Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 10-БӨЛҮМ

Күчүңөрдү колдонуу жагынан «Кудайды туурагыла»

Күчүңөрдү колдонуу жагынан «Кудайды туурагыла»

1. Жеткилеңсиз адамдар кайсы тузакка көп түшөт?

«БИЙЛИКТИН билинбеген тузагы бар». Ушул сөздөр менен XIX кылымдагы бир акын аял байкалбаган коркунучту — бийликти кыянаттык менен пайдалануу коркунучун — баса белгилеген. Тилекке каршы, жеткилеңсиз адамдар бул тузакка көп түшүшөт. Кылымдар бою «адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирип» келүүдө (Насаатчы 8:9). Сүйүү менен коштолбогон бийлик көптөгөн азап-тозокторду алып келет.

2, 3. а) Жахабанын бийлигин кандайча колдонгондугу эмнеси менен таң калыштуу? б) Күчүбүз бар экени эмнелерден байкалат жана аны кандайча колдонушубуз керек?

2 Эбегейсиз бийликке ээ болсо да Жахабанын эч качан аны кыянаттык менен пайдаланбаганы таң калыштуу эмеспи? Буга чейинки бөлүмдөрдөн билгенибиздей, өзүнүн жаратуучу, кыйратуучу, куткаруучу жана калыбына келтирүүчү күчүн ал ар дайым сүйүүсү чагылдырылган ой-ниеттерин аткаруу үчүн колдонот. Жахабанын күчүн кандайча колдонору тууралуу ой жүгүртүү бизди ага жакындатып күчүбүздү колдонуу жагынан «Кудайды туураганга» түрткү берет (Эфестиктерге 5:1). Бирок биз, кадимки адамдар, кандай күчкө ээбиз?

3 Адам баласы «Кудайдын бейнеси» боюнча жана ага окшоштурулуп жаратылган (Башталыш 1:26, 27). Ошондуктан ар бирибизде, чектелүү болсо да, күч бар. Ал кандайдыр бир жумуш аткара алганыбыздан, бирөөлөрдү башкарганыбыздан, башкаларга, өзгөчө, бизди жакшы көргөн адамдарга таасир тийгизе аларыбыздан байкалат, ошондой эле биз белгилүү бир деңгээлде физикалык күчкө жана материалдык мүлккө ээбиз. Жахаба тууралуу забурчу: «Өмүрдүн булагы Сенде»,— деп айткан (Забур 35:10). Демек, түз же кыйыр мааниде болобу, биздин күчүбүздүн булагы — Кудай.  Андыктан күчүбүздү ага жаккыдай колдонууну каалайбыз. Канткенде ошенте алабыз?

Сүйүүнүн маанилүүлүгү

4, 5. а) Күчтү туура колдонууга эмне өбөлгө түзөт жана муну Жахабанын үлгүсү кандайча далилдеп турат? б) Күчүбүздү туура колдонууга сүйүү кандай жардам берет?

4 Күчтү туура колдонууга сүйүү өбөлгө түзөт. Буга Жахабанын үлгүсү далил эмеспи? Бул китептин биринчи бөлүмүндө Кудайдын төрт негизги сапатын — күчүн, адилеттүүлүгүн, акылмандыгын жана сүйүүсүн — талкуулап чыкканыбызды эстесең. Алардын эң негизгиси кайсы? Сүйүү. «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат 1 Жакан 4:8де. Ооба, сүйүү — Кудайга мүнөздүү касиет-сапаттардын эң негизгиси, Кудай жасаган иштердин баары сүйүү менен коштолот. Ошондуктан ал өзүнүн күчүн дайыма сүйүү менен жана аны сүйгөндөрдүн жыргалчылыгы үчүн колдонот.

5 Сүйүү бизге да күчүбүздү туура колдонууга жардам берет. Ыйык Китепте сүйүү «боорукер» жана «өз пайдасын көздөбөйт» деп айтылат (1 Корунттуктарга 13:4, 5). Так ушул сапат бизге кандайдыр бир деңгээлде баш ийген адамдарга орой же ырайымсыз мамиле кылышыбызга жол бербейт. Биз башкаларды урматтоого, алардын сезимин эске алууга жана алардын муктаждыктары үчүн кам көрүүгө аракет кылабыз (Филипиликтерге 2:3, 4).

6, 7. а) Кудайдан коркуу эмнени билдирет жана кандайча бул сезим бийликти кыянаттык менен пайдалануудан сактайт? б) Кудайга жакпай калуудан коркуу ага болгон сүйүү менен кандайча байланышта экенин мисал менен түшүндүр.

