Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабага жакында

 13-БӨЛҮМ

Жахабанын мыйзамы жеткилең

Жахабанын мыйзамы жеткилең

1, 2. Эмне үчүн көптөр мыйзамды барк алышпайт жана биз Кудайдын мыйзамын кандайча сүйө алабыз?

«АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ мыйзам аркылуу жетүүгө умтулуу түбү жок аңга таш ыргытканга тете». Бул сөздөр 1712-жылы чыккан китептен алынган. Анын жаратманы сот иштеринин кээде айлап-жылдап созулганынан улам адилеттүүлүккө умтулган адамдар жабыркап жатканы үчүн укуктук түзүлүштү ашкерелеген. Көптөгөн өлкөлөрдө укуктук түзүлүштөр абдан татаал жана бири-бирине карама-каршы келип, адилетсиздикке, бейкалыстыкка өбөлгө түзгөндүктөн, көптөр мыйзамды барк албай калышты.

2 Эми муну 2 700 жыл мурун жазылган: «Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм!» — деген сөздөр менен салыштырып көрөлү (Забур 118:97). Эмне себептен забурчу мыйзамды мынчалык жакшы көргөн? Анткени ал даңктаган мыйзамды кайсы бир өкмөт эмес, а Жахаба Кудай берген болчу. Жахабанын мыйзамдарын тереңирээк изилдеп чыгуу сенде да забурчунукундай сезимди туудурары талашсыз. Мындай изилдөө бүт Аалам боюнча адилеттүүлүктү эң мыкты чагылдыргандын Өзүн билүүгө жардам берет.

Улуу Мыйзам Чыгаруучу

3, 4. Жахаба өзүн Мыйзам Чыгаруучу катары кандайча көрсөткөн?

3 «Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирөө»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Жакып 4:12). Ооба, жалгыз гана Жахаба — чыныгы Мыйзам Чыгаруучу. Атүгүл асман телолорунун кыймылынан өйдө ал бекиткен асман «мыйзамдарына» баш иет (Аюб 38:33). Түмөндөгөн периштелердин да Кудайдын мыйзамдарына баш ийишери алардын эң сонун уюшкандыгынан жана ар биринин Жахабанын жетекчилиги астында анын кызматчысы катары өз милдетин аткарганынан көрүнүп турат (Забур 103:4; Эврейлерге 1:7, 14).

4 Жахаба адамзатка да мыйзамдарды берген. Ар бирибиз  Кудайдын адилеттик сезимин чагылдырган абийирге ээбиз. Ички мыйзам сыңары ал бизге жакшыны жамандан ажырата билүүгө жардам берет (Римдиктерге 2:14). Түпкү ата-энебиздин абийири жеткилең болгондуктан, алар бир нече эле мыйзамга муктаж болчу (Башталыш 2:15—17). Ал эми жеткилең эмес адамдар, Кудайдын эркин аткаруу үчүн, бир топ мыйзамдарга муктаж. Нух, Ыбрайым жана Жакып сыяктуу аксакалдар мыйзамдарды Жахаба Кудайдан алышкан жана алар үй-бүлөдөгүлөрүнө үйрөтүшкөн (Башталыш 6:22; 9:3—6; 18:19; 26:4, 5). Бирок Муса аркылуу ысрайыл элине мыйзам жыйнагын бергенде Жахаба өзүн өзгөчө түрдө Мыйзам Чыгаруучу катары көрсөткөн. Ошол мыйзам жыйнагын жакшылап карап чыгуу бизге Жахабанын адилеттик сезимин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Мусанын мыйзамы тууралуу жалпы түшүнүк

5. Мусанын мыйзамы татаал буйруктардын узун тизмеси болгонбу жана эмне үчүн минтип жооп бердиң?

