Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 9-БӨЛҮМ

Машайак — «Кудайдын күчү»

Машайак — «Кудайдын күчү»

1—3. а) Галилея деңизинде шакирттер кандай коркунучка кабылышкан жана Ыйса эмне кылган? б) Эмне үчүн Ыйса орундуу түрдө «Кудайдын күчү» деп аталат?

ШАКИРТТЕРДИН корккондон үрөйлөрү учуп турган эле. Галилея деңизинде сүзүп баратып алар күтүлбөгөн жерден катуу шамалга кабылышкан. Албетте, алар шамалды далай жолу баштан өткөрүшкөн, себеби айрымдары тажрыйбалуу балыкчылардан болушкан * (Матай 4:18, 19). Бирок бул жолкусунда деңизди бир заматта алай-дүлөй кылган «аябагандай катуу шамал» болот. Шакирттер бүт күчү менен кайыкты башкарууга далалат кылышса да, бороон такыр ээ-жаа бербейт. Ичи сууга толо баштаган кайыкты килейген толкундар «уруп» жатты. Ыйса бир күн кечке калың топ элди окутуп абдан чарчагандыктан ошо кезде кайыктын арткы бөлүгүндө катуу уктап жаткан. Коркуп жанталашкан шакирттери аны ойготуп: «Теңир [«Эге», «ЖД»], бизди сактай көр, чөгүп баратабыз»,— деп жалбарышат (Марк 4:35—38; Матай 8:23—25).

2 Ыйса коркпостон, толук ишенимдүүлүк менен: «Тынчтан, токтоп кал!» — деп, шамал менен деңизге тыюу салат. Ошо замат шамал токтоп, деңиз тынчыйт да, айланада эч нерсе болбогондой «улуу тынчтык» өкүм сүрөт. Шакирттер абдан коркуп: «Деги бул Ким?» — деп, өз ара шыбырашып жатышты. Чынында эле кайсы адам, күнөөкөр жаш балдарга тыюу салгандай, шамал менен деңизге тыюу сала алат? (Марк 4:39—41; Матай 8:26, 27).

 3 Ыйса жөн адам эмес болчу. Жахаба күчүн Ыйсанын өзүнө карата да, ал аркылуу да эң эле көрүнүктүү жол менен көрсөткөн. Ошондуктан элчи Пабыл Кудайдын шыктандыруусу менен: «Машайак — бул Кудайдын күчү»,— деп орундуу түрдө айта алган (1 Корунттуктарга 1:24). Кудайдын күчү Ыйсада кандайча көрсөтүлгөн? Ошондой эле Ыйсанын күчтү колдонушу жашообузга кандай таасир эте алат?

Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулунун күчү

4, 5. а) Жахаба жалгыз өзү жараткан Уулуна кандай күч жана бийлик берген? б) Атасынын жаратууга байланыштуу ой-ниеттери аткарылышы үчүн, Уулуна эмне берилген?

4 Ыйса жерге келгенге чейин кандай күчкө ээ болгонун карап көрөлү. Жахаба жалгыз өзү жараткан жана кийин Ыйса Машайак катары белгилүү болгон Уулун жаратууда «түбөлүктүү күчүн» колдонгон (Римдиктерге 1:20; Колостуктарга 1:15). Кийинчерээк Жахаба жаратууга байланыштуу ой-ниеттерин ишке ашырууну ошол Уулуна тапшырып, аны зор күчкө жана бийликке ээ кылган. Кудайдын Уулу жөнүндө Ыйык Китепте: «Бардыгы Ал аркылуу башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес»,— деп айтылат (Жакан 1:3).

5 Бул кандай зор тапшырма эле! Миллиондогон кубаттуу периштелерди, миллиарддаган галактикаларды камтыган Ааламды (материялык дүйнөнү), ошондой эле жашоо-тиричиликтин түрлөрүнө толгон Жерибизди жаратуу үчүн эмне деген күч талап кылынганын элестетсең. Ал тапшырма аткарылышы үчүн, Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулуна Ааламдагы эң зор күч — Кудайдын ыйык руху — берилген. Жахабанын Уулу Атасынын «чебер жардамчысы» катары бардык нерселерди жаратууга катышуудан чоң ырахат алчу (Накыл сөздөр 8:22—31, «БМК»).

6. Тирилгенден кийин Ыйса кандай күчкө жана бийликке ээ болгон?