6 Сүйүү менен байланышкан жана бийликти кыянаттык менен пайдалануудан качууга жардам берген дагы бир нерсе бар: ал — Кудайдан коркуу сезими. Бул сезим канчалык баалуу? Накыл сөздөр 16:6да: «Теңирден коркуу жамандыктан алыс кылат»,— деп айтылат. Бийликти кыянаттык менен колдонуу — биз качышыбыз керек болгон жаман нерселердин бири. Кудайдан коркуу сезими кол алдыбыздагы адамдарга жаман мамиле жасоодон сактайт. Кандайча? Маселен, аларга жасаган мамилебиз үчүн Кудай алдында  жооптуу экенибизди билебиз (Некемия 5:1—7, 15). Бирок Кудайдан коркуу андан да көптү билдирет. Түпнускадагы «коркуу» деп которулган сөз Кудайга карата терең урматтоо же кастарлоо сезиминде болуу дегенди билдирет. Ошондуктан Ыйык Китепте коркуу сезиминин Кудайга болгон сүйүү менен тыгыз байланышта экени көрсөтүлгөн (Мыйзам 10:12, 13). Мындай урматтоо сезими жазалануудан коркууну эмес, а Кудайды сүйгөндүктөн ага жакпай калуудан коркууну туудурат.

7 Мисалы, ата менен баланын ортосундагы жылуу мамиле жөнүндө ойлонуп көрчү. Бала атасынын ага мээримдүүлүк менен кам көрөрүн, көңүл бурарын жакшы билет. Ошол эле учурда анын эмне талап кыларын, тентектик кыла турган болсо жазалаарын да билет. Бирок бала атасынан дайыма эле коркуп жашабайт. Тескерисинче, аны абдан сүйөт. Ал атасына жакканды кылууну жакшы көрөт. Бул мисал Кудайдан коркуу эмне экенин жакшы түшүнүүгө жардам берет. Биз Жахабаны, асмандагы Атабызды, абдан жакшы көргөндүктөн анын «жүрөгүн сыздаткан» нерселерди кылуудан коркобуз (Башталыш 6:6, «Мукаддас»). Ошондой эле анын жүрөгүн кубантууну каалайбыз (Накыл сөздөр 27:11). Ошондуктан күчүбүздү туура колдонуу абдан маанилүү. Анда эмесе, кандайча ошенте аларыбызды карап чыгалы.

Үй-бүлөдө

8. а) Үй-бүлөдө күйөө кандай бийликке ээ жана аны кандайча колдонушу керек? б) Күйөө аялын урматтаарын кантип көрсөтөт?

8 Адегенде үй-бүлөдөгү мамилелер жөнүндө сүйлөшөлү. «Күйөө... аялдын башчысы»,— деп айтылат Эфестиктерге 5:23тө. Кудай берген бул бийликти күйөө кандай колдонушу керек? Ыйык Китепте алар аялдарына «өтө назик идишти аярлагандай... урмат көрсөтүү» менен мамиле кылууга чакырылат (1 Петир 3:7). «Урмат» деп которулган грек тилиндеги зат атооч «баа, нарк... сый» дегенди билдирет. Бул грек сөзүнүн башка формалары «белек» жана «баалуу» деп которулат (Элчилер 28:10, «ЖД», 1 Петир 2:7, «ЖД»). Жубайын урматтаган күйөө эч качан ага кол көтөрбөйт, кадыр-баркын  түшүрбөйт жана аны баркка албай койбойт. Тескерисинче, аны жогору баалап, урмат көрсөтүү менен мамиле жасайт. Ал дайыма сөзү менен да, иши менен да, эл жокто да, элдин көзүнчө да аялын баалаарын көрсөтөт (Накыл сөздөр 31:28). Мындай күйөө аялынын сүйүүсү менен урмат-сыйына ээ болгондон тышкары, андан да маанилүүсү, Кудайдын жактыруусуна ээ болот.

Бири-бирине сүйүү жана урмат көрсөтүү менен жубайлар бийликтерин туура колдонушат.

9. а) Үй-бүлөдө аял кандай бийликке ээ? б) Күйөөсүн колдоого аялга эмне жардам берет жана кандай натыйжа менен?

