекемдегенге эмне үчүн болбосун? Балдарын жалгыз тарбиялап жаткан эне же үй-бүлөсү дин жагынан бөлүнгөн биртууган жардамга муктаж болушу ыктымал. Ал эми ишенимдүү досунун жылуу-жумшак сөздөрү ооруп жаткан же кырсыкка кабылган адамды кандай гана соорото алат! (Накыл сөздөр 12:25; 17:17). Ушундай учурларда боорукер болууга умтулуу менен сүйүүбүздүн канчалык чыныгы экенин көрсөтөбүз (2 Корунттуктарга 8:8).

10. Сүйүү чындыкты чечкиндүүлүк менен жактоого жана оор болсо да, бири-бирибизге чындыкты айтууга кандайча түрткү берет?

10 «Сүйүү... чындыкка кубанат». Башка котормодо: «Сүйүү... чындык тарапты кубаныч менен ээлейт»,— деп айтылат. Сүйүү бизге чындыкты чечкиндүүлүк менен жактоого жана «бири-бирибизге чындыкты айтууга» түрткү берет (Захария 8:16). Маселен, жакын адамыбыз олуттуу күнөө кылса, ага жана Жахабага болгон сүйүүбүз аны жашырбай, актабай же башкаларды алдоого аракет кылбай Кудайдын принциптерине карманууга жардам берет. Ооба, чындыкка тике кароо оор болушу мүмкүн. Бирок жакыныбызга жакшылык кааласак, анын Кудайдын сүйүү менен берилүүчү жазасын алышы жана ага жараша иш кылышы канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз (Накыл сөздөр 3:11, 12). Биз Ыйсанын сүйүүгө жетектелген жолдоочулары катары өзүбүздү «бардык нерседе туура алып жүрүүнү» каалайбыз (Эврейлерге 13:18).

11. «Сүйүү баарын көтөрөрүн» эске алып, ишенимдештерибиздин каталарына кандай карашыбыз керек?

11 «Сүйүү... баарын көтөрөт». Бул сөз айкашы сөзмө-сөз «бардыгын жабат» дегенди билдирет. 1 Петир 4:8де: «Сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт»,— деп айтылган. Ооба, Ыйсанын  сүйүүгө жетектелген жолдоочусу биртуугандарынын жеткилеңсиздиги менен жаңылыштыктарын баса белгилей бербейт. Көпчүлүк учурларда ишенимдештерибиздин кетирген каталары сүйүү менен жаап коюуга болорлук майда болот (Накыл сөздөр 10:12; 17:9).

Жахабанын кызматчыларын бири-бирине көрсөткөн сүйүүсүнөн билүүгө болот.

12. Элчи Пабыл Филемонго байланыштуу «жакшыраагына ишенерин» кантип көрсөткөн жана Пабылдын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

12 «Сүйүү... баарына ишенет». Башка котормодо: «Сүйүү жакшыраагына ишенүүгө даяр»,— деп айтылат. Ишенимдештерибизге шектенүү менен карап, алардын бардык ниеттерине күмөн санай бергибиз келбейт. Сүйүү биртуугандарыбыз жөнүндө «жакшыраагына ишенүүгө», аларга ишеним артууга жардам берет *. Буга мисал катары Пабылдын Филемонго жазган катын алып көрөлү. Ал катта Пабыл Филемонду өзүнүн качкын кулун, чындык жолун кабыл алган соң ага кайтып барууну чечкен Онесимди, жылуу тосуп алууга чакырат. Пабыл аны мажбурлабайт, бирок сүйүү менен өтүнөт. Ал Филемондун бардыгын туура кыларына ишенерин: «Сени тил алат деп ишенем, айтканымдан да көптү кыларыңды билем, ошондуктан жазып жатам»,— деп билдирет (21-аят). Биртуугандарыбызга ишенерибизди билдирүү менен аларга эң сонун сапаттарды чагылдырууга түрткү беребиз.