5 Көптөр Мусанын мыйзамын татаал буйруктардын узун тизмесиндей элестетишет. Бирок такыр андай эмес. Анда 600дөн ашуун мыйзам камтылат. Адеп караганда, бул чоң сандай көрүнүшү мүмкүн, бирок ойлонуп көрсөңөр, мисалы, Кошмо Штаттардын Федералдык мыйзамы XX кылымдын аягында 150 миң бетти ээлеген. Ал эми ар бир эки жыл сайын ага 600 жаңы мыйзам кошулуп турат! Ооба, Мусанын мыйзамы адамдар чыгарган мыйзамдарга салыштырмалуу кенедей эле болуп калат. Анткен менен Кудайдын ысрайылдыктарга берген Мыйзамы атүгүл азыркы заманбап мыйзамдар эске албаган жашоо тармактарын да камтыган. Алардын айрымдарын карап көрөлү.

6, 7. а) Мусанын мыйзамы башка мыйзам жыйнактарынан эмнеси менен айырмаланат жана андагы эң улуу осуят кайсы? б) Жахабанын эгедерлигине баш ийишерин ысрайылдыктар кантип көрсөтө алышмак?

6 Мыйзам Жахабанын эгедерлигин улуктаган. Дал ушу себептен Мусанын мыйзамы башка бардык мыйзам жыйнактарынан жогору турат. Андагы эң улуу осуят бул болгон: «Кулак сал, Ысрайыл: силердин Кудай-Теңириңер — бир Кудай. Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык  күч-кубатың менен сүй». Ысрайылдыктар Жахабага сүйүүсүн кандайча көрсөтө алышмак? Анын эгедерлигине баш ийип, ага кызмат кылуу менен (Мыйзам 6:4, 5; 11:13).

7 Жахабанын эгедерлигин кабыл алуу бийлик берилген адамдарга баш ийүүнү билдирген. Кудай бийликти ата-энелерге, уруу башчыларына, сотторго жана ыйык кызмат кылуучулар менен падышаларга берген. Аларга каршы чыккан адамды Жахаба өзүнө каршы чыккандай эсептечү. Ошол эле учурда бийлиги барлардын арасынан кимдир бирөө адилетсиздик же текебердик менен иш кыла турган болсо, андай адам Жахабанын каарына кабылмак (Чыгуу 20:12; 22:28; Мыйзам 1:16, 17; 17:8—20; 19:16, 17). Ушу эки учурда тең ысрайылдыктарга Жахабанын эгедерлигин колдоо зарыл болчу.

8. Жахабанын ыйыктыкка байланыштуу нормаларын Мыйзам кандайча колдогон?

8 Мыйзам Жахабанын ыйыктыкка байланыштуу нормаларын чагылдырган. Түпнускада «ыйык» жана «ыйыктык» деген сөздөр Мусанын мыйзамында 280ден ашык жолу кездешет. Мыйзам элге тазаны таза эместен айырмалоого жардам берген. Анда ысрайылдык адамдын таза эмес болуп калышына 70ке жакын себеп бар экени көрсөтүлгөн, ошондой эле гигиенага, тамак-ашка, атүгүл таза эмес нерселерди жок кылууга байланыштуу суроолор камтылган. Мыйзам ысрайылдыктарга денсоолуктарын сактоого эң сонун жардам берген *. Бирок анын негизги максаты ысрайыл элине Жахабанын жактыруусунан айрылып калбоого жана тегерегиндеги бузулган элдерде кеңири таралган арам каада-салттардан оолак болууга жардам берүү болгон. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү.

9, 10. Мыйзам келишимине жыныстык катнашуу менен төрөткө байланыштуу кандай мыйзамдар кирген жана алар эмнеси менен пайдалуу эле?

9 Мыйзам келишимине ылайык, жыныстык катнашуудан кийин же бала төрөгөндө адам, атүгүл никеде турса да, бир нече  убакытка чейин таза эмес деп эсептелчү (Лебилер 12:2—4; 15:16—18). Бирок мындай мыйзамдар Кудайдын бул асыл белектери арам дегенди билдирген эмес (Башталыш 1:28; 2:18—25). Тескерисинче, андай мыйзамдар Жахабанын ыйыктыгын чагылдырып, кызматчыларын арамдалып калуудан коргогон. Ысрайылдын айлана-чөйрөсүндөгү элдерде жалган кудайларына табынуусу жыныстык катнашуу жана түшүмдүүлүккө байланыштуу үрп-адаттар менен коштоло турган. Канаандыктардын дининде эркектердин жана аялдардын бузукулук кылышына да жол берилген. Ал убактагы коом мурун болуп көрбөгөндөй деңгээлде бузулган эле. Ал эми Мусанын мыйзамы Жахабага болгон сыйынуунун жыныстык мамилелер менен коштолушуна түк да жол берген эмес *. Мындай эрежелер башка жактан да пайда алып келген.

