Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 14-БӨЛҮМ

Жахаба «көптөрдү куткаруу үчүн кун» төлөйт

Жахаба «көптөрдү куткаруу үчүн кун» төлөйт

1, 2. Ыйык Китепте адамзаттын абалы кандайча сүрөттөлөт жана ал абалдан чыгуунун жалгыз жолу кайсы?

«ЖАРАТЫЛГАНДЫН бардыгы ушул убакка чейин... онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатат» (Римдиктерге 8:22). Элчи Пабыл баарыбыз кабылган кейиштүү абалды ушундайча сүрөттөгөн. Азап-тозокторду, күнөөнү жана өлүмдү токтотууга адамдардын күчү жеткен жок. Ал эми Жахабанын кудурети чексиз (Сандар 23:19). Адилеттүүлүктүн Кудайы биз кабылган абалдан чыгууга жол ачкан: ал кундун төлөнүшүнө кам көргөн.

2 Кун — Жахабанын адамзатка берген зор белеги. Ал аркылуу биз күнөө менен өлүмдөн бошоно алабыз (Эфестиктерге 1:7). Ал жер бетинде боло турган бейиште же асманда түбөлүк жашоого үмүттөнүүгө негиз берет (Лука 23:43; Жакан 3:16; 1 Петир 1:4). Бирок кун деген эмне? Анын төлөнгөнүнөн Жахабанын улуу адилеттүүлүгү жөнүндө эмне биле алабыз?

Кун эмне үчүн төлөнүшү керек эле?

3. а) Кун эмне үчүн төлөнүшү керек эле? б) Эмне үчүн Кудай Адам атанын урпактарынан өлүм өкүмүн алып коё алган эмес?

3 Кунга болгон зарылдык Адам атанын күнөөсүнөн улам пайда болгон. Ал Кудайга каршы чыккандыктан, бардык урпактарына оору-сыркоо, азап-кайгы жана өлүм тукум кууп өткөн (Башталыш 2:17; Римдиктерге 8:20). Кудай өлүм өкүмүн андан жумшагыраак жазага алмаштырып коё алган эмес. Анте турган болсо, «күнөө үчүн жаза — өлүм» деген мыйзамы бузулмак (Римдиктерге 6:23). Эгерде Жахаба өзүнүн адилеттик нормаларын буза турган болсо, анда Ааламда башаламандык жана мыйзамсыздык өкүм сүрүп калмак.

4, 5. а) Шайтан Кудайды эмне деп жаманаттылаган жана Жахаба эмне үчүн анын айыптоолоруна жооп берүүнү чечкен? б) Жахабанын берилген кызматчыларын Шайтан эмне деп айыптаган?

 4 Он экинчи бөлүмдөн көргөнүбүздөй, Эйдендеги козголоңдон улам олуттуу суроолор көтөрүлгөн. Шайтан Кудайдын ыйык ысмын жаманаттылаган. Ал Жахабаны өз жаратууларын эркиндиктен ажыраткан жалганчы жана ырайымсыз башкаруучу катары көрсөткөн (Башталыш 3:1—5). Кудайдын жер жүзүн адилеттүү адамдарга толтурууга байланыштуу ой-ниетине тоскоол кыла алгандай көрүнгөндүктөн Шайтан аны максатын ишке ашыра албайт деп айыптаган (Башталыш 1:28; Ышайа 55:10, 11). Эгерде Жахаба анын мындай чакырыгына жооп кайтарбаса, аң-сезимдүү жаратуулардын көбүнүн Кудайдын башкаруусуна болгон ишенимине доо кетмек.

5 Шайтан Жахабанын берилген кызматчыларына да жалаа жапкан, башкача айтканда, аларды Кудайга өз пайдасы үчүн гана кызмат кылып жүрүшөт, сыноолорго кабылганда андан баш тартып кетишет деп күнөөлөгөн (Аюб 1:9—11). Бул суроолордун чечилиши адамзат кабылган абалдын чечилишинен алда канча маанилүү болчу. Жахаба Шайтандын мындай айыптоолоруна жооп берүүнү туура көргөн. Бирок бул талаш суроолорду кандайча чечип, адамзатты кантип куткаруу керек эле?

Кун баанын бирдейлигин билдирет

6. Кудайдын адамзатты куткаруу үчүн кандай чара көргөнү Ыйык Китепте кайсы сөздөр менен берилген?