6 Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулу мындан да чоң күч жана бийлик ала алат беле? Тирилгенден кийин Ыйса минтип айткан: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди» (Матай 28:18). Ооба, ага күчүн бардык  жерде колдонууга укук да, жөндөмдүүлүк да берилген. Ал «падышалардын Падышасы, эгелердин Эгеси» катары Атасына каршы болгон көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да «бардык бийликти, үстөмдүк кылуучулукту жана күчтү жоюуга» укук алган (Аян 19:16, «ЖД»; 1 Корунттуктарга 15:24—26). Кудай Ыйсага багындырбаган нерсе калган жок; бир гана Жахаба андан жогорку абалды ээлейт (Эврейлерге 2:8; 1 Корунттуктарга 15:27).

7. Ыйсанын Жахаба берген күчтү эч качан кыянаттык менен пайдаланбаарына эмне үчүн шектенбесек болот?

7 Ыйса өзүнүн күчүн кыянаттык менен пайдаланат деп коркуу орундуубу? Түк да! Ал Атасын чындап сүйөт жана эч качан аны капалантарлык нерсе жасабайт (Жакан 8:29; 14:31). Ыйса Жахабанын өзүнүн кудуреттүү күчүн эч качан кыянаттык менен пайдаланбаарын жакшы билет. Ал Атасынын ага «жүрөгүн толугу менен бергендерди» колдоону абдан каалаарына далай жолу ынанган (2 Жылнаама 16:9). Атасына окшоп, Ыйса да адамзатты абдан сүйөт, ошондуктан өзүнүн күчүн ар дайым жакшылык үчүн колдоноруна шектенбесек болот (Жакан 13:1). Буга көптөгөн далилдер бар. Ыйсанын жерде жүргөндө кандай күчкө ээ болгонун жана аны колдонууга ага эмне түрткү бергенин карап көрөлү.

«Сөзү менен... күчтүү»

8. Майлангандан кийин Ыйса кандай күчкө ээ болгон жана аны кандайча колдонгон?

8 Ыйса Назаретте өсүп-чоңойгон кезинде, сыягы, эч кандай керемет жасаган эмес. Бирок б.з. 29-жылы 30 жашында чөмүлдүрүлгөндөн кийин, жашоосу өзгөргөн (Лука 3:21—23). Ыйык Китепте Кудайдын «Ыйсаны Ыйык Рухка жана күчкө... толтурганы» жана анын «эл аралап, жакшы иштерди жасап, шайтандын бийлиги астында кыйналып жүргөндөрдүн бардыгын айыктырганы» тууралуу айтылат (Элчилер 10:38). «Жакшы иштерди жасап» деген сөздөр Ыйсанын өзүнүн күчүн туура колдонгонун күбөлөндүрбөйбү? Майлангандан кийин ал «иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болгон» (Лука 24:19).

9—11. а) Ыйса көп учурда каякта окуткан жана ал убакта кандай кыйынчылык бар эле? б) Эмне үчүн Ыйсанын окутуулары элге чоң таасир берген?

 9 Ыйса кандай мааниде сөзү менен күчтүү эле? Ал адамдарды көп учурда ачык асман алдында: көл боюнда, тоонун этегинде, көчөдө жана базар аянттарында окутчу (Марк 6:53—56; Лука 5:1—3; 13:26). Кимдир бирөөнө айткандары кызыксыз болуп баратса, ал адам оңой эле кетип кала алмак. Ал кезде китеп чыкчу эмес, андыктан ыраазы болгон угуучулар анын сөздөрүн акылында жана жүрөгүндө гана сактап кала алышмак. Ошондуктан Ыйса адамдарды өзүнө тартып, түшүнүктүү жана оңой эстеп каларлык кылып сүйлөшү керек болчу. Ыйса үчүн бул эч кандай кыйынчылыкка турган эмес. Мисалга анын Тоодогу насаатын алып көрөлү.

10 Биздин замандын 31-жылы. Галилея деңизинин жанында жайгашкан тоонун этегине таң атпай калың эл чогулат. Көптөрү тээ Жүйүт аймагынан жана Иерусалимден бери жүз, атүгүл андан да көп чакырым жол жүрүп келишкен. Башкалары болсо түндүк жакта жайгашкан деңиз боюндагы Тир жана Сидон шаарларынан келишкен эле. Көптөгөн оорулуулар Ыйсага колдорун тийгизүүгө аракет кылып, аны көздөй умтулуп жатышты. Ыйса алардын баарын айыктырып, бир да оорулуу адам калбай калганда, элди окута баштайт (Лука 6:17—19). Эл анын окутууларынан абдан чоң таасир алат. Эмне үчүн?