10 Ал мыйзамдардан эл бир маанилүү чындыкка үйрөнүшү керек болчу *. Адам атанын күнөөсү укумдан-тукумга кандайча өткөн? Так ошо жыныстык катнашуу жана балдардын төрөлүшү аркылуу эмеспи? (Римдиктерге 5:12). Ооба, Кудайдын мыйзамы ысрайылдыктарга күнөө качып кутулгус реалдуу нерсе экенин эскертип турган. Чынында эле, баарыбыз төрөлгөндөн эле күнөөлүүбүз (Забур 50:7). Ошондуктан ыйык Кудайыбызга жакындоо үчүн, баарыбыз кечирилүүгө жана куткарылууга муктажбыз.

11, 12. а) Адилеттүүлүккө байланыштуу суроолордо Мыйзам кайсы маанилүү принципти коргогон? б) Мыйзам адилеттүүлүктүн сакталышына кандай шарт түзгөн?

11 Мыйзам Жахабанын жеткилең адилеттүүлүгүн чагылдырган. Адилеттүүлүккө байланыштуу суроолордо Мусанын мыйзамы теңдүүлүк принцибин коргогон. Анда минтип айтылган: «Жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка  бут болсун» (Мыйзам 19:21). Кылмыш иштеринде жаза жасалган кылмышка жараша берилиши керек болчу. Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырган бул принцип Мыйзамда башынан аягына чейин баса белгиленет жана азыркыга дейре Ыйса Машайактын эмне себептен курмандыкка чалынганын түшүнүүгө жардам берет; буга 14-бөлүмдө кененирээк токтолобуз (1 Тиметейге 2:5, 6).

12 Ошондой эле Мыйзам адилеттиктин сакталышына шарт түзгөн. Мисалы, кимдир бирөөнү жоопко тартуу үчүн, аз эле дегенде, эки күбө талап кылынчу. Ал эми жалаа жапкан адам катуу жазалана турган (Мыйзам 19:15, 18, 19). Паракордукка да катуу тыюу салынган (Чыгуу 23:8; Мыйзам 27:25). Атүгүл соода иштеринде да Жахабанын эли анын адилеттүүлүгүн чагылдырган бийик нормаларга карманышы керек болчу (Лебилер 19:35, 36; Мыйзам 23:19, 20). Адеп-ахлактуулук менен адилеттүүлүктү чагылдырган ал мыйзамдар жыйнагы ысрайыл эли үчүн кандай гана зор бата болгон!

Ырайымдуулук менен адилеттикти чагылдырган Мыйзам

13, 14. Ууруга да, жабыр тартканга да адилеттүү мамиле жасалышына Мыйзам кандай өбөлгө түзгөн?

13 Мусанын мыйзамы ырайымдуулукту чагылдырбаган катуу эрежелердин тизмеси болгонбу? Түк да! Дөөт падыша төмөнкү сөздөрдү жазууга шыктандырылган: «Кудайдын Мыйзамы жеткилең» (Забур 18:8). Ал Мыйзамдын ырайымдуулук менен адилеттүүлүктү чагылдырарын жакшы билген. Кандайча?