13. Биртуугандарыбызга байланыштуу жакшы нерсеге үмүттөнөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

13 «Сүйүү... баарына үмүттөнөт». Сүйүү ишенип эле койбойт, ал үмүттөнөт дагы. Эгер сүйүүгө жетектелсек, биртуугандарга байланыштуу жакшы нерсеге үмүттөнөбүз. Маселен, биртууганыбыз «кандайдыр бир күнөө» жасап алса, оңолушу үчүн чын дилден берилген жардамды кабыл аларына үмүт кылабыз (Галаттыктарга 6:1). Андан сырткары, ишеними алсырап калгандардын сөзсүз кайрадан бутуна турарынан үмүт үзбөйбүз. Андайларга чыдамдуулук  менен жардам берип, ишенимин бекемдөөгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз (Римдиктерге 15:1; 1 Тесалоникалыктарга 5:14). Жакыныбыз жолдон тайган күндө да, анын бир күнү, Ыйсанын үлгү-насаат аңгемесиндеги адашкан уулдай болуп, өзүнө келеринен жана Жахабага кайрыларынан үмүтүбүздү үзбөйбүз (Лука 15:17, 18).

14. Туруктуулугубуз жыйналышта кандайча сыналышы ыктымал жана ушундай учурда сүйүү кандай жардам берет?

14 «Сүйүү... баарын көтөрөт [«туруктуулук менен көтөрөт», «ЖД»]». Туруктуулук түрдүү кыйынчылыктарды көтөрүүгө жана көңүл кайттылык менен күрөшүүгө жардам берет. Туруктуулугубуз жыйналыштан сырткары эле эмес, анын ичинде да сыналышы мүмкүн. Жеткилеңсиз болгондуктан ишенимдештерибиз кээде бизди капалантышы ыктымал. Ойлонбой айтылган сөз катуу тийип калышы мүмкүн (Накыл сөздөр 12:18). Балким, жыйналышта бир нерселер биз каалагандай жасалбай жаткандыр. А мүмкүн, жоопкерчиликтүү биртуугандын жүрүм-турумуна таң калып: «Кудай жолундагы адам да ушинтеби?» — деп ойлоп жаткандырбыз. Ушундай нерселерден улам жыйналыштан кетип, Жахабага кызмат кылбай коёбузбу? Эгер сүйүүбүз бар болсо, буга жол бербейбиз! Ооба, сүйүү биртууганыбыздын кемчилигинен улам анын же жыйналыштын жакшы жактарын көрбөй калганчалык абалга жетпөөгө көмөк кылат. Ошондой эле ал, жеткилеңсиз адамдардын айткандарына же кылган иштерине карабай, Кудайга ишенимдүү бойдон калып, жыйналыш менен кызматташа берүүгө түрткү берет (Забур 118:165).

Сүйүү...

15. Көрө албастык деген эмне жана сүйүү мындай зыяндуу сезимден качууга кандайча жардам берет?

15 «Көрө албастык кылбайт». Көрө албастык башкалардын мүлкүнө, алып жаткан баталарына же жөндөмдүүлүктөрүнө көз арта баштоого алып барышы мүмкүн. Көрө албастык — өзүмчүлдүктүн айынан пайда болуучу зыяндуу сезим. Эгер башкара билбесе, ал жыйналыштагы тынчтыкты бузушу ыктымал. «Кызганчаактыкка» алдырбоого эмне жардам  берет? (Жакып 4:5). Сүйүү. Бул баалуу сапат бизге караганда көбүрөөк ийгиликке жеткендер менен кошо кубанууга жардам берет (Римдиктерге 12:15). Кимдир бирөө өзгөчө жөндөмдүүлүктөрү же ийгиликтери үчүн бата алганда же макталып жатканда таарынбоого дал ошол сүйүү сапаты жардам берет.

16. Биртуугандарыбызды чын ыкластан сүйсөк эмне үчүн кызматтагы жетишкендиктерибиз менен мактанбайбыз?