6 Жахабанын чечими тең келгис адилеттик менен чексиз ырайымдуулукту чагылдырган: ал бир да адам кылалбай турган нерсени кылган. Ошол эле учурда чыгарган чечими абдан жөнөкөй болгон. Ыйык Китепте кун тууралуу ой ар кандай сөздөр менен берилген, мисалы, «куткарып алуу», «өчүрүү», «элдештирүү» жана «төлөө» (Забур 48:9; Даниел 9:24; Колостуктарга 1:20; Эврейлерге 2:17). Бирок Жахабанын эмне кылганына карата эң ылайыктуу сөздү Ыйса колдонгон. Ал: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын  берип [«кун катары берип», «ЖД»; грекче ли́трон], көптөрдү куткаруу үчүн келген»,— деп айткан (Матай 20:28).

7, 8. а) Ыйык Жазмада «кун» деген сөз эмнени билдирет? б) Кун барабар баа менен кандайча байланыштуу?

7 Кун деген эмне? Бул жерде колдонулган грек сөзү «бошотуу, коё берүү» дегенди билдирген этиштен келип чыккан. Ал сөз туткунду бошотуп алууда төлөнчү баага карата колдонулчу. Андыктан «кун» деген сөз, негизинен, бир нерсенин ордуна төлөнө турган нерсени билдирет. Эврей Жазмаларында колдонулган «кун» (ко́фер) деген сөз «жабуу» дегенди билдирген этиштен келип чыгат. Мисалы, Кудай Нухка кемени чайыр менен «каптоону» (эврейче «жабуу», ошол эле сөздүн формасы) буйруган (Башталыш 6:14). Бул кун төлөө деген күнөөлөрдү жабууну да туюндурарын түшүнүүгө жардам берет.

8 Белгилей кетчү нерсе, «Жаңы Келишимдин теологиялык сөздүгүнө» ылайык, ко́фер деген сөз «дайыма баанын бирдейлигин» же ылайык келүүнү көрсөтөт («Theological Dictionary of the New Testament»). Келишим сандыгынын капкагы сандыктын көлөмүнө дал ушундай мааниде ылайык келген. Ушу сыңары, кун төлөп күнөөдөн арылуу үчүн же аны жабуу үчүн, келтирилген зыянды толугу менен жаба турган баа төлөнүшү керек болчу. Ошондуктан Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамында: «Жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут болсун»,— деп айтылган (Мыйзам 19:21).

9. Байыркы убактагы ишеними күчтүү адамдар эмне үчүн жаныбарлардан курмандык чалышчу жана Жахаба буга кандай караган?

9 Тээ Абылдан баштап ишеними күчтүү адамдар Кудайга жаныбарлардан курмандык чалып келишкен. Ошонусу менен алар өздөрүнүн күнөөкөр жана куткарылууга муктаж экенин билдиришчү, ошондой эле Кудайдын аларды «тукум» аркылуу бошоторуна ишеним көрсөтүшчү (Башталыш 3:15; 4:1—4; Лебилер 17:11; Эврейлерге 11:4). Жахаба андай курмандыктарды кабыл алып, кызматчыларын жактырарын билдирчү. Бирок жаныбарлардын курмандыкка  чалынышы каймана мааниге ээ болчу. Жаныбарлардын каны адамдардын күнөөсүн толугу менен жууй алган эмес, себеби алар адамдардан төмөн турган (Забур 8:5—9). Ошондуктан Ыйык Китепте: «Торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт»,— деп айтылат (Эврейлерге 10:1—4). Мындай курмандыктар кийинчерээк чалынган чыныгы куткаруу курмандыгынын прообразы болчу.

«Ылайыктуу кун»

10. а) Куткаруучу кимге тең келиши керек эле жана эмне үчүн? б) Эмне үчүн бир эле адамдын өмүрү курмандыкка чалынышы керек эле?

10 Элчи Пабыл «Адам атанын айынан баары өлүп» жатканын айткан (1 Корунттуктарга 15:22). Андыктан кун төлөө үчүн, Адам атадай жеткилең адамдын өлүмү талап кылынган (Римдиктерге 5:14). Башка эч бир жаратуу адилеттик таразасын тең салмактай алмак эмес. Адам атага чыгарылган өлүм өкүмүнүн таасири алдында болбогон жеткилең адам гана «ылайыктуу кунду» — Адам атага төп келген кунду — бере алмак (1 Тиметейге 2:6, «ЖД»). Бирок Адам атанын урпактарынын ар бирин куткаруу үчүн миллиондогон адамдын өмүрүн курмандыкка чалуунун зарылдыгы жок болчу. Элчи Пабыл: «Дүйнөгө бир адам [Адам] аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди»,— деп түшүндүргөн (Римдиктерге 5:12). Ошентип, «өлүм бир адам аркылуу киргендиктен», Кудай адамзатты «бир адам аркылуу» куткарган (1 Корунттуктарга 15:21). Кандайча?