14 Азыркы учурда көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында жабыр тарткандарга кам көрүүгө караганда, кылмышкерлерге көбүрөөк көңүл бурулат шекилдүү. Мисалы, уурулар жаза мөөнөтүн түрмөдө өткөрүшөт. Ал эми залал көргөндөр болсо, келтирилген зыяндын азабын да тартып, ошол эле учурда түрмөдө жаткандардын тамак-ашы, жаткан жери үчүн салык да төлөшөт. Байыркы Ысрайылда азыркыдай түрмөлөр болгон эмес. Кантип жана канчалык деңгээлде жазалоо керектигине карата белгилүү бир жоболор боло турган (Мыйзам 25:1—3). Уурудан келтирген зыянынын ордун толтуруу жана жабыр тарткан адамга кошумча компенсация төлөө талап  кылынчу. Канчалык өлчөмдө? Ар кандай. Бардык жагдай-шартты, ошондой эле күнөөкөрдүн канчалык деңгээлде өкүнгөнүн аныктоо, сыягы, сотторго тапшырылган. Бул Лебилер 6:1—7-аяттарда айтылган кошумча компенсациянын өлчөмү Чыгуу 22:7де айтылганга караганда эмне үчүн бир топ эле аз экенин түшүндүрөт.

15. Кимдир бирөөнү кокустан өлтүрүп алган адамга ырайымдуу, ошол эле учурда адилеттүү мамиле жасалышына Мыйзам кандай өбөлгө түзгөн?

15 Мыйзамда кээ бир кылмыштардын атайы жасалбаганы да ырайымдуулук менен эске алынган. Маселен, кимдир бирөөнү кокустан өлтүрүп алган адам туура иш-аракет жасап, Ысрайылдын ар кайсы жеринде жайгашкан баш калкалай турган шаарлардын бирине качса, «жанга жан» жазасынан кутула алмак. Соттор тергөө жүргүзгөндөн кийин, андай адам ал жерде башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин калышы керек болчу. Андан кийин шаардан чыгып, каалаган жерине отурукташа алмак. Мунун баары Кудайдын ырайымдуулугун чагылдырып турган. Ошол эле учурда мындай мыйзам адамдын өмүрүнүн баалуу экенин баса көрсөткөн (Сандар 15:30, 31; 35:12—25).

16. Мыйзам адамдын жеке укуктарын кандайча коргогон?

16 Мыйзам адамдын жеке укуктарын да коргогон. Мисалы, бересеси барларды кандайча коргогонун карап көрөлү. Карызкор адамдын үйүнө кирип барып, бир нерсесин күрөөгө алууга Мыйзамда тыюу салынган. Ал өзү күрөөсүн алып чыгып бермейин, аласасы бар адам сыртта күтүп турушу керек болчу. Ушундай жол менен бирөөнүн мүлкүнө кол салуу туура эмес экени көрсөтүлгөн. Эгерде кимдир бирөө күрөөгө кийим алса, түнүчүндө карызкор үшүп калбашы үчүн, аны күн батканга чейин кайрып берүүсү талап кылынчу (Мыйзам 24:10—14).

17, 18. Согушка байланыштуу иштерде ысрайылдыктар башка элдерден эмнеси менен айырмаланган жана эмне үчүн?

17 Мыйзамда атүгүл согуш жүргүзүүгө байланыштуу жоболор да камтылган. Кудайдын эли согушка бийликке ээ болуу же ээлигин кеңейтүү максатында эмес, «Жахабанын согуштарында» анын эркин аткаруу үчүн чыгышчу (Сандар 21:14, «ЖД»). Көпчүлүк учурларда ысрайылдыктар адегенде шаарга багынып берүүнү сунуш кылышы керек болчу. Эгер анын  тургундары макул болбосо, ысрайылдыктар шаарды курчоого алышчу, бирок ошондо да Кудайдын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылууга тийиш эле. Мындан айырмаланып, адамзат тарыхындагы согуштарда аскерлер эмнелерди гана жасап келишкен жок, ал эми Ысрайыл аскериндеги эркектерге аял зордуктоого жана баарын бирдей өлтүрө берүүгө тыюу салынган. Аларга атүгүл айлана-чөйрөнү сактоого жана душмандарынын жериндеги мөмө-бактарды кыйбоого буйрук берилген *. Башка бир да аскерде мындай буйруктар жыйнагы болгон эмес (Мыйзам 20:10—15, 19, 20; 21:10—13).