9 Аял да үй-бүлөдө кандайдыр бир деңгээлде бийликке ээ. Ыйык Китепте башчылык принцибин бузбастан демилгени колго алып күйөөлөрүнө оң таасир тийгизген жана натуура чечимдерди чыгарбоого жардам берген такыбаа аялдар тууралуу айтылат (Башталыш 21:9—12; 27:46—28:2). Аялы күйөөсүнө караганда, балким, кыраакы же күйөөсүндө жок жөндөмдүүлүктөргө ээ болушу мүмкүн. Кандай болбосун, ал күйөөсүн терең «урматташы» жана ага «Теңирге баш ийгендей баш ийиши» керек (Эфестиктерге 5:22, 33). Кудайга жагууга болгон каалоосу аялга жөндөмдүүлүктөрүнүн баарын күйөөсүн кемсинтип, башкарууга эмес, тескерисинче, ага колдоо көрсөтүү үчүн жумшоого жардам берет. «Акылдуу аял» үй-бүлөнү бекемдөөдө күйөөсү менен тыгыз кызматташат. Бул болсо ага Кудай менен тынчтыкты сактоого жардам берет (Накыл сөздөр 14:1).

10. а) Кудай ата-энелерге кандай бийлик берген? б) «Акыл-насаат» деген сөз эмнени билдирет жана аны кандайча берүү керек? (Шилтемени да кара.)

10 Кудай ата-энелерге да бийлик берген. Ыйык Китепте: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деген буйрук берилет (Эфестиктерге 6:4). Ыйык Китепте «акыл-насаат» айтуу «тарбиялоо, үйрөтүү, насааттоо» дегенди билдирет. Акыл-насаат балдардын бактылуу болушуна, жыргалчылыгына өбөлгө түзөт. Балдар айкын жетекчиликке муктаж, аларды ар бир иштин чеги бар экенине үйрөтүү керек. Андай акыл-насааттар менен көрсөтмөлөрдүн сүйүү менен берилиши керектиги айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 13:24). Ошондуктан «түзөй турган  чыбык», башкача айтканда, акыл-насаат баланы эмоциялык же денелик жактан жабыр тарттырбашы керек * (Накыл сөздөр 22:15; 29:15). Балдарга орой мамиле кылуу, аларды мээримсиз тарбиялоо ата-энелик бийликти кыянаттык менен пайдалангандыкка жатат, бул баланын рухун түшүрөт (Колостуктарга 3:21). Ал эми адилеттүү жаза менен коштолгон туура тарбия балага ата-энесинин сүйөрүн жана анын кандай адам болуп чоңоёруна кош көңүл карашпаарын түшүнүүгө жардам берет.

11. Жаштар күчүн кандайча туура колдоно алышат?

11 Ал эми балдар жөнүндө эмне айтууга болот? Алар күчүн кандайча туура колдоно алышат? Накыл сөздөр 20:29да: «Жаштардын атак-даңкы — өздөрүнүн күчү»,— деп айтылат. Жаштыкты жана күчтү колдонуунун эң мыкты жолу, албетте, «Жаратканыбызга» кызмат кылуу болуп эсептелет (Насаатчы 12:1). Жаштар жүрүм-туруму менен ата-энелеринин сезимдерине күчтүү таасир этишерин унутпашы зарыл (Накыл сөздөр 23:24, 25). Кудайдан корккон ата-энелеринин тилин алып туура жүргөн балдар аларга чоң кубаныч тартуулайт (Эфестиктерге 6:1). Андан сырткары, мындай жүрүм-турум «Теңирге жагат» (Колостуктарга 3:20).

Жыйналышта

12, 13. а) Аксакалдар жыйналыштагы бийлигине кандай карашы керек? б) Эмне үчүн аксакалдар жыйналыштагыларга мээримдүүлүк менен мамиле жасашы керек экенин мисал менен түшүндүр.

12 Жахаба жыйналышта жетекчилик кылууга аксакалдарды дайындаган (Эврейлерге 13:17). Рухий жактан жетилген ал эркектер Кудайдан берилген бийликти жыйналыштагылардын баарына жардам берүүгө жана алардын жыргалчылыгына кам көрүүгө колдонушу керек. Аксакалдардын ушул абалы ишенимдештеринин үстүнөн үстөмдүк кылууга жол береби? Албетте, жок! Алар момундукту өрчүтүүгө жана жыйналыштагы жоопкерчиликтерине тең салмактуу  кароого тийиш (1 Петир 5:2, 3). Ыйык Китепте аксакалдарга төмөнкүдөй көрсөтмө берилет: «Кудайдын өзүнүн Уулунун каны менен сатып алган жыйналышын кайтаргыла» (Элчилер 20:28, «ЖД»). Бул — жыйналыштагылардын ар бирине мээримдүүлүк менен мамиле кылууну талап кылган олуттуу себеп.