11 Ошондогу насааттарды уккандардын бири бир нече жылдан кийин минтип жазган: «Эл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ал... бийлиги бар адамдай окутту» (Матай 7:28, 29). Угуучулары Ыйсанын бийлиги бар адамдай сүйлөгөнүн сезишкен. Ал Кудайдын атынан сүйлөп, айткандарынын баарын Кудай Сөзү менен ырастаган (Жакан 7:16). Ыйса түшүнүктүү сүйлөгөн, чакырыктары иш-аракет кылууга түрткү берген, келтирген далилдери болсо талашсыз эле. Ошондой эле дайыма маңыздуу сүйлөп, угуучуларынын жүрөгүн козгой турган. Ыйса бакытка жетүүнүн жолун  көрсөтүп, кантип тиленүү керектигин түшүндүргөн, ошондой эле Кудайдын Падышалыгын издөө эмнени билдирерин жана келечегибиз коопсуз болоруна канткенде ишенимдүү боло аларыбызды айткан (Матай 5:3—7:27). Анын сөздөрү чындыкка жана адилеттикке чаңкагандардын жүрөгүн козгогон. Андай адамдар «өзүнөн баш тартып», бардыгын таштап анын артынан ээрчүүгө даяр болушкан (Матай 16:24, «ЖД»; Лука 5:10, 11). Ыйсанын сөздөрү кандай гана күчкө ээ эле!

«Иши менен... күчтүү»

12, 13. Ыйсанын «иши менен... күчтүү» экени эмнеден көрүнүп турат жана анын кереметтери канчалык түрдүү болгон?

12 Ыйса «иши менен да... күчтүү» болчу (Лука 24:19). Инжилдерде анын «Теңирдин күчү» менен жасаган 30дан ашык керемети тууралуу айтылат * (Лука 5:17). Ыйсанын кереметтери миңдеген адамдарга таасир берген. Мисалы, анын эки кереметин эле — «аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде», биринчисинде 5 000, кийинчерээк 4 000 адамды тойгузганын — болжол менен 20 000дей адам көргөн! (Матай 14:13—21; 15:32—38).

«Алар... көлдүн үстүндө келаткан Ыйсаны көрүшөт».

13 Ыйса ар кандай кереметтерди жасаган. Анын жин-перилердин үстүнөн бийлиги бар болчу жана аларды адамдардан оңой эле кууп чыгара турган (Лука 9:37—43). Ал физикалык кубулуштарды да башкара алгандыктан сууну шарапка айландырган (Жакан 2:1—11). Шакирттерин катуу таң калтырып ал атүгүл Галилея деңизинин үстү менен да баскан (Жакан 6:18, 19). Ал кандай оору болбосун, мейли, дене кемтиктериби, өнөкөт оорубу же өмүргө коркунуч туудурган дартпы — баарын айыктыра алчу (Марк 3:1—5; Жакан 4:46—54). Ыйса ар кандай жолдор менен айыктыра турган. Кээлери алыстан эле айыкса, башкалары анын колу тийгенде айыкчу (Матай 8:2, 3, 5—13). Айрымдарын бир заматта  айыктырса, башкаларын акырындык менен айыктырчу (Марк 8:22—25; Лука 8:43, 44).

14. Өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар экенин Ыйса кандай жагдайларда көрсөткөн?

14 Баарынан таң калыштуусу, Ыйса өлүмдүн үстүнөн да бийлик кылган. Инжилдерде анын өлгөндөрдү тирилткендиги жөнүндө үч окуя баяндалат: бактылуу ата-эненин — 12 жашар кызы, жесир аялдын — жалгыз уулу жана эже-сиңдилердин сүйүктүү биртууганы тирилтилген (Лука 7:11—15; 8:49—56; Жакан 11:38—44). Ыйсага эч нерсе тоскоол боло алган эмес. Ал 12 жашар кызды өлөрү менен эле тирилткен. Жесир аялдын уулун болсо табытта көтөрүп баратышканда, демек, өлгөн күнү эле тирилткен. Ал эми Лазар өлгөнүнө төрт күн болгондо тирилтилген.

Күчтү өз кызыкчылыгын көздөбөстөн, акылдуулук жана камкордук менен колдонуу

15, 16. Ыйсанын күчүн өз кызыкчылыгы үчүн колдонбогону эмнеден көрүнүп турат?

15 Жеткилең эмес башкаруучу Ыйсаныкындай күчкө ээ болсо, эмне болмоктугун элестетсең! Бирок Ыйса күнөөсүз болчу (1 Петир 2:22). Ал жеткилең эмес адамдарды башкаларга зыян келтирүүгө түрткөн өзүмчүлдүк, атак сүйүүчүлүк жана ач көздүк сыяктуу сапаттардын өзүндө болушуна жол берген эмес.