«Бардыгы үчүн ылайыктуу кун».

11. а) Куткаруучу кандайча ар бир адам үчүн «өлүмдү башынан кечириши» керек эле? б) Эмне үчүн кун Адам ата менен Обо энеге пайда алып келген эмес? (Шилтемени кара).

11 Жахаба жеткилең адамдын өз өмүрүн курмандыкка ыктыяры менен беришин караштырган. Римдиктерге 6:23тө айтылгандай, «күнөө үчүн жаза — өлүм». Өз өмүрүн курмандыкка берүү менен куткаруучу ар бир адам үчүн «өлүмдү башынан кечириши» керек болчу. Башкача айтканда, ал Адам атанын күнөөсү үчүн кун төлөмөк (Эврейлерге 2:9; 2 Корунттуктарга 5:21; 1 Петир 2:24). Кун күнөөнүн  кыйратуучу күчүн жок кыла тургандыктан, Адам атанын тил алчаак тукумдарынын баарын өлүм жазасынан арылтууга жол берген укуктуу негиз болуп калмак * (Римдиктерге 5:16).

12. Бир чоң карызды төлөө көптөгөн адамдарга пайда алып келерин мисал менен түшүндүргүлө.

12 Мындай мисал алып көрөлү. Тургундарынын көбү бир чоң фабрикада иштеген шаарда жашайсың дейли. Сен да, кошуналарың да жакшы айлык аласыңар, жашоо-шартыңар да жаман эмес. Бардыгы жакшы болуп келатып эле бир күнү фабрика жабылып калат. Эмнеге? Көрсө, фабриканын директору арамза адам экен, ошондон улам ишканасы банкроттукка учурайт. Натыйжада, сен да, кошуналарың да топтолгон карызды төлөөгө чамаңар жетпей отуруп калдыңар. Жумушсуз калгандардын аялдары, балдары жана насыя берүүчүлөр ошол адилетсиз бир адамдын айынан жабыр тартып жатышат. Ал абалдан чыгууга жол барбы? Ооба. Жардамга бир бай жана кайрымдуу адам келет. Ал фабрикадан жакшы продукция чыгарын билчү. Андан сырткары, фабрикада иштегендерге, алардын үй-бүлөсүнө чындап боору ооруйт. Ошондуктан ишкананын карызын төлөп, өндүрүштү кайра ишке киргизүүнү чечет. Карызды төлөө фабриканын жушушчуларына, алардын үй-бүлөлөрүнө жана насыя берүүчүлөргө чоң жеңилдик берет. Ушу сыңары, Адам атанын карызын жабуу миллиондогон адамдарга пайда алып келет.

Кунду ким төлөгөн?

13, 14. а) Жахаба адамзат үчүн кунду кандайча төлөгөн? б) Кун кимге төлөнгөн жана бул эмне үчүн талап кылынган?

13 «Дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алган» Козуну Жахаба  гана бере алмак (Жакан 1:29). Бирок адамзатты куткарууга Жахаба периштелердин арасынан жөн эле бирөөнү жиберип койгон эмес. Ал кызматчыларына жалаа жапкан Шайтанга акыркы жана чечкиндүү жооп кайтара ала Турганды тандаган. Ооба, Жахаба «кубанычы» болгон жалгыз өзү жараткан Уулун жиберип, чоң курмандыкка барган (Накыл сөздөр 8:30). Кудайдын Уулу өзүн «басынтып», асмандагы жашоодон өз ыктыяры менен баш тарткан (Филипиликтерге 2:7). Жахаба болсо асмандагы тун Уулунун өмүрүн ага таандык бардык касиет-сапаттары менен кошо жүйүт кызы Мариямдын жатынына керемет жол менен көчүргөн (Лука 1:27, 35). Адам болуп төрөлгөндөн кийин ага Ыйса деген ат коюлган. Юридикалык көзкараш менен караганда, аны экинчи Адам деп да атаса болот, анткени ал жеткилең Адам атага бардык жагынан тең келген (1 Корунттуктарга 15:45, 47). Ошондуктан Ыйса күнөөкөр адамзат үчүн өзүн кун катары бере алмак.

