Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 1-БӨЛҮМ

«Мына, бул — биздин Кудай!»

«Мына, бул — биздин Кудай!»

1, 2. а) Кудайга кандай суроо берет элең? б) Муса Кудайга кандай суроо берген?

КУДАЙ менен сүйлөшүп жатканыңды элестетсең. Андай болууга мүмкүн экени тууралуу ойдун өзү эле кастарлоо, ошону менен бирге, коркуу сезимин туудурат, анткени сага Ааламдын Эгедери кайрылып жатат да! Адегенде апкаарый түшүп, анан эптеп бир нерсе айтууга батынасың. Ал айткандарыңды угуп, жооп берет, атүгүл каалаган сурооңду тартынбай бере берүүгө чакырат. Ага кандай суроо берет элең?

2 Байыркы убакта бир адам ушундай жагдайга кабылган. Анын аты Муса эле. Балким, анын Кудайга берген суроосу сени таң калтыраттыр. Ал өзү же келечеги жөнүндө, атүгүл адамзаттын келечеги тууралуу эч нерсе сураган эмес. Ал Кудайдын ысмы ким экенин билгиси келген. Бул сага кызыктай сезилиши ыктымал, себеби Муса Кудайдын ысмын мурунтан эле билчү да. Бирок анын суроосунда терең маани жаткан. Ал Муса бере алчу суроолордун эң маанилүүсү болчу жана анын жообу ар бирибизге таасир тийгизет. Себеби Кудайга жакындаш үчүн эң зарыл кадам жасооңо жардам берет. Кандайча? Кел анда, ошо терең маанилүү пикирлешүүгө назар салалы.

3, 4. Муса Кудай менен маектешердин алдында кандай окуялар болуп өткөн жана алардын маегинин маңызы эмнеде эле?

3 Муса 80 жашта эле. Ошо кезде анын Мисир кулчулугундагы өз эли Ысрайылдан алыстыкта качкын катары жашап жүргөнүнө кырк жыл болуп калган. Бир күнү ал кайнатасынын коюн кайтарып жүрүп адаттан тыш бир кубулуш көрөт: тикенектүү бадал жалындап күйүп жаткан болот, бирок эмнегедир күйүп кетпейт. Тоонун этегинде күйүп жаткан бул бадал белги берүүчү отко окшош болчу. Муса аны даанараак көрүш үчүн жакыныраак барат. Так ошол оттун ичинен үн жаңырганда, ал аябай эле коркуп кетсе керек! Кудайдын өкүлү катары кызмат кылган периште аркылуу Кудай менен Мусанын ортосунда узак маектешүү жүрөт. Анан,  балким, билет чыгарсың, Кудай чечкинсиз Мусага бейпил жашоосун таштап, ысрайылдыктарды кулчулуктан бошотуу үчүн Мисирге кайтып барууну буйрук кылат (Чыгуу 3:1—12).

4 Эми Муса Кудайга каалаган суроосун бере алмак. Анын эмне тууралуу сураганын байкасаң: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып, „Силердин ата-бабаңардын Кудайы мени силерге жиберди“ десем, алар менден „Анын аты ким?“ деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» (Чыгуу 3:13).

5, 6. а) Мусанын суроосунан жөнөкөй, бирок өтө маанилүү кандай чындыкты биле алабыз? б) Кудайдын ысмына каршы кандай кылмыш жасалган? в) Кудайдын адамзатка ысмын ачып бериши эмне үчүн абдан маанилүү?

5 Мусанын суроосу, эң алды, Кудайдын ысмы бар экенин көрсөтүп турат. Биз бул жөнөкөй чындыкты анча маанилүү эмес нерседей кабыл албашыбыз керек. Тилекке каршы, көптөр ошентишүүдө. Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан алынып салынган да, ордуна «Теңир», «Кудай» деген наамдар колдонулган. Бул диндин атынан жасалган эң өкүнүчтүү жана уяткарарлык кылмыштардын бири болуп саналат. Ойлонуп көрсөң, бирөө менен таанышуу, адатта, эмнеден башталат? Адегенде адамдын ысмы ким экенин сурайбыз, чынбы? Кудай менен таанышуу да ушу сыяктуу. Ал таанып-билүүгө же түшүнүүгө эч мүмкүн болбогон, аты жок, бизден өтө алыс турган кандайдыр бир күч эмес. Кудай көзгө көрүнбөгөнү менен, касиет-сапаттарга ээ жана анын ысмы — Жахаба.