16 Ыйса күчүн эч качан өз кызыкчылыгы үчүн же кыянаттык менен пайдаланган эмес. Ачка болуп турган кезинде да таштарды нанга айландыруудан баш тарткан (Матай 4:1—4). Мүлкүнүн аз болгондугу анын күчүн эч качан баюу максатында пайдаланбаганын көрсөтүп турат (Матай 8:20). Ыйсанын кереметтерди өз кызыкчылыгы үчүн жасабаганына дагы бир далил бар. Кереметтерди жасаганда ал атүгүл кандайдыр бир деңгээлде жабыр тартчу. Адамдарды айыктырганда күчүн коротчу. Ал тургай, бир эле адамды сакайтканда да өзүнөн күч чыкканын сезген (Марк 5:25—34). Ошого карабастан, ал көптөгөн адамдарга ага колдорун тийгизип айыгып алышына мүмкүндүк берген (Лука 6:19). Ыйса кандай гана жанаябастык рухун көрсөткөн!

17. Ыйсанын күчүн акылдуулук менен колдонгону эмнеден көрүнүп турат?

 17 Ыйса күчүн абдан акылдуулук менен колдончу. Ал кереметтерин эч качан элге көрүнүү же оюн-зоок уюштуруу үчүн жасаган эмес (Матай 4:5—7). Ошондой эле ал Ироддун кандайдыр бир керемет көрүүгө болгон күчтүү каалоосун канааттандыруудан баш тарткан (Лука 23:8, 9). Ыйса эч качан күчүнө мактанган эмес, тескерисинче, көп учурда айыктыргандыгы жөнүндө башкаларга айтууга тыюу салган (Марк 5:43; 7:36). Ал адамдардын өзү тууралуу өзгөчө эмоция менен айтылган сөздөрдүн негизинде жыйынтык чыгарышын каалаган эмес (Матай 12:15—19).

18—20. а) Ыйсанын күчүн кандайча колдоноруна эмне таасир этчү? б) Ыйсанын дүлөй адамга жасаган мамилеси жөнүндө ойлонгонуңда кандай сезимдерди туясың?

18 Башкалардын муктаждыгына жана кайгы-капасына кош көңүл караган бийлик башчыларынан Ыйса, абдан күчтүү адам, кандай гана айырмаланган! Ал башкаларга кам көргөн. Бактысыздардын аянычтуу кейпин көргөндө эле анда алардын кайгысын жеңилдетүүгө болгон күчтүү каалоо пайда болчу (Матай 14:14). Адамдардын сезимин, муктаждыктарын эске ала билгени ага күчүн кандайча колдоноруна таасир берчү. Буга Марк 7:31—37-аяттарда баяндалган сезим козгоорлук окуя мисал боло алат.

19 Ыйсага оорулууларын алып көптөгөн адамдар келет, ал болсо баарын айыктырат (Матай 15:29, 30). Бирок бир адамга Ыйса өзгөчө көңүл бурат. Ал адам дүлөй да, кекеч да эле. Ыйса анын өзүн ыңгайсыз сезип, абдан тынчсызданып жатканын байкаса керек. Ошондуктан аны акырын элден бөлүп чыгып, эмне кыларын түшүндүрөт. Ал «колунун эки манжасын анын кулагына киргизип, анан түкүрүп, анын тилине тийгизет» * (Марк 7:33). Андан кийин Ыйса асманды карап,  терең дем алат. Муну менен ал тиги адамга: «Мен кыла турган нерсе Кудайдын күчүнүн аркасы менен болот»,— деп түшүндүргөн көрүнөт. Акырында Ыйса: «Ачыл»,— деп айтат (Марк 7:34). Ошо замат тиги адамдын кулагы угуп, кадимкидей сүйлөй баштайт.

20 Ыйсанын Кудай берген күчтү оорулууларды айыктыруу үчүн колдонууда да адамдардын сезимин эске ала билгени кандай кубантарлык! Жахабанын Мессиялык Падышалыкты ушундай сезимтал жана камкор Башкаруучуга тапшырганы бизди сооротпойбу?

Келечекте болуучу нерселердин прообразы

21, 22. а) Ыйсанын кереметтери эмненин прообразы катары кызмат кылган? б) Ыйсанын жаратылыш күчтөрүнүн үстүнөн бийлиги бар болгондуктан, анын Падышалык башкаруусунан эмнелерди күтсөк болот?

21 Ыйсанын жерде жасаган кереметтери анын башкаруу убагында адамзатка тийүүчү көптөгөн баталардын прообразы катары кызмат кылган. Кудай орното турган жаңы заманда Ыйса кереметтерди дүйнөлүк масштабда жасайт! Ал убак кандай гана толкундандырарлык болорун элестетсең!