14 Кун кимге төлөнгөн? Забур 48:8ден айкын көрүнүп тургандай, кун «Кудайга» төлөнгөн. Кандайча? Кунду Жахаба өзү төлөбөдү беле? Ооба, бирок бул анын акчаны бир чөнтөктөн алып, экинчисине салгандай маанисиз иш экенин билдирбейт. Кундун жөнөкөй эле айырбаштоону эмес, а укуктук жөнгө салууну билдирерин түшүнүү маанилүү. Өзү үчүн абдан кымбатка турса да кун берүү менен Жахаба жеткилең адил нормаларына бек карманарын көрсөткөн (Башталыш 22:7, 8, 11—13; Эврейлерге 11:17; Жакып 1:17).

15. Эмне үчүн Ыйса кыйналышы жана өлүшү керек эле?

15 Ыйса Машайак б.з. 33-жылы жазында кундун төлөнүшүнө алып келе турган оор сыноону даярдуулук менен кабыл алат. Ал өзүнүн жалган айып менен камалышына, күнөөлүү деп табылышына жана кыйноо мамысына кадалышына жол берген. Бирок Ыйсанын ушунчалык катуу жабыр тартышынын зарылдыгы бар беле? Ооба, анткени Кудайдын кызматчыларынын актыгына байланыштуу суроо чечилип жаткан. Белгилей кетчү нерсе, Жахаба Ыйсанын наристе кезинде Ирод тарабынан өлтүрүлүшүнө жол берген эмес (Матай 2:13—18). Ал эми чоңойгондо Ыйса болуп  жаткан нерселердин маанилүүлүгүн толук түшүнгөндүктөн Шайтандын кол салууларына туруштук бере алмак *. Жеткен ырайымсыз мамиле жасалганына карабастан, «ыйык, жамандыктан алыс, кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн» бойдон калуу менен ал Жахабанын сыноолордо берилгендигин сактаган кызматчылары бар экенин эң сонун кылып биротоло далилдеген (Эврейлерге 7:26). Ошондуктан Ыйсанын өлөр алдында жеңүүчү катары бийик үн менен: «Аткарылды!» — деп айтканы түшүнүктүү (Жакан 19:30).

Куткаруу ишин аяктоо

16, 17. а) Ыйса куткаруу ишин кандайча уланткан? б) Ыйсанын «биз үчүн Кудай алдында турушу» эмне себептен зарыл эле?

16 Бирок куткаруу иши али аяктай элек болчу. Өлгөнүнө үч күн болгондо Ыйсаны Жахаба тирилтип алган (Элчилер 3:15; 10:40). Уулун тирилтүү менен Жахаба ага ишенимдүү кызмат кылгандыгы үчүн сыйлык эле бербестен, башкы ыйык кызмат кылуучу катары куткаруу ишин аяктоого мүмкүнчүлүк да берген (Римдиктерге 1:4; 1 Корунттуктарга 15:3—8). Элчи Пабыл: «Машайак... башкы ыйык кызмат кылуучу катары... текелердин, торпоктордун каны менен эмес, Өз каны менен бир ирет ыйык жайга кирип, бизге түбөлүк куткарылуу алып берди. Анткени Машайак чыныгы ыйык жайдын үлгүсү боюнча колго жасалган ыйык жайга эмес, азыр биз үчүн Кудай алдында туруу үчүн асмандын өзүнө кирди»,— деп жазган (Эврейлерге 9:11, 12, 24).

17 Машайак асманга кадимки канын алып кете албайт  болчу (1 Корунттуктарга 15:50). Анын ордуна ал ошол канды символдоштурган нерсени — курмандыкка берилген жеткилең адамдык өмүрүнүн баасын — алып кеткен. Анан күнөөкөр адамзат үчүн кун катары берилген өмүрүнүн баасын Кудайга расмий түрдө тапшырган. Жахаба ал курмандыкты кабыл алды беле? Ооба, бул б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Иерусалимде 120 шакиртке ыйык рух түшкөндө айкын болгон (Элчилер 2:1—4). Ошондон тартып кун өзүнүн эң сонун жемиштерин бере баштаган.

Кун аркылуу тийген баталар

18, 19. а) Машайактын каны аркылуу гана мүмкүн болгон элдешүү адамдардын кайсы эки тобуна пайда алып келүүдө? б) Кун «эбегейсиз көп адамдарга» азыр жана келечекте кандай баталарды алып келет?