6 Мындан сырткары, өзүнүн ысмын ачып берүү менен Кудай бизге эң сонун мүмкүнчүлүк тартуулайт, башкача айтканда, ал бизди өзү менен таанышууга чакырат. Кудай жашообузда туура чечим чыгарышыбызды — ага жакындашыбызды — каалайт. Бирок Жахаба ысмы ким экенин айтып эле койбостон, ошол ысымды алып жүргөн Кудайдын, тагыраак айтканда, өзүнүн кандай Кудай экенин да ачып берген.

Кудайдын ысмынын мааниси

7. а) Кудайдын ысмы кандай маанини туюнтат? б) Муса Кудайдын ысмы ким экенин суроо менен чындыгында эмнени билгиси келген?

7 Жахаба өзүнө терең маанини камтыган ысым тандаган. Жахаба деген ысым «болтурат» деген маанини туюнтат.  Ал бүт нерсени жараткандыктан жана ой-ниетинин баарын аткарып келаткандыктан, ааламда ага теңдеш эч ким жок. Ушу ойдун өзү эле ардактоо сезимин туудурат. Бирок Кудайдын ысмында ушул эле маани камтылганбы? Муса, сыягы, көбүрөөк билгиси келген. Ал Жахабанын Жараткан экенин жана анын ысмын мурун эле билчү. Анткени Кудайдын ысмы ага чейин эле белгилүү болчу. Адамдар жүздөгөн жылдар бою Кудайдын ысмын колдонуп келишкен. Муса Кудайдан ысмы ким экенин суроо менен, чындыгында, ал ысымды алып жүргөндү, анын касиет-сапаттарын билгиси келген. Башкача айтканда, ал: «Ысрайылдыктардын сага болгон ишенимдери бекемделиши үчүн жана аларды өз элиңди бошоторуңа ынандыра алышым үчүн, эмне деп айтышым керек?» — деп сураган.

8, 9. а) Жахаба Мусага эмне деп жооп берген жана анын сөзү Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда кандайча туура эмес берилген? б) «Мен ким болууну кааласам, ошол болом» деген сөздөр эмнени билдирет?

8 Жахаба берилген суроого жооп катары өзү жөнүндө жүрөк козгоорлук нерсени ачып берген; ал нерсе анын ысмынын мааниси менен тыгыз байланышта болчу. Жахаба Мусага: «Мен ким болууну кааласам, ошол болом»,— деген (Чыгуу 3:14, «ЖД»). Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда бул аят: «Мен Нагыз Өзү болом» же «Мен Бар болуп туруучумун» деп берилген. Бирок тактыгы менен айырмаланган котормолордон көрүнүп тургандай, бул жерде Кудай тек гана өзүнүн бар экенин ырастаган эмес. Ал Мусага, ал эми Муса аркылуу баарыбызга өзүнүн убадаларын аткаруу үчүн ким болушу зарыл болсо, «ошол боло» аларын түшүндүргөн. Бул аят Ж. Б. Ротергамдын котормосунда: «Мен ким болууну кааласам, ошол болом»,— деп берилет. Бул фразаны байыркы эврей тили боюнча бир адис мындайча түшүндүргөн: «Кандай гана жагдай же кыйынчылык болбосун... Кудай ар дайым анын чечүүчүсү „боло калат“».

9 Ысрайылдыктар үчүн бул эмнени билдирген? Алар жолдон кандай гана тоскоолдукка кездешпесин, кандай гана оор абалда калышпасын, Жахаба ар дайым аларга жардамга келген. Ал аларды кулчулуктан бошотуп, Убадаланган  жерге алып барган. Бул ысым алардын Кудайга болгон ишенимдерин бекемдегени талашсыз. Ал биздин да ишенимибизди бекемдейт (Забур 9:11). Кандайча?

10, 11. Кудайдын ысмы, Жахаба, анын дегеле элестетүүгө мүмкүн болгон эң сонун Ата экенин кандайча көрсөтүп турат? Мисал менен бышыкта.

10 Мисалы, ата-энелер балдарына кам көрүүдө ийилчээктик жана аларга ылайыкташа билүү зарыл экенин жакшы билишет. Бир күндүн ичинде эле ата-энеге медайым, ашпозчу, мугалим, тарбиячы жана сот да болууга туура келиши мүмкүн. Көптөр бул жоопкерчиликтерди көтөрө билүү оңой эмес экенин сезишет. Албетте, ата-эне балдарынын аларга кандай ишеним артышарын байкабай коё алышпайт. Балдар атасы менен апасынын кандай жараат болсо да айыктыра алышарына, кандай көйгөй болбосун, чече билишерине, кандай оюнчук сынбасын, оңдой алышарына, ошондой эле пайда болгон суроолордун баарына, атүгүл күтүлбөгөн жерден берилгенине да жооп бере алышарына эч шектенишпейт. Кээде ата-энелер мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенине, балдарынын ишенимин актай албаганына капаланышат. Алар өздөрүнө артылган жоопкерчиликтердин көптөрүн ойдогудай аткара алышпаарын сезишип, катуу кайгырышат.