16 «Мактанбайт, текеберденбейт». Сүйүү жөндөм-шыктарыбыз жана жетишкендиктерибиз менен мактанууга жол бербейт. Эгер биртуугандарыбызды чын ыкластан сүйсөк, ийгиликтерибиз же жыйналыштагы артыкчылыктарыбыз менен мактанабызбы? Муну менен алардын көңүлүн чөгөрүп, өздөрүн бизге салыштырмалуу эч нерсеге татыксыздай сезүүгө мажбур кылабыз. Сүйүү кызматтагы ийгиликтерибизди айтып мактанууга жол бербейт, анткени ага Кудайдын жардамы менен гана жетерибизди билебиз (1 Корунттуктарга 3:5—9). Сүйүүсү бар адам «текеберденбейт» же башка бир котормодо айтылгандай, «оюнда өзүн маанилүү эсептебейт». Ооба, сүйүү өзүбүздү жогору эсептөөдөн сактайт (Римдиктерге 12:3).

17. Сүйүү башкаларга көңүл бөлүүгө кандайча түрткү берет жана эмнеден сактайт?

17 «Адепсиздик кылбайт». Адепсиз адам натуура жүрүм-туруму менен башкаларды кыжырдантат. Бул сүйүүнүн жетишсиздигин, башкалардын сезимин сыйлабагандыкты жана алардын жыргалчылыгын такыр ойлобогондукту күбөлөндүрөт. Ал эми сүйүү кичи пейил болууга, башкаларга көңүл бөлүүгө түрткү берет. Ал өзүбүздү жакшы алып жүрүүгө жана ишенимдештерибизге сылык мамиле кылууга өбөлгө түзөт. Ооба сүйүү биртуугандарыбызды кыжырданткан, капаланткан «уятсыз» иштерди кылуудан сактайт (Эфестиктерге 5:3, 4).

18. Эмне үчүн сүйүүсү бар адам бардык нерсенин өзү каалагандай кылынышын талап кылбайт?

18 «Өз пайдасын көздөбөйт». Башка бир котормодо: «Сүйүү өзүнүкүн талап кылбайт»,— деп айтылат. Сүйүүсү бар адам өзүнүн эле көзкарашын туура деп эсептеп, бардыгын өзү каалагандай кылууну талап кылбайт. Ал башкаларга үстөмдүк  кылбайт же өзүнүкүн таңуулап, аларды көзкараштарын өзгөртүүгө мажбурлабайт. Мындай өжөрлүк текебердик сапатынын бар экенин күбөлөндүрмөк. Ал эми Ыйык Китепте: «Өлөрдүн алдында текебердик келет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:18). Эгерде биртуугандарыбызды чындап сүйсөк, алардын көзкарашын сыйлап, мүмкүн болгон жерлерден ийилчээктик көрсөтөбүз. Ийилчээктик көрсөтүүгө даяр болуу элчи Пабылдын: «Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун»,— деген сөздөрүнө шайкеш келет (1 Корунттуктарга 10:24).

19. Бизди кимдир бирөө таарынтканда сүйүү кандай жардам берет?

19 «Ачууланбайт, кек сактабайт». Сүйүүсү бар адам башкалардын айткан сөздөрүнө же кылган иштерине бат ачууланбайт. Кимдир бирөө капалантканда, көңүлүбүз чөкпөй койбойт дечи. Бирок ачууланууга себеп болгон күндө да, сүйүү кек сакташыбызга жол бербейт (Эфестиктерге 4:26, 27). Бизди таарынткан сөздөр менен кылык-жоруктарды эсепке албайбыз, каймана мааниде айтканда, аларды унутпоо үчүн эсеп-кысап китебибизге жазбайбыз. Анткени сүйүү бизге мээримдүү Кудайыбызды туураганга түрткү берет. Бул китептин 26-бөлүмүнөн Жахабанын негиз бар болгондо кечирерин билгенбиз. Ошондой эле ал кечирген күнөөлөрүбүздү унутат, башкача айтканда, кийин аларды кайра эскербейт. Кек сактабагандыгы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

20. Ишенимдешибиз күнөөгө батып, анын кесепеттерине кабылганда, эмне кылабыз?