13 Мисалы, жакын досуң абдан баалуу бир буюмуна көз салып турушуңду суранды дейли. Аны абдан кымбатка сатып алганын билесиң. Ушуларды билип туруп, досуңдун өтүнүчүнө кайдыгер карайт белең? Ушу сыңары, Кудай аксакалдарга өзү үчүн абдан баалуу болуп эсептелген нерсеге — койлорго салыштырылган адамдардан турган жыйналышка — кам көрүү жоопкерчилигин тапшырган (Жакан 21:16, 17). Жахаба үчүн ал койлор абдан баалуу болгондуктан аларга жалгыз өзү жараткан Уулунун, Ыйса Машайактын, кымбат баалуу каны аркылуу ээ болгон. Бул — Жахаба төлөй алган эң кымбат баа. Момун аксакалдар муну эстен чыгарышпайт жана анын койлоруна тийиштүү мамиле жасашат.

«Тилдин бийлиги»

14. Тил кандай күчкө ээ?

14 «Өлүм менен өмүр — тилдин бийлигинде»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 18:21). Тилдин далай зыянга учуратары шексиз. Кимдир бирөөнүн ойлонбой айткан сөзүнөн же заар тилинен жабыр тартып көрбөгөн ким бар? Бирок тил жандандырууга да жөндөмдүү. Накыл сөздөр 12:18де: «Акылдуу адамдардын тили сакайтат»,— деп айтылат. Ооба, бекемдээрлик, пайдалуу сөздөр жүрөк тынчыткан дарылыгы бар бальзамга тете. Айрым мисалдарга токтолуп көрөлү.

15, 16. Башкаларды кубаттоо үчүн тилибиздин күчүн кандайча колдонсок болот?

15 «Кайгырган жандарды соороткула»,— деген чакырык бар 1 Тесалоникалыктарга 5:14тө («ЖД»). Ооба, кээде Жахабанын берилген кызматчыларынын да көңүлү чөгөт. Аларга кантип жардам берсе болот? Жахабанын көз алдында алардын абдан баалуу экенин көрсөтүү менен андай адамдарды  чын ыкласыңдан макта. Жахабанын «жүрөгү жаралангандарды» жана «руху чөккөндөрдү» сүйөрүн, аларга кам көрөрүн ырастаган соороторлук аяттарды келтир (Забур 34:18, «ЖД» [33:19]). Тилибиздин күчүн башкаларды жубатуу үчүн колдонуу менен «көңүлү чөккөндөрдү соороткон» боорукер Кудайыбызды туураган болобуз (2 Корунттуктарга 7:6).

16 Ошондой эле тилибиздин күчүн сооротууга өтө муктаж болгондорду бекемдөөгө колдоно алабыз. Мүмкүн, ишенимдештерибиздин арасынан кимдир бирөө жакынынан айрылгандыр? Чын ыкластан кам көрөрүбүздү билдирген жылуу сөздөр күйүткө толгон жүрөктү соорото алат. Улгайган ишенимдештерибиздин бири көңүлү чөгүп, өзүн эч нерсеге жараксыз сезип жүргөндүр. Карылар менен сүйлөшкөндө чындап көңүл буруу аларды мурункудай эле керек жана баалуу экендерине ынандырат. Мүмкүн, кимдир бирөө өнөкөт оорудан жабыр тартып жаткандыр? Андай адамга телефон чалып же үйүнө барып денсоолугун сура. Жылуу-жумшак сөздөр оорулуунун көңүлүн көтөрөт. Тилибиздин күчүн башкаларга «ишенимди бекемдей турган» сөздөрдү сүйлөө үчүн колдонсок, Жаратканыбыз кандай гана кубанат! (Эфестиктерге 4:29).

Жакшы кабарды таратуу — күчүбүздү колдонуунун эң жакшы жолу.

17. Сүйлөө жөндөмүбүздү дагы кандай маанилүү жол менен башкалардын пайдасы үчүн колдонсок болот жана эмне үчүн ошентишибиз керек?

 17 Сүйлөө жөндөмүбүздү Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга колдонгонубуз баарынан маанилүү. «Колуңда жакшылык кылганга күч бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа»,— деп айтылат Накыл сөздөр 3:27де. Башка адамдарга өмүр берерлик жакшы кабарды айтууга милдеттүүбүз. Жахаба кеңпейилдик менен бизге ачып берген бул кабарды башкалардан жашыруу туура эмес болуп калар эле (1 Корунттуктарга 9:16, 22). Бирок ал ишке, Жахабанын эрки боюнча, канчалык деңгээлде катышышыбыз керек?

 Жахабага «бардык күч-кубатыбыз» менен кызмат кылабыз

18. Жахаба бизден эмнени күтөт?