18 Пабыл Колостуктарга жазган катында Кудайдын Ыйсанын кыйноо мамысында төгүлгөн каны аркылуу тынчтык орнотуп, Машайак аркылуу бардыгын өзү менен элдештирүүнү туура көргөнүн түшүндүрүп берген. Пабыл элдештирүү эки топко — «асмандагы» жана «жердеги» топко — тиешелүү болгонун кошумчалаган (Колостуктарга 1:19, 20; Эфестиктерге 1:10). Биринчи топко асманда ыйык кызмат кылуучу катары кызмат кылууга жана Машайак Ыйса менен бирге падышалар катары жерди башкарууга үмүт берилген Ыйсанын 144 миң жолдоочусу кирет (Аян 5:9, 10; 7:4; 14:1—3). Алар аркылуу миң жылдын ичинде тил алчаак адамзатка кундун аркасында гана мүмкүн боло турган баталар бериле берет (1 Корунттуктарга 15:24—26; Аян 20:6; 21:3, 4).

19 Ал эми «жердегилер» — жер бетинде болуучу Бейиште жеткилең өмүр ала турган адамдар. Аян 7:9—17-аяттарда алар келечекте боло турган «улуу кайгыдан» аман өтүүчү «эбегейсиз көп адамдар» деп аталган. Бирок кун аркылуу тийчү баталар аларга келечекте эле берилбейт. Ал адамдар азыртадан эле «өздөрүнүн кийимдерин жууп... Козунун канына агартышкан» жана кунга ишеним көрсөтүүнүн аркасында рухий баталарды алып жатышат. Алар адил адамдар катары жарыяланып, Кудай менен достук мамиле  өрчүтүшүүдө (Жакып 2:23). Ыйсанын курмандыгынын аркасында алар «ырайым тактысына кайраттуулук менен» жакындай алышат (Эврейлерге 4:14—16). Алардын күнөөлөрү толугу менен кечирилет (Эфестиктерге 1:7). Жеткилеңсиз болушса да алар таза абийирге ээ (Эврейлерге 9:9; 10:22; 1 Петир 3:21). Кудай менен келечекте эле эмес, азыр да элдешүүгө болот! (2 Корунттуктарга 5:19, 20). Машайактын Миң жылдык Падышалыгында бул адамдар «жок болуу кулдугунан» акырындык менен бошонушуп, «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгышат» (Римдиктерге 8:21).

20. Кун тууралуу ой жүгүртүү сенде кандай сезимдерди туудурат?

20 Кун үчүн «Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык» билдиребиз! (Римдиктерге 7:25). Кундун төлөнүшүн жөнөкөй эле принцип талап кылса да, Жахабанын иш-аракетинин негизинде жаткан терең маани бизди таң калтырып, кастарлоо сезимин туудурат (Римдиктерге 11:33). Кун үчүн болгон ыраазычылык сезими жана ал тууралуу терең ой жүгүртүү жүрөгүбүздү козгоп, Жахабага, адилеттиктин Кудайына, ого бетер жакындоого түрткү берет. Забурчу «акыйкат менен адилеттикти сүйгөн» Жахабаны даңктаган, бизде да ошентүүгө бардык негиздер бар (Забур 32:5).

^ абз. 11 Кун Адам ата менен Обо энеге пайда алып келген эмес. Атайылап киши өлтүргөндөргө карата Мусанын мыйзамында төмөнкүдөй принцип бар болчу: «Киши өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла» (Сандар 35:31). Адам менен Обо өлүмгө татыктуу болушканы талашсыз, анткени Кудайга билип туруп баш ийбей коюшкан. Ошондон улам алар түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылышкан.

^ абз. 15 Адам атанын күнөөсүн жабуу үчүн Ыйса жеткилең бала катары эмес, жеткилең киши катары өлүшү керек болчу. Анткени Адам бардыгын эң сонун билип туруп күнөө кетирген. Ал кылган иши канчалык олуттуу экенин жана кесепети кандай болорун да толук түшүнгөн. Андыктан «акыркы Адам» болуш үчүн жана күнөөнү жабыш үчүн Ыйса терең ойлонуп, түшүнүү менен чечим чыгарышы, ошондой эле Жахабага болгон актыгын сакташы керек болчу (1 Корунттуктарга 15:45, 47). Анын өмүрүн курмандыкка бергенге чейин ишенимдүүлүк менен кызмат кылышы «бир Адамдын адилдиги аркылуу... акталууга» жол ачкан (Римдиктерге 5:18, 19).