22 Ыйса Жердин экологиясын калыбына келтирип, жеткилең тең салмактуулук абалына жеткирет. Анын катуу шамалды токтотуу менен өз бийлигин жаратылыш күчтөрүнүн үстүнөн колдонгонун эстесең. Ыйсанын Падышалыгы алдында адамзатка тайфун, жертитирөө, жанар тоолордун атылышы жана башка табигый кырсыктар эч качан коркунуч туудурбаары шексиз. Жахабанын Чебер Жардамчысы катары Жерди жана андагы жанбүткөндүн баарын жаратууга катышкандыктан Ыйса планетабыздын кандайча түзүлгөнүн жана ресурстарын кандайча пайдалануу керектигин жакшы билет. Анын башкаруусунун алдында бүт жер жүзү бейишке айланат (Лука 23:43).

23. Падыша катары Ыйса адамзат муктаждыктарын кандайча канааттандырат?

23 Ал эми адамзаттын муктаждыктары тууралуу эмне айтууга болот? Ыйса кенедей эле тамак менен миңдеген адамдарды  кенен тойгуза алган соң, албетте, өзүнүн башкаруу убагында ачарчылык көйгөйүн чече алат. Адамдар экинчи эч качан ачарчылыктын азабын тартпайт: жер бетинде азык-түлүк мол болот жана ал адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлөт (Забур 71:16). Ыйсанын адамдарды айыктыра алганы бизге бардык оорулуулар, сокурлар, дүлөйлөр, майыптар жана аксактар биротоло сакаярын көрсөтүп турат. Ооба, оору аттуунун изи да калбайт (Ышайа 33:24; 35:5, 6). Ошондой эле өлгөндөрдү тирилтүү күчүнө ээ болгондуктан Ыйса асмандагы кубаттуу Падыша катары Атасынын эсиндеги сансыз миллиондогон адамдарды өлүм уйкусунан ойготот (Жакан 5:28, 29).

24. Ыйсанын күчү тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө эмнени эстей жүрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

24 Ыйсанын күчү тууралуу ой жүгүртүүдө, келгиле, Уулу Атасын толук чагылдырарын эч качан эстен чыгарбайлы (Жакан 14:9). Ыйсанын жашоосун изилдөө Жахабанын күчүн кандайча колдонорун айкыныраак элестетүүгө жардам берет. Мисалы, Ыйсанын сезимталдык көрсөтүү менен пес оорулуу адамды айыктырганын эстеп көрсөң. Ыйса боору ооруп, ага колун тийгизип: «Каалайм, айык!» — деген (Марк 1:40—42). Ушу сыяктуу билдирүүлөр аркылуу Жахаба минтип айтып жаткансыйт: «Мына, күчүмдү мен ушинтип колдоном!» Кудурети күчтүү Кудайыбыздын күчүн сүйүү менен колдонору сага аны даңктоого жана ага ыраазычылык билдирүүгө түрткү бербейби?

^ абз. 1 Галилея деңизинде күтүлбөгөн жерден пайда болуучу катуу шамал бат-баттан кайталанып турат. Ал деңиз деңгээлинен бир топ төмөн (200 метрче) жайгашкандыктан, ал жердеги абанын температурасы айлана-чөйрөдөгү аймактардагыга караганда бир топ жогору келип, атмосферада кескин өзгөрүүлөрдүн болушун шарттайт. Андан сырткары, Иордан дарыясынын өрөөнүндө Галилея деңизинен түндүктү карай жайгашкан Ермон тоосунан чыккан катуу шамал согуп турат. Ошондуктан жымжырт турган айлана бир заматта алай-дүлөй түшөт да калат.

^ абз. 12 Мындан сырткары, Инжилдерде кээде бир нече керемет чогуу айтылып, жалпы жонунан эле баяндалат. Мисалы, бир жолу Ыйсага «шаардын бардык эли» келгенде, ал «оорудан азап чеккен көптөгөн адамдарды айыктырат» (Марк 1:32—34).

^ абз. 19 Шилекей жүйүт жана башка элдерде айыктыруунун символу болуп эсептелип, дарылоочу каражат катары колдонулчу. Дарылоодо шилекейдин колдонулганы раббин жазууларында да айтылат. Түкүрүү менен Ыйса ал адамга, балким, айыктырарын эле билдиргиси келген. Кандай болсо да, Ыйса шилекейди дарылоочу каражат катары колдонгон эмес.

Көбүрөөк билиңиз

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

Кудай дайындаган Падышанын Кудайдын жерге карата ой-ниетин толугу менен аткарарына эмне үчүн шектенбесек болот?