11 Жахаба да мээримдүү Атабыз болуп саналат. Бирок ал жердеги балдарына эң сонун түрдө кам көрүү үчүн ким болуу зарыл болсо, ар дайым так ошонун өзү боло алат. Ошол эле учурда өзүнүн жеткилең талаптарын бузбайт. Анын ысмы, Жахаба, анын дегеле элестетүүгө мүмкүн болгон эң сонун Ата экенин көрсөтүп турат (Жакып 1:17). Көп өтпөй Муса жана башка ишенимдүү ысрайылдыктар Жахабанын ар дайым өз ысмынын маанисине жараша иш кыларына ынанышат. Алар Кудайдын кандайча өзүн жеңилгис Аскербашы, табият күчтөрүнүн Бийлөөчүсү, теңдешсиз Мыйзам Чыгаруучу, Сот, Архитектор, тамак-аш менен кийим-кечекке кам Көрүүчү «болтурганын» кастарлоо сезими менен байкап келишкен.

12. Фараондун Жахабага болгон мамилеси Мусаныкынан эмнеси менен айырмаланган?

12 Ошентип, Жахаба ысмын баарына белгилүү кылып, ошол  ысымды алып жүргөн Кудай жөнүндө, башкача айтканда, өзү жөнүндө жүрөк козгоорлук нерселерди ачып берген, атүгүл өзү жөнүндө айткандары чындык экенин иштери менен ырастаган. Ал биздин аны менен таанышуубузду каалаары шексиз. А бизчи? Муса Кудай менен таанышкысы келген. Мындай күчтүү каалоо Мусанын жашоосун жетектеп турган, ошонун аркасында ал асмандагы Атасына абдан жакындай алган (Сандар 12:6—8; Эврейлерге 11:27). Тилекке каршы, анын замандаштарынын арасында мындай каалоосу бар адамдар аз болгон. Мисалы, Муса Мисирде фараондун алдында Жахабанын ысмын айтканда, ал текебер башкаруучу: «Теңир [«Жахаба», «ЖД»] ким экен?» — деп орой жооп кайтарган (Чыгуу 5:2). Фараон Жахаба жөнүндө эч нерсе билгиси келген эмес. Ал Ысрайылдын Кудайын урмат-сыйга жана көңүл бурууга татыксыз көрүп, шылдыңдоо менен четке каккан. Азыр да көптөгөн адамдар ушундай маанайда. Ошондуктан Жахабанын Эгедер Теңир экендиги жөнүндөгү зор маанилүү чындык алар үчүн жашыруун сыр бойдон кала берүүдө.

Эгедер Теңир Жахаба

13, 14. а) Эмне үчүн Ыйык Китепте Жахаба көптөгөн наамдар менен аталат жана алардын айрымдары кайсылар? ( 14-беттеги кутучаны кара.) б) Эмне үчүн Жахаба гана «Эгедер Теңир» деп атала алат?

13 Жахаба түрдүү жагдайларга ылайыкташа алгандыктан, Ыйык Жазмада ал көптөгөн наамдар менен аталат. Алар Кудайдын ысмына барабар болбосо да, анын маанисин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Мисалы, Кудай жөнүндө «Эгедер Теңир Жахаба» деп айтылат (2 Шемуел 7:22, «ЖД»). Ыйык Китептин түпнускасында жүздөгөн жолу кездешкен бул улуу наам Жахабанын кандай абалды ээлеп турарын көрсөтүүдө. Ал гана бүт Ааламдын Башкаруучусу болууга татыктуу. Эмнеге андай экенин карап көрөлү.

14 Жахаба гана Жараткан деп атала алат. Аян 4:11де: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп айтылган. Бул асыл сөздөргө башка эч ким татыктуу боло  албайт. Себеби Ааламдагынын баары Жахабанын аркасы менен гана бар болуп турат! Жахабанын Эгедер Теңир жана бардыгынын Жаратканы катары бүт атак-даңкка, урматка жана бийликке татыктуу экени эч талашсыз.

15. Жахаба эмне үчүн «Түбөлүктүктүн Падышасы» деп аталат?