18 Жахабага болгон сүйүү ага чын жүрөгүбүздөн кызмат кылууга түрткү берет. Буга байланыштуу Жахаба бизден эмнени күтөт? Жагдай-шартыбыз кандай болсо да, колубуздан келгенди гана. Анын Сөзүндө: «Эмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла»,— деп айтылат (Колостуктарга 3:23). Ыйса баарынан улуу осуят деп төмөндөгүнү айткан: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!» (Марк 12:30). Ооба, Жахаба ар бирибизден аны сүйүп, жан-дилден кызмат кылышыбызды күтөт.

19, 20. а) Эгерде «жан» деген түшүнүк өзүнө жүрөктү, акылды жана күчтү камтыса, анда Марк 12:30да эмне үчүн алар өз-өзүнчө айтылган? б) Жахабага жан-дилден кызмат кылуу деген эмнени билдирет?

19 Кудайга жан-дил менен кызмат кылуу деген эмнени билдирет? «Жан» деген сөз, негизи, адамдын өзүн, анын күчүн жана акыл жөндөмдүүлүгүн кошо билдирет. «Жан» деген түшүнүктүн өзү эле жүрөктү, акылды жана күчтү камтыса, анда Марк 12:30да эмне үчүн алар өз-өзүнчө айтылган? Бир мисал карап көрөлү. Байыркы убактарда адам өзүн (жанын) кулчулукка сата алчу. Бирок бул анын кожоюнуна чын жүрөгүнөн кызмат кылганын билдирген эмес. Ал күчүн жарым-жартылай эле жумшап же акыл жөндөмдүүлүгүн толугу менен колдонбой эле иштей алган (Колостуктарга 3:22). Ыйса, сыягы, Кудайга кызмат кылууда эч нерсебизди калтырбай баарын берүү маанилүү экенин баса белгилегиси келгендиктен «жан» деген сөздүн маанисин кеңири берген. Кудайга жан-дилден кызмат кылуу деген күчүңдү да, жөндөмдүүлүктөрүңдү да толугу менен жумшап, өзүңдү бүт бойдон берүүнү билдирет.

20 Бул Ыйсанын жолдоочуларынын баары кызматка бирдей убакыт жана күч жумшашы керек дегенди билдиреби? Мындай болушу мүмкүн эмес, себеби ар бирибиздин жөндөмдүүлүктөрүбүз менен жагдайларыбыз ар башка.  Мисалы, денсоолугу чың, күүлүү-күчтүү жаш адам алдан-күчтөн тайып калган карыларга караганда көбүрөөк кабар айта алары айкын. Ал эми үй-бүлөлүк милдеттен эркин бойдоктордун үй-бүлөсү үчүн кам көрүшү керек болгондорго караганда кызмат кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар. Эгер күч-кубатыбыз жана жагдайыбыз көбүрөөк кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берсе, бул үчүн кандай ыраазы болушубуз керек! Эч качан сынчыл болбойлу жана өзүбүздү башкаларга салыштырбайлы (Римдиктерге 14:10—12). Анын ордуна, күчүбүздү башкаларды бекемдөөгө колдоно берели.

21. Күчүбүздү колдонуунун эң жакшы жана маанилүү жолу кайсы?

21 Жахаба күчтү туура колдонуу жагынан эң сонун үлгү көрсөткөн. Биз аны жеткилеңсиз адам үчүн мүмкүн болгончолук деңгээлде чын жүрөгүбүздөн туурагыбыз келет. Кандайдыр бир деңгээлде бийлигибиз бар болсо, күчүбүздү ар дайым туура колдонолу жана адамдардын инсандык касиетин кадырлай билели! Ошондой эле Жахаба тапшырган ишти — өмүр берерлик жакшы кабарды — жан-дилибиз менен аткаралы! (Римдиктерге 10:13, 14). Сен — сенин жаның — эң жакшы нерсеңди бергениңде Жахабанын кубанарын унутпа. Бул сага ушунчалык түшүнүктүү жана мээримдүү Кудайыбызга кызмат кылуу үчүн колуңдан келгендин баарын кылууга түрткү бербейби? Ушундай жол менен гана күчүбүздү эң туура колдоно алабыз.

^ абз. 10 «Чыбык» деп которулган эврей сөзү байыркы убактарда койчунун таягын же союлун билдирчү (Забур 22:4). Андыктан ата-эненин бийлик «чыбыгы» орой же ырайымсыз жазалоону эмес, мээримдүү жетекчиликти билдирет.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Падышалык үчүн курмандык чаласыңбы?

Кудайдын Падышалыгын колдоо үчүн убактыбызды, акча-каражатыбызды, күч-кубатыбызды жана шык-жөндөмүбүздү кантип колдоно аларыбыз тууралуу окуп көргүлө.