20 «Адилетсиздикке кубанбайт». Башка котормолордо мындай деп айтылат: «Сүйүү... башкалар күнөө кылганда, табалап күлбөйт»; «Сүйүү, башкалар туура эмес иш кылып жатса, эч качан кубанбайт». Сүйүүнүн ыпыластык менен эч кандай жалпылыгы жок, андыктан адеп-ахлаксыздыкка жол бербешибиз керек. Ишенимдешибиз күнөөгө батып, анын кесепеттерине кабылганда, эмне кылабыз? Сүйүү: «Чала болду. Ошону көрмөк!» — деп кубанууга жол бербейт (Накыл сөздөр 17:5). Тескерисинче, жолдон тайган биртууганыбыздын рухий жактан сакаюу максатында кылган аракеттерин көрүп сүйүнөбүз.

 «Жакшы жол»

21—23. а) Пабыл «сүйүү түбөлүк жашайт» дегенде эмнени айткысы келген? б) Акыркы бөлүмдө кандай суроо талкууланат?

21 «Сүйүү түбөлүк жашайт». Бул сөздөр менен Пабыл эмнени айткысы келген? Контексттен көрүнүп тургандай, ал Ыйсанын алгачкы жолдоочулары ээ болгон рухтун жөндөмдүүлүктөрү жөнүндө жазган. Ал жөндөмдүүлүктөр жаңы уюштурулган жыйналышка Кудай батасын берип жатканын далилдеп турган. Айыктыруу, пайгамбарлык кылуу жана ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө Ыйсанын бардык жолдоочулары ээ болгон эмес. Бирок бул анчалык деле маанилүү эмес эле, анткени андай жөндөмдүүлүктөр кийин жоюлмак. Ошентсе да Кудайдын ар бир кызматчысы өрчүтө ала турган бир нерсе калышы керек болчу. Ал бардык кереметтүү  жөндөмдүүлүктөрдөн алда канча артык жана туруктуу нерсе эле. Пабыл аны «жакшы жол» деп атаган (1 Корунттуктарга 12:31). Ал эмне болгон «жакшы жол»? Ал — сүйүү жолу.

Сүйүү биртуугандарыбызга ишеним артууга түрткү берет.

22 Пабыл кеп кылган сүйүү — Кудайдын кызматчыларынын ортосундагы сүйүү — «түбөлүк жашайт», ал эч качан өчпөйт. Ыйсанын жолдоочулары азыр да бири-бирине болгон жанаябастык сүйүүсү менен айырмаланып турат. Андай сүйүүнү Жахабанын элинин дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарынын ар биринен көрүүгө болот. Бул сүйүү түбөлүккө калат, анткени Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына түбөлүк өмүр убадалайт (Забур 36:9—11, 29). Келгиле, сүйүү «жолунда» жүрүүгө аракет кылалы. Ошондо башкаларга берүү менен бактылуу болобуз. Мындан сырткары, мээримдүү Кудайыбыз Жахабага окшоп сүйүү көрсөтө алабыз жана түбөлүк өмүр сүрөбүз.

23 Сүйүү сапаты талкууланган бөлүктүн ушул соңку бөлүмүндө бири-бирибизге кантип сүйүү көрсөтө аларыбызды карап чыктык. Бирок Жахаба сүйүүсүн, күчүн, адилеттүүлүгүн жана акылмандыгын көрсөткөндүктөн, чексиз баталарга ээ болуп жатканыбызды эске алып, өзүбүзгө төмөнкүдөй суроо берип көргөнүбүз маанилүү: Жахабага аны чындап сүйөрүмдү кантип көрсөтсөм болот? Бул суроо ушул китептин акыркы бөлүмүндө талкууланат.

^ абз. 12 Ыйсанын жолдоочулары көрсөткөн сүйүү өтө эле ишенчээк болууну билдирбейт. Ыйык Китеп бизди: «Ортого жик салуучулардан... азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула»,— деп чакырат (Римдиктерге 16:17).