18 Азыр айрым өлкөлөрдө жаш балдарды да аскер кызматына даярдап жатканын укканыңарда денебоюңар дүркүрөбөй коёбу? Ал эми байыркы Ысрайылда аскер кызматына 20 жаштан өйдөкү эркектер гана чакырылчу (Сандар 1:2, 3). Өтө эле коркоктор аскер кызматынан бошотула турган. Ошондой эле ал жакта көптөгөн коркунучтуу иштер боло тургандыктан, жаңы үйлөнгөндөр, мураскорун көрүп калышы үчүн, бир жылга чейин аскерге алынчу эмес. Мыйзамда түшүндүрүлгөндөй, бул жаңы үйлөнгөн адамга аялынын «көңүлүн ачышына» да мүмкүндүк берген (Мыйзам 20:5, 6, 8; 24:5).

19. Мыйзамда аялдарды, балдарды жана жетим-жесирлерди коргогон кандай жоболор камтылган?

19 Мыйзам ошондой эле аялдар менен балдардын укугун коргоп, үй-бүлөлүк түзүлүштү урматтоого да чакырган. Ата-энелерге балдарына дайыма көңүл буруп, аларды рухий жактан насааттоо буйрук кылынган (Мыйзам 6:6, 7). Жакын тууганы менен жыныстык мамиледе болгон адамдын өлүм жазасына тартылары эскертилип, андай иштин бардык түрүнө тыюу салынган (Лебилер 18-бап). Мындан сырткары, Мыйзамда ойноштук кылууга да тыюу салынган, анткени ал көп учурда үй-бүлөнүн бузулушуна жана адамдын ишенимден чыгып, кадыр-баркынын кетишине алып келет. Мыйзамда жетим-жесирлерге кам көрүү буйрук кылынып, аларга ырайымсыз мамиле жасоого катуу тыюу салынган (Чыгуу 20:14; 22:22—24).

20, 21. а) Эмне үчүн Мыйзам ысрайылдыктардын арасында полигамиянын болушуна жол берген? б) Ажырашууга байланыштуу Мыйзамда айтылгандар Ыйса калыбына келтирген талаптардан эмне үчүн айырмаланган?

 20 Бирок буга байланыштуу төмөнкүдөй суроо туулушу мүмкүн: «Эмне үчүн Мыйзам полигамияга (көп аял алууга) жол берген?» (Мыйзам 21:15—17). Мунун себебин түшүнүү үчүн, ошол убактагы абалды эске алуу керек. Мусанын мыйзамына азыркы маданият же жашоо тартип боюнча караган адамдарда суроолордун туулушу талашсыз (Накыл сөздөр 18:13). Жахабанын Эйденде бекиткен нормасына ылайык, нике — бир эркек менен бир аялдын ортосунда гана түзүлүүчү бекем келишим (Башталыш 2:18, 20—24). Бирок Жахаба ысрайыл элине Мыйзам берген убактарда полигамия сыяктуу нерселер жүздөгөн жылдар мурун эле болуп келген жана кеңири тараган болчу. Жахаба «тоң моюн элинин» атүгүл бурканга сыйынуучулукка тыюу салынган негизги осуяттарды бузарын алдын ала билген (Чыгуу 32:9). Андыктан ал, акылмандык кылып, ошо кезде никеге карата чоң өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура көргөн эмес. Ошондой эле полигамияны Жахаба негиздебегенин да эстен чыгарбоо керек. Ал өз элинин арасындагы полигамияны жөнгө салуу жана андай жашоо мүнөзүнүн кесепетинен пайда болуучу кыянаттык иштерден алдын ала сактоо максатында гана Мусанын Мыйзамын колдонгон.

21 Ошондой эле Мусанын мыйзамында, эгер олуттуу себептер болсо, эркек кишиге ажырашууга да жол берилген (Мыйзам 24:1—4). Ыйса айткандай, Кудай буга алардын «таш боор болгондугунан улам» жол берген, бирок убактылуу гана. Ыйса шакирттери үчүн Жахабанын никеге карата башында бекиткен талаптарын кайрадан калыбына келтирген (Матай 19:8).