15 «Түбөлүктүктүн Падышасы» деген да Жахабага гана таандык наамдардын бири (1 Тиметейге 1:17, «ЖД»; Аян 15:3, «ЖД»). Бул эмнени билдирет? Акыл жөндөмдүүлүгүбүз чектелүү болгонуна байланыштуу муну түшүнүү кыйын болсо да, Жахаба түбөлүктүү: анын өткөн убагы да, келечеги да чексиз. Забур 89:3тө мындай деп айтылат: «Сен кылымдан кылымга Кудайсың». Ошондуктан Жахабанын эч качан башталышы болгон эмес, ал дайыма бар болчу. «Күндөрү Байыркы» деп да эң туура аталган, себеби ал Ааламда кимдир бирөө же бир нерсе жаралганга чейин эле түбөлүк жашаган! (Даниел 7:9, 13, 22). Анын Эгедер Теңир болууга укуктуу экенин ким талаша алат?

16, 17. а) Биз эмне үчүн Жахабаны көрө албайбыз жана эмне үчүн буга таң калбашыбыз керек? б) Кандайча Жахаба биз көрүп, кармай алган нерселерге караганда кыйла реалдуу?

16 Бирок айрымдар, фараондой болуп, анын мындай укукка ээ экенине шек туудурууга аракет кылышат. Мунун негизги себеби жеткилеңсиз адамдардын көзгө көрүнгөн нерсеге көбүрөөк таянууга жакын экендигинде. Эгедер Теңирди биз көрө албайбыз. Ал рух болгондуктан, адамдардын көзүнө көрүнбөйт (Жакан 4:24). Эгерде эт-булчуңдан жана кандан турган адам түз эле Жахаба Кудайдын алдында тура турган болсо, аман калбайт болчу. Жахаба Мусага: «Сага Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт»,— деп айткан (Чыгуу 33:20; Жакан 1:18).

17 Буга таң калбашыбыз керек. Бир жолу Муса Жахабанын даңкын периште аркылуу жарым-жартылай эле көргөн. Анан эмне болду эле? Ошол окуядан кийин бир топко чейин Мусанын жүзүнөн «нур чачырап» турган. Ысрайылдыктар атүгүл анын жүзүн карагандан коркушкан (Чыгуу 33:21—23; 34:5—7, 29, 30). Андыктан адамдын Эгедер Теңирди толук даңкында көрө албаары айдан ачык! Бул биз көрүп, кармай алган нерселерге караганда Кудай реалдуу эмес дегенди  билдиреби? Албетте жок. Анткени биз, мисалы, шамал, радио толкундары жана ой сыяктуу көптөгөн көзгө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине эч шектенбейбиз. Мындан сырткары, Жахаба түбөлүктүү, өзгөрүлбөс жана ага убакыт, мейли, сансыз миллиарддаган жылдар болсун, бийлик кыла албайт. Бул анын биз көрүп, кармай алган нерселерге караганда кыйла реалдуу экенин билдирет, себеби бизди курчап турган физикалык чөйрөдө эскирбеген, чирибеген нерсе жок (Матай 6:19). Андай болсо, Кудайды жөн эле абстрактуу, касиет-сапаттары жок күч же белгисиз Башталыш катары көрүшүбүз керекпи? Келгиле, талдап көрөлү.

Касиет-сапаттары бар Кудай

18. Жезекиел кандай көрүнүш көргөн жана Жахабанын тактысынын жанындагы «тирүү жандыктардын» төрт жүзү эмнени билдирет?

18 Кудайды көрө албаганыбыз менен, Ыйык Китептеги жүрөк толкуткан билдирүүлөр асманда эмнелер болуп жатканын элестетүүгө жардам берет. Мисалга Жезекиел китебинин биринчи бабын алып көрөлү. Жезекиел көрүнүштө зор асман арабасы менен сүрөттөлгөн Жахабанын асмандагы уюмун көргөн. Андагы Жахабанын тактысын курчап турган күчтүү рухий жаратуулардын сүрөттөлүшү өзгөчө таасир калтырарлык (Жезекиел 1:4—10). Бул «тирүү жандыктар» Жахаба менен тыгыз мамиледе, ал эми алардын сырткы кебетесинин сүрөттөлүшүнөн алар кызмат кылган Кудай жөнүндө өтө маанилүү нерселерди биле алабыз. Ар биринин букачардын, арстандын, бүркүттүн жана адамдын жүзүнө окшогон төрттөн жүзү бар эле. Алар, сыягы, Жахабанын төрт кереметтүү касиет-сапатын билдирет (Аян 4:6—8, 10).

19. Көрүнүштөгү а) букачардын; б) арстандын; в) бүркүттүн; г) адамдын жүзү кайсы сапатты билдирет?

19 Ыйык Китепте букачар көбүнчө күчтү билдирери бекеринен эмес, анткени ал укмуштуудай күчтүү келет. Арстан, адатта, адилеттүүлүктү билдирет, себеби чындап адилеттүү болуш үчүн эржүрөктүк талап кылынат, арстандар так ушусу менен кеңири маалым. Бүркүттөр болсо көзүнүн курчтугу менен баарына белгилүү, алар жүздөгөн метр алыстыктан  кенедей нерселерди да ажырата алат. Ошондуктан бүркүттүн жүзү Кудайдын алысты көрө билген акылмандыгынын эң сонун символу боло алат. Ал эми адамдын жүзү эмнени билдирет? Адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган, бир гана ал Кудайдын негизги сапатын — сүйүүнү — чагылдырууга жөндөмдүү (Башталыш 1:26). Жахабанын ушул касиет-сапаттары: күч, адилеттүүлүк, акылмандык, сүйүү Ыйык Жазмада көп кайталангандыктан, аларды Кудайдын негизги сапаттары деп айтууга болот.

20. Кудай өзгөрүлгөн деп ойлоо туурабы жана эмне үчүн минтип жооп бердиң?

20 Ыйык Китепте Кудайга сыпаттама берилгенден бери миңдеген жылдар өттү. Балким, андан бери Кудай өзгөрүлүп кеткендир? Андай болууга мүмкүн эмес, себеби Кудай эч өзгөрбөйт. Ал бизге: «Мен Теңирмин, Мен өзгөрбөйм»,— деп өзү айтууда (Малахия 3:6). Жахаба опурталдуу иш-аракет кылбастан, ар дайым эң жакшы Ата экенин далилдейт. Ал ар бир жагдайда өзүнүн ошол учурда көбүрөөк ылайык келген касиет-сапатын ачып берет. Төрт сапаттын эң негизгиси, башкача айтканда, Кудайдын бардык иштеринде чагылдырылганы — сүйүү. Күчүн, адилеттүүлүгүн жана акылмандыгын ал сүйүүсү менен көрсөтөт. Ыйык Китеп Кудай жөнүндө жана анын сүйүүсү тууралуу абдан кызыктуу  бир нерсени ачып берет. Анда: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:8). Бул жерде Кудайдын сүйүүсү бар же Кудай сүйүктүү деп айтылбаганына көңүл бурсаң. Бу аятта: «Кудай — сүйүү»,— деп турат. Сүйүү — Кудайдын касиет-сапаттарынын маңызы. Кудай эмне иш кылбасын сүйүү дайыма коштоп жүрөт.

«Мына, бул — биздин Кудай!»

21. Жахабанын сапаттарын канчалык жакшы билсек, эмнеге ынанабыз?

21 Кичинекей баланын досторуна атасын сөөмөйү менен көрсөтүп, жүзү кубанычка толо сыймыктануу менен: «Бул менин атам»,— дегенин көрдүң беле? Кудайдын кызматчыларында да Жахабага карата так ушундай сезимде болууга толук негиз бар. Ыйык Китепте Кудайдын берилген кызматчылары үнүн бийик чыгарып: «Мына, бул — биздин Кудай!» — деп айта турган убак келери тууралуу айтылган (Ышайа 25:8, 9). Жахабанын сапаттарын канчалык терең изилдеген сайын, анын ааламдагы эң жакшы Ата экенине ошончолук ынана бересиң.

22, 23. Асмандагы Атабыз Ыйык Китепте кандайча сүрөттөлгөн жана биздин ага жакындашыбызды каалаарын кайдан билебиз?

22 Биздин Атабыз, айрым диний фанатиктер менен философтор элестетип жүргөндөй, кошкөңүл же кайдыгер эмес. Сезимсиз Кудайга биздин жакындагыбыз келбейт болчу. Ыйык Китепте асмандагы Атабыз такыр башкача сүрөттөлөт. Ал тууралуу «бактылуу Кудай» деп айтылат (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Ал күчтүү да, назик да сезимдерди чагылдыра алат. Аң-сезимдүү жаратуулары алардын жыргалчылыгы үчүн берилген мыйзамдарын бузганда, ал «Өз ичинен өтө кайгырат» (Башталыш 6:6; Забур 77:41). Ал эми акылдуулук менен анын Сөзүнө ылайык иш кылганыбызда анын жүрөгүн кубантабыз (Накыл сөздөр 27:11).

23 Атабыз биздин ага жакындашыбызды каалайт. Кудайдын Сөзү бизди аны издөөгө, сезүүгө жана табууга чакырууда, анткени ал ар бирибизден алыс эмес (Элчилер 17:27). Бирок адамдар бүт Ааламдын Эгедер Теңирине канткенде жакындай алышат?