Сүйүүгө өбөлгө түзгөн Мыйзам

22. Мусанын мыйзамы сүйүүгө кандайча үндөгөн жана аны кимдерге карата көрсөтүү керек болчу?

22 Азыр кайсы бир өлкөдө сүйүүгө үндөгөн мыйзам кабыл алынганын элестете аласыңбы? Мусанын мыйзамында сүйүү баарынан жогору коюлган. Мыйзамды кайталоо китебинде эле «сүйүү» деген сөздүн 20дан ашуун формасы колдонулган.  «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй»,— деген осуят Мыйзамдагы улуу осуяттардын экинчиси болгон (Лебилер 19:18; Матай 22:37—40). Кудайдын эли мындай сүйүүнү бири-бирине эле эмес, өзүлөрү бир кезде келгин эл болгонун эске алып, келгиндерге да көрсөтүшү керек болчу. Ошондой эле алар кедей-кембагалдар менен кыйналгандарга сүйүү көрсөтүп, материалдык жактан кам көрүшү зарыл болчу жана алардын кандайдыр бир кемтиктерин кыянаттык менен пайдаланбашы керек болчу. Атүгүл жүк жүктөлгөн малга да аяр мамиле кылуу талап кылынган (Чыгуу 23:6; Лебилер 19:14, 33, 34; Мыйзам 22:4, 10; 24:17, 18).

23. Забур 118-бапты жазган адам эмне кылууга түрткү алган жана биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

23 Башка дагы кайсы элде ушундай мыйзам жыйнагы бар эле?! «Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм!» — деп забурчу бекеринен айтпаса керек. Бирок анын жакшы көрүүсү жөн эле сезим эмес болчу. Мыйзам ага осуяттарды аткарып, аларга ылайык жашоого түрткү берген. Андан ары забурчу: «Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном»,— деп сөзүн улаган (Забур 118:11, 97). Ооба, ал Жахабанын мыйзамдарын окууга дайыма убакыт тапкандыктан, аларга болгон сүйүүсү өскөн. Анын аркасында Мыйзам Чыгаруучуга, Жахаба Кудайга, болгон сүйүүсү да арта берген. Кудайдын мыйзамдарын изилдөө сага да Улуу Мыйзам Чыгаруучу жана адилеттиктин Кудайы Жахабага жакындоого жардам берсин!

^ абз. 8 Мисалы, заң-заараны көмүп туруу, оорулууну элден бөлөк кармоо жана өлүккө тийгенден кийин жуунуу сыяктуу талаптар бөлөк элдер аларды сактай баштаганга чейин жүздөгөн жылдар мурун эле Ысрайылга берилген болчу (Лебилер 13:4—8; Сандар 19:11—13, 17—19; Мыйзам 23:13, 14).

^ абз. 9 Ал кездерде канаандыктардын ийбадатканасында жыныстык катнашуу үчүн атайын бөлмөлөр бөлүнүп коюлса, Мусанын мыйзамы таза эмес адамдын атүгүл ийбадатканага киришине тыюу салган. Жыныстык катнашуудан кийин адам бир нече убакытка дейре таза эмес болуп эсептелгендиктен, Жахабанын үйүндө сыйынууга андай иштерди аралаштыруу мыйзамга каршы келген.

^ абз. 10 Мыйзамдын негизги максаты окутуу болчу. «Жүйүт энциклопедиясында» белгиленгендей, «мыйзам» деп которулган тора́ деген эврей сөзү «насааттоо» дегенди билдирет («Encyclopaedia Judaica»).

^ абз. 17 Мыйзамда: «Анткени талаадагы дарактар сенден качып кеткидей, адам эмес»,— деп абдан так айтылган (Мыйзам 20:19). Биринчи кылымдагы жүйүт философу Филон «адамдарга ачууланганда аны эч жазыгы жок нерселерден чыгаруу» Кудайдын көз алдында адилетсиздик болуп эсептелгенин түшүндүргөн.